Ташиев: Өзбекстанга 50 эмес, 20 гектар алгыла деп айтып көрөйүн

327
0

Ташиев: Өзбекстанга 50 эмес, 20 гектар алгыла деп айтып көрөйүн

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнө келип, жергиликтүү тургундар менен жолукту.

Аталган аймакта эки-үч күндөн бери “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстанга алмаштырууга каршы митинг өтүп жаткан.

Жергиликтүү тургундардын нааразылыгынан кийин Ташиев: “Эми мындай кылсак болот, азыр ойлоп жатам. Алар тосуп алган 20 гектар жерин алмашалы деп айтайын. Элүү эмес, жыйырма гектарды. Мейлиби? 20 гектарды тосуп, калган жерди эле алгыла. Ушул жерден токтойлу, берки жакка чыкпагыла дейин”,- деди.

Комментарий: УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган өкмөттүк делегация Ташкентте 23-25​-​март күндөрү чек араларды делимитацияло боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келген. Сүйлөшүүлөр аяктаган соң Ташиев эки өлкө ортосундагы чек ара маселеси 100 пайыз чечилгенин билдирген.

 А бирок, чек ара көйгөйлөрү аныкталбаган аймактарды белгилөө, талаштуу аймактарды алмаштыруу менен чечилбейт. Себеби, биздеги чек араларды колонизатор кафирлер белгилеп беришкен жана алар чек ара көйгөйлөрү тынч гана чечилип кетишин каалашпайт. Алар керек болгон учурда чек ара көйгөйлөрү аркылуу басым өткөрүп келишет. Мисалы, 2019-жылдын жай мезгилинде эки өлкөнүн расмийлери өткөргөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Өзбекстандын Риштан жана Сох райондорун байланыштыруучу жол ачылды. Бирок арадан эки күн өтүп, Кыргызстандын расмийлери ЕАЭБдин талаптарына жооп бербейт деген шылтоо менен жолду кайрадан жаап коюшкан.

Демек, бул нерсе эми чек араларда проблема болбойт дегенди түшүндүрбөйт. Колонизаторлор каалаган убакта жасалма мекенчилдерди ишке салып, алмаштырылган аймактарды же башка жерлерди шылтоолоп жаңы проблема чыгара берет.

Чек ара проблемасын чечүүнүн жападан-жалгыз жолу – бул эки бир тууган калк ыйман келтирген акыйда негизинде биригүү, ушул акыйдага негизделген мамлекетти тикелөө. Мына ошондо гана куфр колонизаторлор арабызга тартып койгон жасалма чек аралар жок болуп,  өз ара боордоштук мамилебиз кайрадан калыбына келет.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here