Жаңылыктар

Жапаров Кыргызстандын бардык аймагында казино ачууну сунуштады

Жапаров Кыргызстандын бардык аймагында казино ачууну сунуштады

Президент Садыр Жапаров 26-апрелде “Пирамида” телеканалына түз эфирде маек куруп, Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган Ысык-Көлдө кумарканаларды ачуу боюнча мыйзамды колдой турганын, ага кошумча иретинде өлкөнүн аймактарынын борбор шаарларында жана Бишкекте кумарканаларды ачууга уруксат берүү сунушун айтты.

“Мен президенттик аппаратка Жогорку Кеңешке сунуш киргизүүнү айттым, өлкөнүн бардык жагында ачылсын, Бишкекте, облус борборлорундагы шаарларда ачылсын деп жатам”, – деди Жапаров.

Белгилей кетсек, 22-апрелде Ысык-Көлдөгү “Тамчы” аэропортунун аймагына кумарканалардын ачылышына шарт түзгөн мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеште 68 депутат колдоп, 23ү каршы добуш берген. Мыйзам долбоорун депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков даярдаган.

Кыргызстан калкынын башына түшкөн мусийбаттардын баары капитализмдин жана ага ар дайым кызмат кылып келген бийлик төбөлдөрүнүн кесепетинен болуп жатат. Бийлик төбөлдөрү алардын кызыкчылыгы үчүн калктын капчыгын кагып алуу, элдин жонунан кайыш тилүү жолдорун түзүүдө. Маселен, электр энергия тармагында коррупциялык схемаларды тазалап, жеке компаниялар туйтунуп жаткан пайдаларды бюджетке буруунун ордуна тарифти эки эсе кымбаттатуу менен калкты тоноону эп көрүштү.

Казино боюнча мыйзам долбоору да капиталисттердин кызыкчылыгын көздөп сунушталып жаткандыктан, бийлик аны алга сүрөп жатат. А бирок, кумарканалардан миңдеген үй-бүлөлөр запкы тартып, жаштарды бузукулукка чакырары анык. Негизгиси кумар оюндары Куранда ачык түстө арам экени эскертилген. Ошондуктан, 100 миңдеген адамдын колу менен демилгеленип, Кыргызстанда кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө 2012-жылы, ал эми тотализатор менен букмекерлерге 2015-жылы тыюу салынган. Буга карабай көпчүлүк кумарканалар жашыруун же башка аталыштар менен иштеп жатат.

Учурда жетекчи топтун кайрадан аны ачуу аракети, сол чөнтөккө топтолгон каражаттарды казинолор аркылуу жууп чыгарууну көздөп жатканын түшүндүрөт.  Анткени, кумарканалардын қоррупция жана экономикалык кылмышкерлерге болгон мааниси өтө чоң. Ал жерлерде корупциялашкан мамлекеттик кызматкерлердин арамдан тапкан акчалары жуулат. Бүт дүйнөдө кумарканалардын негизги кирешеси, ушуга окшогон ыплас иштерди аткарып берүү менен өнүгүп барат. Демек, кумаркана мамлекеттик кызматкерлер үчүн коррупция иштерин өнүктүрүүдө өтө маанилүү тармак болуп эсептелет.

Жыйынтыктап айтканда, негизгиси, кумар оюндары Аллах Таала арам кылган амалдардан. Мааида сүрөсүндө мындай делет: “Эй момундар, арак (мас кыла турган ичкилик ичүү), кумар (ойноо), буттар (аларга сыйынуу) жана таякчалар (башкача айтканда таякчалар менен төлгө ачуу) шайтандын амалынан болгон арам иштер. Демек, (тозоктон) кутулушуңар үчүн алардын ар биринен ыраак болгула! “. (Мааида, 90-аят).

 Мумтаз Маверанахрий 

turkistonkg

Recent Posts

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

15 hours ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

15 hours ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago

Абу Жахилдин өлтүрүлүшү

Бисмиллаахир рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Абу Жахилдин өлтүрүлүшү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

7 days ago