Басма сөз баянаты

Рамазан айты менен куттуктоо

Басма сөз баянаты

Хижрий 1441-жылдын шаввал хилалын текшерүүнүн натыйжасы жана мубарек Рамазан айты менен куттуктоо

Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, ла илаха иллаллоху Аллаху Акбар, Аллаху акбар ва лиллахил хамд

Бисмиллахир Рохманир Рохим. Бүткүл ааламдардын, бүткүл маклуктардын, хилал жана убакыттын Роббиси, улуу арш ээси Аллахка мактоолор болсун. Мамлекет тикелеп, Умматты түптөгөн сайидибиз Мухаммад мустафага, ал кишинин үй-бүлөсүнө жана сахабаларына саламдар болсун.

Имам Ахмад Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти келтирди, Мухаммад ибн Зияд айтат: «Мен Абу Хурайра розияллоху анхунун мындай дегенин уккам: Набий ﷺ же Абу Касим ﷺ айткан:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»

«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, күн бүркөө болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».

Бүгүн, шейшембиден шаршембиге өткөн түнү шаввал хилалы (жаңырган айы) күзөтүлгөндөн кийин хилал шаръий түрдө көрүлгөнү өз тастыгын таппады. Ушуга ылайык, демек эртең шаршемби, инша Аллах, рамазан толук аягына жеткирилип, отуз күн кылынат, эртеси, бейшемби күнү – шаввал айынын о.э. мубарек рамазан айтынын биринчи күнү болот.

Хизб-ут-Тахрир мубарек рамазан айты менен бүткүл Ислам Умматын куттуктайт. Аллах Тааладан келерки жылдагы айтты Ислам мамлекети тикеленген, динибизди үстөм кылып, байрагын кеңири жайган абалда күтүп алышыбызды насип кылышын сурайбыз.

Өз кезегинде, мен да, өзгөчө өзүмдүм атымдан о.э. Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы жана басма сөз бөлүмүнүн кызматкерлери атынан Хизб-ут-Тахрир амири улуу аалым Ата ибн Халил Абу Роштаны куттуктаймын. Аллах Тааладан Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыктын тикелениши жана Ислам Умматына үстөмдүк берилиши туурасындагы Расулуллах ﷺдын башаратын амирибиз жетектеген ушул даъват аркылуу жүзөгө чыгаруусун сурайбыз.

Бул жылдагы Рамазан да азап-кыйынчылыктарсыз келбеди. Ислам Умматы дагы эле бул кыйынчылыктардан азап тартууда. Бул азап-кыйынчылыктар Акса мечитинде о.э. Яман, Сирия, Бангладеш, Пакистан, Афганистан, Судан, Нигер, Кыргызстан, Россия жана Сомалиде болуп жаткандай түздөн-түз болууда же Ирак, Мисир, Индия сыяктуу өлкөлөрдө болуп жаткандай акимдердин кайдыгерлиги жана коррупциясы себептүү болууда. Бул берекелүү Рамазан айында мусулман өлкөлөрүндө 200 миллиондон ашык адам аз тамактанып, Яман жана Сирия калкынын жарымы ачкалыктан кыйналууда. Башка исламий өлкөлөрдө да жакырчылык көрүнүштөрү өкүмдар. Ал тургай, намазыбыз да акимдердин малайлыгынан жана жахилдигинен аман калбады. Себеби, алар жаңы түрдөгү пандемияны тизгиндей албай, мусулмандарды мечиттерден четтетип, жамаат намаздарынын көрүнүшүн бузушууда…

Эй мусулмандар, эй адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы Уммат!

Өлкөлөрү Индия океаны менен Тынч океанындагы суу жолдорун өз ичине алган, деңизчилери Жер Ортолук деңиз, Кызыл деңиз жана Кара деңиздин ээлери болгон Уммат кантип мындай абалга түшүп калды?! Кургактык, деңиз жана аба аймактары дүйнөлүк соода жолдорун өз ичине алган, өтмөктөрү болсо аскерий навигациянын таянычы болгон Уммат кантип мындай абалга түшүп калды?! Калкы дүйнө байлыктарынын негизги бөлүгү жайгашкан жерде жашаган, инсаний энергия дагы да өсүп жаткан өлкө кантип мындай абалга түшүшү мүмкүн?! Индия, Кытай жана Россияны курчоого алуу, АКШнын эл аралык гегемониясына чекит коюу, Европа таасирин Африка континентинен жок кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ Уммат кантип мындай абалга түшүп калды?!

Мунун жообу мындай: «Уммат Халифалык кийимин чечкенде, Аллах ага кордук жана шерменделик кийимин кийдирди». Халифа Умар ибн Хаттаб розияллаху анху: «Биз – Аллах Ислам менен кубаттуу кылган калкпыз. Эгер күч-кубатты Исламдан башка тараптан издесек, Аллах бизди кор кылат», – деген. Демек, бүткүл калктарга жана улуттарга Халифалык айбаты кайтып келмейинче, Ислам жана мусулмандардын айбаты кайтпайт.

Эй мусулмандар, эй муфаккирлер жана медиа ээлери!

Умматтын коомдук пикири – Халифалыктын тарапкери. Бирок, Уммат бул долбоорду түшүндүрүп бере турган кишиге муктаж. Батыш бул абалдан кабардар. Ушул себептен улам, өкүмдарлык калыс Аллахтын шариятына өтпөшү, Уммат кайрадан бутка турбашы үчүн Батыш силердин колуңар менен Исламга жат пикирлерди Халифалык түшүнүгүнө аралаштырууга аракет кылууда. Муфаккирлер катары, бүгүнкү кылымга шарият жооп бербейт, деген күмөндөрдөн кутулуунун убагы келди. Бул пикир – Аллах сактасын – куфр эшиктеринин бири. Себеби, шарият бүгүнкү күн жана Кыямат күнүнө чейин жарала турган бардык адамдар үчүн келген. Мунун ишке ашуу маселесине келсек, бийликти алууга жана бүгүнкү жаңы дүйнөгө жетекчилик кылууга Ислам ылайыктуу экенин түшүнүп жетишиңер үчүн Хизб-ут-Тахрир Куръан, сүннөт, сахабалар ижмасы жана кеңири исламий мурастан жетиштүү маалыматтарды көрсөтүп берди. Уммат өз мамлекетин тикелеши үчүн Хизб башкаруу тармагынан тартып, экономика, социалдык, сакафат, сот, идеология, саясат сыяктуу тармактарга чейинки бардык маселелерди кеңири баяндап берди. Хизб сакафаты кожоюндукту Исламдан алынган, куфр пикирлеринен жана мыйзамдарынан кымындай аралашпаган шариятка таандык кылган.

Эй мусулмандар, эй күч-кубат ээлери!

Мусулман акимдери Батышта конференцияларда кожоюндары менен бирге жүрүшкөнүн, мусулман өлкөлөрүндөгү калктарды фиръавндар сыяктуу минип алышканын көрүп, мындай арамзалыктан каныңар кайнабайбы?! Франциянын Пайгамбарыңарды акааратташы, Американын диниңерге карата ыплас аракеттери силерди аракетке келтирип, Абу Бакр Сыддыктын эрдигин козгобой жатабы?! Шам муслималарынын намысы тебеленгени туурасындагы  билдирүүлөр силерди Муътасим сыяктуу атылып чыгууга үндөбөй жатабы?! Аллахтын тузагына түшүүдөн сактангыла. Аллахка ант, Ал силерди вахн менен сынап жатат… Демек, ажал силерди капыстан кармап калышынан о.э. Аллах ордуңарга силерге караганда жакшырагын алып келишинен мурда Хизб-ут-Тахрирдин рошид Халифалыкты тикелөө долбооруна нусрат-жардам берүү менен ушул вахндан кутулууга шашылгыла. Аллах Таала айтат:

﴿وَإِن تَتَوَلَّوْا يَسْتَبْدِلْ قَوْماً غَيْرَكُمْ ثُمَّ لا يَكُونُوا أَمْثَالَكُمْ﴾

«Эгер, силер жүз үйрүп кетсеңер, Ал силерден башка бир коомду алмаштырып коёт, кийин алар силерге окшош болбойт!»                                                                        [47:38]

Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар, ла илаха иллаллоху Аллаху Акбар, Аллаху Акбар ва лиллахил хамд.

Рамазан айтыңар мубарек болсун.

Вассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Хижрий 1442-жылдын рамазан айынын акыркы отузунчу күнү

Миладий 2021-жыл, 12-май.

 

Мухандис Салахиддин Азаза

Хизб-ут-Тахрирдин

Борбордук маалымат бөлүмүнүн төрагасы

 

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

8 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago