Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча Россия менен кызматташтыкты калыбына келтирүүнү пландаштырууда
Энергетика жана өнөжай министри Кубанычбек Турдубаев Жогорку Нарын ГЭС каскадын курушу керек болгон “Русгидро” компаниясы менен талашты кандай чечүүнү пландаштырып жатканын билдирди.
Анын айтымында, талашты бир гана жол менен чечүүгө болот – бул жол “Русгидро” менен кызматташтыкты улантуу.
“Биз ушул вариантты сунуштадык. Биз Россияга ушул Жогорку Нарын каскады долбоорун токтотпой туруп кайра жүргүзөлү деп кайрылдык. Бирок бул долбоордун өзүнүн дизайнын өзгөртөлү, эгерде мурунку дизайн боюнча төрт станция курула турган болсо, келгиле бирди куралы. Эгерде гидроэлектростанция курула турган болсо, биз гидростанция эмес гидроаккумулируюшая станция куралы. Себеби, бул кызмат энергетика чөйрөсүндө өтө кымбат турат, өзгөчө Борбор Азиядагы шакекчеде бул кызмат өтө кымбат турат жана өтө талап кылынат. Россиянын энергетика министрлиги биздин сунушубузду жактырды. Сүйлөштүүлөр жүрүп жатат. Ушул тапта Россиянын өкүлдөрү Бишкекке келди. Эми “РусГидронун” жетекчилерин күтүп жатабыз. Алар келсе келишимди жандандырып, долбоорду кайра иштетели деген оюбуз бар”, -деди министр.
Комментарий: 2016-жылдын август айында Россия ошол кездеги экономикалык абалында келишимдеги ири долбоорлорду каржылык жактан камсыздай албастыгын мойнуна алгандан кийин Кыргызстан өкмөтү 31-декабрь күнү Камбарата-1 жана жогорку Нарын ГЭС каскаддарын куруу жана эксплуатациялоо боюнча Россия менен түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу чечимин кабыл алып, ГЭСтердин курулушуна жумшалган 37 миллион долларды Россияга кайтарып берүү керектигин билдирген.
Өкмөт бул каражатты кийинчерээк ушул долбоор үчүн табыла турган жаңы инвестордун мойнуна жүктөп, ал аркылуу карыздан кутулууну көздөгөн эле. Карызды кайтаруудан мурда анын сарпталган ордун жана көлөмүн аныктоо максатында депутаттык комиссия түзүлгөн. Нарында болуп, ГЭСтерге жумшалган материалдар, көрсөтүлгөн кызматтар менен таанышып келген депутаттар айтылып жаткан 37 миллион доллар көбөйтүп айтылгандыгы билдиришкен.
Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган комиссиянын алгачкы жыйынында бир нече күмөндүү цифралар айтылган. Комиссиянын төрагасы “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Жогорку Нарын ГЭС”тери ишканасынын расмий сайтында 7 миллион доллардык иш жөнүндө отчёт бар экендигин, курулушка жумшалган материалдар, көрсөтүлгөн кызматтар эки-үс эсе жогору көрсөтүлгөнү аныкталгандыгын билдирген.
Ал: “Кичинекей бетон заводун курууга 75 миң доллар жумшалыптыр. Бирок, алар документте 500 миң доллар деп көрсөтүшкөн. Көпүрө курууга 500 миң доллар жумшалды деп көрсөтүлгөн. Биз сайттарды карап чыгып көпүрө куруу мындан эки-үч эсе арзан болорун аныктадык. ГЭСтерди курууда экологияга жете турган зыянды аныктоо үчүн тендер жарыялашкан. Тендерде уткан жеке менчик лабораторияга 200 миң доллар төлөнгөн. Мен ал кандай лаборатория экендигин, эмне үчүн кызматын 200 миң долларга баалаганын түшүнө албай турам…” – деген эле.
Ушундан кийин кыргыз өкмөтү Жогорку-Нарын ГЭС каскады үчүн жумшалган каражатты аныктоо үчүн эл аралык аудит өткөрүүнү суранган. Бирок, “бечара” кыргыз өкмөтүндө эл аралык аудит үчүн төлөнүшү керек болгон 1,5-2 миллион доллар каражат табылбаган, “РусГидро” ишканасы болсо эл аралык аудитке акча төлөөдөн баш тарткан…
2017-жылы Кыргызстан өкмөтү Жогорку-Нарын ГЭС каскадын куруу боюнча тендер жарыялады. Тендерди Чехиянын “Liglass Traiding CZ” компаниясы утуп алды. “Liglass Traiding CZ” компаниясы жана “Электр станциялары” ишканасы менен инвестициялык келишим тастыкталгандан кийин бир айдын ичинде Россияга 37 млн доллар төлөшү керектиги белгиленди. Бирок, компания ишин баштабай жатып келишим жокко чыгарылды.
Тыянактап айтканда, Россия ГЭС сыяктуу маанилүү стратегиялык объектини башка өлкөгө жөн эле берип койбойт. Чехияны “оюндан” чыгып кетүүүгө мажбурлаганы сыяктуу, өзүнөн башка инвесторлорду бул долбоорго жакындатпайт.
Абдурахман Адилов