Жаңылыктар

Өзбекстан коопсуздук кызматы: 2020-жылы 4 терактынын алдын алдык

Өзбекстан коопсуздук кызматы: 2020-жылы 4 терактынын алдын алдык

Өзбекстандын коопсуздук кызматы 5-апрелде, бащшкача айтканда мамлекеттик коопсуздук кызматынын күнүнө карата жарыялаган расмий билдирүүдө 2020-жылы ишке ашырылган бир катар иш-чаралар  жөнүндө маалымат берди.

Расмий кабарда айтылышынча, 2020-жылы коопсуздук кызматы 4 террордук чабуулдун алдын алган. “Алардын экөө Өзбекстанда, дагы экөө КМШ өлкөлөрүндө ишке ашыруу пландаштырылган эле”, деп айтылат билдирүүдө.

О.э. экстремисттик жана террористтик уюмдардын 67 жашыруун тобунун ишмердүүлүгүнө чек коюлду.

“Экстремизм жана терроризм менен айыпталып, чет өлкөдө жашынып жүргөн 98 өзбекстандык өлкөгө алып келинип, жоопкерчиликке тартылды”, деп айтылат билдирүүдө.

Комментарий: Каримовдун тушунда кеңири укук жана мүмкүнчүлүк берилген, ар бир нерседе “улуттук коопсуздукка коркунуч көрө алган” коопсуздук кызматы 27 жылдан бери ар түрдүү айыптар жана жалган жалаалар менен  он миңдеген мусулмандарды камакка алды, миңдеген мусулмандар тергөө абактарында же түрмөлөрдө адам чыдагыс кыйноолор астында каза болду. Өкмөт айткан жолго жүрүүнү каалабаган, муну ыйманына тескери деп билген аалымдар жок кылынды. Мамлекеттен качып кеткендеринин артынан жалданма адам өлтүргүчтөр жөнөтүлдү, айрым аалымдар алардын колунан өлгөн болсо, айрымдары тирүү калганы менен майып болуп калды.

 Каримовдон кийин бийликке келген Мирзиёев коопсуздук кызматын “ал тургай столбаны да алып барып камайт эле” деп, аны “реформа кылганы”  менен бул түзүмдүн иш ыкмасы өзгөргөн жок. Бул кызмат дагы деле өзүн Өзбекстандын чыныгы кожоюну катары сезет. Өзбекстанда президент алмашты, бирок, режим өзгөрбөдү. Бүгүнкү күнгө чейин режимдин камактарында миңдеген мусулмандар ак жеринен отурушат. Бүгүнкү күндө да ар түрдүү жалган жалаа жана курулай доомат менен мусулмандар камакка алынып, көптөгөн жылдарга эркинен ажыратылууда. Күч түзүмдөрү азыр деле карапайым калктын үстүнөн оюна келген ишти кылууда. Күч түзүмүнүн кызматкерлери азыркыга чейин айыпсыз мусулмандарды “айыбын моюнга албаганы” же “кылмышты мойнуна албаганы” себептүү уруп өлтүрүүдө. 

Кечээ күнү, социалдык тармактарда 31-март күнү Фергана облусуна караштуу Кува районунда беткапсыз жүргөнү үчүн милиция кызматкерлери менен тартышып калган 20 жаштагы Ахрор Анваров аттуу жигитти милиция бөлүмүнө алып кетишкени жана ал жерден ал жигиттин өлүгү чыкканы жөнүндө кабарлар тарады. ИИБ тараткан расмий билдирүүдө ал жигит ИИБден чыккандан кийин тегиз жолдо бара жатып чалынып жыгылганы себептүү өлгөнү айтылды. О.э. алардын билдиришинче, 20 жаштагы жигит бир нече оорулар менен жабыркап жүргөн имиш.

Арадан бир күн өткөндөн кийин т.а. 1-апрелде 41 жаштагы жаран А.Б. Юнусабад райондук ИИБне алып барылгандан кийин ал жерде алган жарааттары себептүү каза болгону тууралуу кабарлар тарады. Адаттагыдай эле, Ташкент шаардын ички иштер бөлүмүнүн маалыматында, 1-апрель күнү саат 21:00дө буга чейин төрт жолу соттолгон А.Б. жана буга чейин соттолгон дагы эки жаран, 1979-жылы төрөлгөн Д.Л. жана 1970-жылы төрөлгөн А.Л. тергөө иштери үчүн Юнусабад районундагы №3-бөлүмгө алып барылган. Болжол менен 45 мүнөткө созулган сурактан кийин үчөө тең бошотулган. 2-апрель күнү эртең мененки саат 4:00-4:30 чамасында №30-үйдүн жанынан А.Б.нын жансыз денеси табылган. Өлүмдүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын да көптөгөн оорулары бар экендиги аныкталган…

Коопсуздук кызматынын кесиптик майрамына карата жарыяланган расмий билдирүү – бул элди коркууда кармап туруу жана күч түзүмдөрүнүн, айрыкча, коопсуздук кызматынын Өзбекстандагы бардык тармакка, ал тургай адамдардын жекече турмушуна чейин аралашуусун актоо үчүн берилген отчёт. Качан гана Өзбекстанда түзүм алмашып, мусулмандар ыйман келтирген Ислам өкүмдөрү жашоого кайтып келмейинче, күч түзүмдөрү мусулмандарды ушинтип кордой беришет.

Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

10 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago