Орозо Айт (ийд-уль-фитр) куттуктоосу
Урматтуу мумин-мусулман бир туугандар, сиздерди Рамазан Айты менен куттуктайбыз.
Хадиси кудсийде Аллах Азза ва Жалла: «Адам баласынын ар бир кылган иши анын өзү үчүн, бир гана орозосу мындан сырткары. Себеби, ал Мен үчүн жана анын сыйлыгын Мен Өзүм берем», – дейт.
Урматтуу бир туугандар, Аллах үчүн туткан орозоңуздар кабыл болуп, Аллах анын ажрын берген болсун.
Набий J: «Кимде-ким орозо туткан кишиге ифтар кылып берсе, ал үчүн орозо туткан кишинин сообунча сооб болот, бирок бул нерсе орозо туткандын сообунан эч бир нерсени кемитпейт», – деди.
Аллахым араңыздардан ифтар кылып бергендердин сообун толук берген болсун.
“Экстремизм” жалган жалаасы жабылып абактарда жаткан бир туугандарыбыз да орозолорун калыстык менен кармашкандыктарынын кабарлары келип жатты. Аллахым алардын ажрын ашыгы менен берген болсун. Анткени, алар Аллах жолунда азарланып жатып да, Аллахтын өкүмдөрүн аткарып жатышат.
Набий J айтты: «Бейиште бир эшик болуп, ал «Райян» деп аталат. Кыямат күнүндө андан орозо туткандар гана кирет. Алардан башка эч бир киши андан кире албайт. «Орозо туткандар каякта?» – деп суралат. Орозо туткандар орундарынан турушат. Ал эшиктен алардан башка эч бир киши кирбейт. Орозо туткандар киришкенден кийин эшик жабылат, андан соң эч бир киши кирбейт».
Аллахым сиздерге Райян бейишин насиб этсин.
Үзүрлөрү себебдүү орозо тута албай калып, ага акы төлөгөндөрдүн фидясын Аллахым кабыл алган болсун.
Рамазан Айты – калыс орозо туткандардын майрамы. Анткени, Росулуллох (с.а.в.): «кайсы бир пенде сооб үмүт кылып, Аллахтын раазылыгын көздөп орозо тутса, анын мурунку кылган күнөөлөрү кечирилет», – деди.
Пайгамбар(с.а.в) дагы: «Ким жалган, бухтан сөздөрдү сүйлөөнү жана аларга амал кылууну таштабаса, Аллах анын жеп-ичүүнү ташташына мухтаж эмес», – деди.
«Кыямат күнүндө орозо өз ээсин шафаат кылат жана: «Эй Роббим, күн бою анын тамактанышына, жыныстык каалоолорун кандырышына тоскоолдук кылдым. Ошон үчүн аны шафаат кылышыма рухсат бергин» – дейт.» (Ахмад риваяты). «Орозо – калкан. Жана ал кишини оттон амандыкта сактоочу күчтүү коргоочу»( Ахмад риваяты).
Туткан орозоңуздар Кыямат күнүндө шафаат кылсын жана тозоктон калкан болуп берсин.
Аллах Таала айтты: Кадр түн миң айдан жакшыраак. (97:3).
Набий J айтты: «Кимде-ким кадр түнүн сооп үмүтүндө, Алланын ыраазылыгын көздөп ибадат менен өткөзсө, анын мурунку күнөөлөрү кечирилет».
Аллахым кадр түнүндө кылган ибадаттарыңыздарды кабыл алган болсун.
«Биз Расулуллох(с.а.в.) доорунда фитр зекети үчүн бир соъ таам, арпа, мейиз же быштак чыгарар элек».“Ар бир кичүү–улууга, хурга да, кулга да, мейли эркек, мейли аял болсун, бир соъ курма жана бир соъ арпа фарз болду”. Термизий риваяты.
“Бизди(айт намазы үчүн) намазга чыгуудан мурун фитр садакасын берүүгө буйручу: аларды (мискиндерди) ушундай күндө сурануудан кажетсиз кылып койгула”.
Аллахым мухтаждардын кажетин чыгарган фитр садакаңыздарды кабыл алган болсун.
Урматтуу мусулман бир туугандар, Аллахтын каалоосу менен, мына Айт майрамына да жетип келип олтурабыз. Ушул эле учурда, дүйнөнүн башка бир бурчтарында, мисалы, Фалестинде мусулман бир туугандарыбыз Айтты майрам катары тосо албастан, көз жаштар менен тосуп алышууда. Алардын акысына дуада бололу жана алар жаатында бизден талаб кылынган иштердин камын ойлойлу. Ал бир туугандар кафирлердин чоңдору менен алардын малай жүгүртөктөрүнүн динге душмандыктары себебдүү ушундай абалдарга дуушар болушууда. Аллахым мусулмандарды кафирлер үстүнөн жеңишке жетиштирсин жана аларды мусулмандар колу менен кор кылсын.
Эй эң жакшы Уммат перзенттери, Аллахым баарыңыздардын айт намазында жакшы ниетте кылган дубуларыңыздарды кабыл алсын. Келерки жылкы Рамазанда дин жолунда ийгиликтер үстүндө кездештирип, татыктуу тосуп, татыктуу өтөөнү насиб этсин!
Туркистон
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…