Мубарак Рамазан айт куттуктоосу
Аллаху акбар, Аллаху акбар,Аллаху акбар… лаа илаха иллаллах,Аллаху акбар, Аллаху акбар… ва лиллахил хамд…
Аллахка алкыш-мактоолор болсун. Аллахтын Расулу саллолоху алайхи ва салламга, ал заттын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана ал зат менен дос болгондорго о.э. ал затты ээрчип, анын жолу менен жүргөн, Ислам акыйдасын фикратына негиз кылган, шаръий өкүмдөрдү амалдарына өлчөө жана өкүмдөргө булак кылган заттарга салату-саламдар болсун, амма баъд:
Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух! Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизб ут-Тахрир жамааты сиздерди жана сиздер аркылуу дүйнө жүзүндөгү жалпы мусулмандарды Мубарак Рамазан айты менен куттуктайт. Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллах Таала Рамазан айында кылган амалдарыбыздын соопторун мол кылсын! Бул айда кылган сооптуу иштерибиз мындан кийин да улансын.Жашоодогу ар бир амалыбыз Аллахтын ыраазылыгы үчүн болсун! Жашообуздагы негизги максат – Аллахтын ыраазылыгы үчүн жашоо болсун!
Эй Кудуреттүү Аллах, бардык Ислам Үммөтүн Исламда жамдап, дилдерин бириктир. Дүйнө жүзүндөгү мазлум жана мазлума боордошторубузга, анын ичинде, мубарак Рамазан айында яхудийлердин чабуулуна каршы күрөшүп жаткан кайраттуу Палестина мусулмандарына, кафирлердин кысымдары астында Өзүңдөн жардам сурап жаткан мусулмандарга да бул улуу майрамды үй-бүлөсү менен, жакындары арасында майрамдоону насип кылгын. Эй Роббим Сенден жалбарып сурайбыз, бул азиз Үммөткө азиздигин кайтарып бер, Үммөттүн башын бириктирип, келишпестиктерин жок кыла турган Халифалык мамлекетибиз болушун бизге насип кыл. Ушул даъватты көтөрүп чыгып жаткан боордошторубузду бул дүйнөдө жана акыретте бактылуу кыл. Бизге да бул жакшы иште алдыңкылардан болууну насип кыл.
Аллах Субханахудан бизди ушул фазилаттуу Рамазан айында тозоктон куткарылган пенделеринен о.э. Кадыр түндүн ажр-соопторуна ээ болгон пенделеринен кылышын сурайбыз. Аллах Таала баарыбыздын күнөөлөрүбүздү Набий саллоллоху алайхи ва саллам айткандай магфират кылсын. Набий саллоллоху алайхи ва саллам:
«مَنْ صَامَ رَمَضَانَ، إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا، غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ»
“Кимде-ким Рамазан орозосун ыйман менен, сооп үмүтүндө кармаса, анын мурунку күнөөлөрү магфират кылынат (кечирилет)” деген. (Имам Бухарий риваяты).
Биз ар бир ишке кудуреттүү болгон Аллахтан ушул Рамазан айты Халифасыз өткөн акыркы айт болушун, келе жаткан Курман айт намазын Халифа имамдыгында окууну насип кылышын жана Ислам динин дүйнө жүзүндө үстөм кылышын сурап калабыз.
Хизб-ут Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмү
12.05.2021
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…