Өзбекстанда окуучу кыздардын жоолугуна каршы күрөш күчөп барууда

298
0

Өзбекстанда окуучу кыздардын жоолугуна каршы күрөш күчөп барууда

 Өзбекстанда кеңири тамыр жайган коррупция, монополия себептүү о.э. бардык кирешелүү тармактарды акчалуулар, чиновниктер жана алардын тааныштары ээлеп алышынын натыйжасында өлкөдө жумушсуздук проблемасы күндөн-күнгө күчөп барат. Баалар күндөн-күнгө көтөрүлүп, адамдар ал тургай күнүмдүк керектөөсүн да кандыра албай жатат. Карапайым жарандар оокатын өткөрүү үчүн жумуш издеп чет өлкөгө чыгып кетүүгө мажбур болушууда. Өкмөт болсо коррупцияга жана бир ууч монополисттерге каршы күрөшүүнүн ордуна алсыз кыздардын жоолугуна каршы күрөшүү менен алек. Мирзиёевдин “реформалары” себептүү Россия менен барган сайын “жакшырып” бара жаткан мамилелер натыйжасында Өзбекстанда мектеп окуучуларынын жоолугу дагы кайрадан күндүн темасына айланды…

8-апрель күнү социалдык тармактарда Наманган облусунун Янгикурган районундагы №10-мектепте жоолукчан кыздар менен профилактикалык иштер өткөрүлгөнү тууралуу кабарлар тарады. Ал видеодо эскертүүлөргө карабастан хижаб менен келип жатканы себептүү ИИМ кызматкери 10 окуучу кызга “түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы” тартылган. Өкүнүчтүүсү, бул биринчи жолу жүз берип жаткан иш эмес, жылдын башында да Ташкенттеги №168-мектепте жоолукчан кыздар мектепке киргизилбей жатканы кабарланган. 6-апрель күнү Өзбекстан улуттук университетинин журналистика факультетинин кызматкери Равшан Аманов да студенттер менен өткөрүлгөн жыйында:

“Окууга ибадат кийиминде келүүгө тыюу салынат, мындай кийингендерди сабакка киргизген мугалимдерге да чара көрүлөт. Тышкарыда кандай жүрсөңүр өзүңөр билесиңер, бирок университеттин аймагына киргенде жоолукту артка байлап алууга милдеттүүсүңөр. Эгер университеттин бул тартиби, мыйзам-эрежеси силерге жакпаса, анда университет менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарып ушуга уруксат бере турган башка окуу жайга которулуп кете бергиле”, – деген эле. Ал кийинчерээк бул иши үчүн кечирим сурап, “болгону тапшырманы аткаргандыгын жана өзү жоолукка каршы эместигин, буйрукту аткарып жатканын” жазып чыкты. Бирок, бир топ убакыттан кийин постун да, комментарийин да өчүрүп таштады. 8-апрель күнү Андижан облусунун Шахрихан районундагы №28-мектепте директордун орунбасары жоолукчан кыздарды эскертип жатканы тартылган видео тарады.

 Мындай көрүнүштөр Өзбекстанда эле эмес, Россия менен “жылуу” мамилесин күчөтүп жаткан Кыргызстанда да болуп жатат. Акыркы кездерде Кыргызстандагы мектептерде да окуучу кыздардын жоолугу менен күрөшүү күчөп барууда. Жапаров өкмөтү, ал тургай, былтыр пайгамбарыбыз Мухаммад саллаллоху алайхи ва салламды коргоо митингине катышкан муслима эже-карындаштарыбызга “экстремизм” беренеси менен кылмыш ишин козгоду…

Демек, өзбек режими да, кыргыз режими да Россияга жагынуу үчүн Ислам динине, анын баалуулуктарына жана мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүп жатышат. Мындан тыянак чыгарсак, аталган эки өлкөдөгү Исламга жана исламий көрүнүштөргө каршы күрөштү күч түзүмдөрүндөгү орусиялык кураторлор координациялап жатат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here