АКШны ыраазы кылуу үчүн Түркиянын жаңы ролу
АКШ оор абалда калганда дароо анын ажатын ача турган Түркия өкмөтү эми Афганистан маселесинде негизги ролду ойноого даярдык көрүүдө. АКШ менен Талибан ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги жыйыны Түркияда өтөт. Айтылышынча, буга Талибандын АКШдан Доха келишимдерине амал кылууну катуу талап кылышы себеп болууда.
АКШ президенти Жо Байден биринчи расмий маалымат жыйынында Доха келишимине толук амал кылуу кыйын экендигин, башкача айтканда, Америка аскерлерин майдын аягына чейин Афганистандан алып чыгып кете албастыгын, бул өтө оор иш экендигин билдирген. О.э. Байден АКШ аскерлери Афганистандан чыгып кеткенден кийин региондун коопсуздугун камсыздоо үчүн НАТОдогу союздаштары менен жолугушкандыгын да кошумчалаган.
Талибан кыймылы АКШ президентинин жогорудагы билдирүүсүн катуу каралады. Талибандын билдиришинче, Байден күңүрт сөздөрдү колдонуп, НАТО күчтөрү Афганистанда калышын узартуу пикири бар экендигин тастыктап жатат.
Талибан социалдык тармактар аркылуу тараткан билдирүүсүндө, эгер АКШ Афганистандан толук чыгып кетпесе согуш улана тургандыгын баса белгиледи. Анда келишинче, эгер бардык чет өлкөлүк келишимде көрсөтүлгөндөй май айында Афганистандан чыгып кетпесе, анда жоопкерчилик АКШнын мойнунда болот.
“Мындай абалда, Ислам амирлиги ыймандуу, эр жүрөк жана мужахид афган улутунун өкүлү катары өз динин жана мекенин коргойт. О.э. мамлекетти ктукаруу үчүн чет өлкөлүк күчтөргө каршы жихадий жана куралдуу согушун улантат… Аскерий чөйрөлөрдүн ката кеңештери жана провокациялары себептүү ушул тарыхий мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып албагыла”, – деп айтылат Талибандын билдирүүсүндө.
Сирия, Ливия маселеси жана башка маселелерде болгону сыяктуу эле Америка бул маселеде да Түркиядан пайдаланууну көздөп жатат. Түркия президентинин маалымат катчысы Ибрахим Калын АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад менен жолугушту. Жолугушууда апрель айында Стамбулда өткөрүү пландаштырылган жыйынга даярдыктын жүрүшүн талкуулашты. Брюсселде өткөн НАТОнун жыйынында да Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу америкалык кесиптеши Энтони Блинкен менен жолугушту. Ак үйдүн билдирүүсүнө таянсак, эки министр ар түрдүү маселелерди, анын ичинде Афганистан маселесин да талкуулашкан.
Афганистандын президенти Ашраф Ганинин коопсуздук жана саясий маселелер боюнча кеңешчиси Мухаммад Мухаккик Түркия менен Афганистандын ортосундагы мамилелер тууралуу билдирүү таратты. Анын айтымында, афган өкмөтү менен Талибан ортосунда келише албаган бир нече маселелер бар. Маселени чечүүдө Түркия негизги ролду ойнойт.
“Афганистанда тынчтыкты сактоодо ушул кезге чейин Түркия аябай чоң ролду ойноду. Биз Түркиянын аракеттерине ыраазыбыз. Түркиянын Афганистандагы саясий чөйрөлөр менен алакасы өтө жакшы. Биз Түркияга ишенебиз”, – деди Мухаккик.
Саясий эксперттердин божомолуна ылайык, 2021-жылдын май айына чейин чет өлкөлүк күчтөр Афганистандан чыгып кетсе, анда анын ордун башка күчтөр толтурушу керек. Демек, Түркиянын милдети биринчиден афган өкмөтү менен Талибан кыймылы ортосундагы келишпестикти жөнгө салуу болсо, экинчиден Афганистандан чыгып кеткен чет өлкөлүк күчтөрдүн ордун Түркия аскерлери менен толтуруу.
Аскерлерин чет өлкөгө жөнөтүү боюнча Түркия алдыңкы мамлекеттердин катарында турат. Ал аскерлердин көпчүлүгү АКШнын кызыкчылыгын коргоп келет. А бирок, аларга жумшала турган каражат Түркиянын мойнунда. Учурда Афганистанда Түркиянын 2000дей аскери бар. АКШ күчтөрү чыгып кеткенден кийин бул цифра бир нече эсеге көбөйөрү күтүлүүдө. Кыскасы, АКШ согуш майданында жете албаган жеңишине – малайларын ишке салуу менен – сүйлөшүүлөр столунда жетмекчи болууда.
Киямуддин Шариф
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…