بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Рохинжа качкындар лагериндеги үлкөн өрттөр Хасина режиминин кайдыгерлигин жана ийгиликсиздигин ачыктоодо
Хизб-ут-Тахрир Борбордук маалымат бөлүмүнүн аялдар жааты жарыялаган билдирүүдө мындай делет:
«Соңку учурларда Бангладештеги рохинжа качкындары жашаган лагерлерде арты-артынан өрттөр чыгууда. Бул кырсыктан жана жүрөк кейиткен көрүнүштөрдөн Хасина режими рохинжа мусулмандарына жардам берүү, камкордук көрсөтүүдөн атайылап баш тартып жатканы дагы бир ирет далилденди. Бул бечаралар Аракан вилаятындагы армия жана бутпарас согушкерлердин ырайымсыз репрессиясынан жана кылмыштарынан качып келишкен. Ушунча репрессияга Роббибиз Аллах дегенден башка «айыбы» болбогону себептүү туш болушкан. Демек, жаандан качып, мөрдүргө туш болушту».
Билдирүүдө дагы мындай делет:
«Ислам жана мусулмандардын душмандарын дос туткан башка режимдер сыяктуу, Индияга окшогон кафир мамлекеттер менен келишимдерди түзүп жаткан Хасина режими Рохинжа мусулмандарына жардам берүүдөн атайылап баш тартып жатканына таң калбасак да болот. Ушул себептен улам, кудум Эрдаган Түркиясы Сирия жана Иракта кылгандай о.э. Саудия режими Яманда кылгандай, Хасина режими да кафирлердин буйругу менен армияны алардын колонизатордук согуштарына катышууга сапарбар кылып жатканына, аларды бечара мусулмандарга нусрат-жардам берүүгө аракеттендирбей жатканына күбө болуп жатабыз. Бул мусулман өлкөлөрү өз аймактарын душмандын самолётторуна, аскерий базаларына ачып берип жатканын, мусулмандардын байлыктарын талап-тоношу үчүн чет элдик компанияларды киргизип жатканын, бирок, мусулман качындарга аймактарын бүтүндөй жаап, ачкан тагдырда да качкындарды өлүм лагерлери деп аталган жерлерге жайгаштырып жатканын көрүп турабыз».
Билдирүүнүн соңунда мындай делет:
«Демек, мындай малай кылмышкер режимдерди түп-тамыры менен кулатып, алардын ордуна Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөөнүн убагы келди. Ушул мамлекетибиз Аллахтын шарияты менен өкүм жүргүзүп, адилеттикти орнотот, мазлумдарга жардам берип, залимдерден өч алат.
Роя гезити, №333, 2021-жыл, 7-апрель.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…