Жаңылыктар

Мусулман өлкөлөрүндөгү режимдердин таянычын курт кемирип, тикелене турган Халифалыкка каршылык кыла албай турган абалга жеткен

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мусулман өлкөлөрүндөгү режимдердин таянычын курт кемирип, тикелене турган Халифалыкка каршылык кыла албай турган абалга жеткен

 Устаз Бахир Салих

Хизб-ут-Тахрирдин мубарек Фалестиндеги

маалымат бөлүмүнүн мүчөсү

Мафкура жана кубат, бул экөөсү мамлекеттин – ар кандай мамлекеттин – таянычы болуп эсептелет. Алардын бири экинчисинен үстөм келгенде мамлекет өнүгөт же кыйрайт. Качан бул эки таяныч шайкеш болуп бириксе, мамлекет күчтүү, бекем, ийгиликтүү мамлекет болот. Табигый болгондой, мамлекет бул эки таянычты жоготсо, албетте кулатылат, ыдырайт.

Расулуллах ﷺ негиз салган мамлекет болжол менен он үч кылым туруп, бир нече кылым дүйнөнүн биринчи мамлекети болуп келди. Себеби, бул мамлекет улуу мафкура жана эр жүрөктөр азаматтар менен башталган. Сахабалар мафкураны жүрөктөрүндө терең жайгаштырып, тилдери жана денелери менен бул мафкураны башкаларга жеткиришти. Ушул мафкураны коомдук пикирге айлантып, коомчулуктун колдоосун табышты. Кийин Расулуллах ﷺ өзү болжодогон тараптардан күч-кубат издеди. Ошентип, Аллах Таала ага күч-кубатты берди, анда мафкура да, күч-кубат да камтылып, мамлекет тикеленди. Барган сайын бул мамлекет өнүктү, кеңейди… кийинчерек өз нуру жана бийлиги менен дүйнөнүн үч континентин камтып алды.

Ислам мамлекетинде мафкура менен күч-кубат бириккендиктен, ал тургай, чырайлуу түрдө шайкеш келгендиктен бул мамлекет бир нече кылым жашап, дүйнөнүн нуруна айланды. Бирок, кийинчерек мамлекет жетекчилеринин жүрөктөрүнөн, саясий чөйрөдөн жана коомдон мафкура алысташты. Мамлекетке таяныч болгон күч-кубаттан жарака кетти. Чет элдик күчтөр Ислам мамлекетиндеги малайлар менен тил бириктирип, алардын жардамында, эч кандай каршылыксыз Халифалык мамлекетин кулатышты. Алар Ислам мамлекетинин ордуна залим башкаруучуларды орнотушту. Бул башкаруучулар зулум жана күч-кубатка таянышты. Мына, бүгүн биз ошол залим башкарууда жүз жылды өткөрдүк.

Мусулман өлкөлөрүндөгү мамлекеттерге үстүртөн караганда эле ал режимдер канчалык күчсүз жана кыйроого учурашканын көрүүгө болот. Жада калса, алар бир күчтүү соккуга да туруштук бере албайт. Ал эми, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык жарыя кылынгандагы соккуларга таптакыр туруштук бере албайт.

Мафкура жагынан алсак, мусулман өлкөлөрүндөгү бул режимдер ал тургай эң жакшы доолорунда да мафкурага таянышпаган. Балким, белгилүү бир өткөөл доорлордо жана кээ бир шарттарда экинчи даражалуу же жалпы пикирлерге байланышкан. Акыбетте бул пикирлер сынды, жасалма жана жалгандыгы ачыкка чыгып, шерменде болду. Алар мекенчилдик, араб улутчулдугу, баасчылык, коммунисттик, эркиндик, демократиялык, дунявийлик, муътадил ислам, каршылык кыймылы… сыяктуу пикирлер эле. Алар менен бирге жетекчилердин жүзү да ачылды. Жетекчилердин жүзүндөгү маскалары түшүп, көтөрүп чыккан байрактары айрылып, айыптарын жашыра албай калышты.

Мусулман өлкөлөрүндөгү режимдерди колдоп-кубаттоодо салмактуу ролго ээ болгон эң маанилүү таяныч – бул күч, башкача айтканда, темир менен от. Режимдер адамдарга зулум өткөрүүдө жана репрессия кылууда мына ушул күчкө таянышты. Муну алар массалык өлтүрүү, камакка алуу, кыйноого салуу, ачка коюу, жакырлаштыруу жана качкындарга айлантуу, ал тургай, жыныстык зомбулук жана акы-укуктарына кол салуу менен ишке ашырышты. Бул үчүн түрдүү ырайымсыздыктарды, коркутууларды колдонуп, көптөгөн адамдарды режимден жана анын коопсуздук кызматынан коркуп титиреген кишилерге айлантышты. Ушул аркылуу бул режимдерден качып кутулуу, аларга кол салуу, аларды кулатуу кыйын нерсе, деген ишенимди пайда кылышты.

Күндөр, айлар жана жылдар ушундай таризде өтүп, акыры, Уммат арасында эр жигиттер дүйнөгө келди. Алар өз өмүрлөрүн сайып тогуттарга каршы туруп, өз ыкласы, кайраты жана эрдиги менен аларга сокку беришти. Ушул үлгү Уммат арасында күрөш рухун жандантты, режимдерге каршы туруп, аларды өзгөртүү үмүтүн ойготушту. Кийин «араб жазы» козголоңдору башталып, калктардын залим режимдерди өзгөртүүгө жана алардан кутулууга кудуреттүү экендиктери далилденди. Адамдар бул режимдердин канчалык күчсүз экенин түшүнүп жетишти. Калктарда өздөрүнө жана өзгөртүүгө кудуреттүү экенине ишеним кайрадан пайда боло баштады.

Режимдер жана алардын артында турган Батыш аракет кылып, бул режимдердин жана алардын коопсуздук кызматынын айбатын кайра тикелөөгө аракет кылышты. Бул үчүн кыргындарды, камакка алууларды жана ар түрдүү кылмыштарды жасашты. Бирок, бул режимдерди бир күндө же бир аптада кулатуу мүмкүн деген ишенимди калктардын мээсинен сууруп ала албады. Уммат ибн Алинин качканын, тогут Хусни Мубарактын кулатылганын, Каззафий жана Али Абдуллах Салихтердин өлүмүн унута элек. Режимдер Умматты коркутуп, кайрадан айбаттуу көрүнүүгө тынымсыз аракет кылып жатышат, бирок, ийгиликсиз болууда. Ал тургай, адамдар режимдерден коркуунун ордуна режимдер адамдардан көбүрөөк коркуп калды.

Эгер адамдар режимдерге каршы катуу козголсо, режимдердин күчү аларга жетпеши, себеби, бул режимдерде таянган чыныгы күч-кубаты жок экендиги, алар чыныгы эмес, көбүртүлүп көрсөтүлгөн арстандар экендиктери четке каккыс чындыкка айланды. Ошондуктан, алардын бардык аракеттери эң акыркы чечүүчү учурга жетүүнү алдын алууга же аны кечиктирүүгө багытталган. Себеби, алар ошол учурга туруштук бере албастыгына жүз пайыз ишенишет. Ушул чечүүчү учур – Умматтын эрки жамдалып, күч-кубат ээлери мына ушул эрк тарапка өтө турган учур.

Мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер жана алардын артында турган колонизатор Батыш Умматтын «өзгөрүү зарыл» деген ишеними жогорулап, өтө бекемделгенин, Уммат Исламдан башка альтернативага таптакыр ыраазы болбошун түшүнүп жетти. Ушул себептен улам, Батыш Исламдан пайдалануу үчүн көптөгөн жылдардан бери муътадилдерди колдоп-кубаттап келди. Батыш мусулмандарды алдоо үчүн бирер альтернативаны тапканга чейин Умматты туңгуюкта адашып жүрүшүн көздөгөн. Андан тышкары, Умматтагы коркуу жоголуп, режимдерден мурдагыдай коркпой калганын, ыңгайлуу учур пайда болору менен аларга каршы турушун мусулман акимдери да, алардын артындагы Батыш да түшүнүп жетти.

Демек, режимдердин айбаты сынып, Умматты коркута албай турган абалга келгенин о.э. алардын адамдарды ээрчиткен пикирлери кыйрап, шермендеси чыкканын этибарга алсак, алардын күчсүздүгү ачык-айкын көрүнүп калды. Эми алар келе жаткан Халифалык толкунуна туруштук бере албашы, чечүүчү учур келип, мусулман өлкөлөрүнүн биринде экинчи рошид Халифалык тикеленсе, бул режимдер Умматка каршы тура албастыгы ачык чындыкка айланды.

Мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер чирип, бутунан баштарына чейин курт кемирип салды. Абал алардын көзөмөлүнөн чыгышын кечиктирүү үчүн күнү-түнү аракет кылышууда. Тагдырлары кыйроо экенине акылдары жетип, аны кечиктирүүгө гана урунуп жатышат. Негизи, саат жебесин артка кайтарып болбойт, өткөн иш өттү, эми Уммат мурдагы коркууга, өзгөрүү жасоодон үмүтсүздөнүүгө таптакыр кайтпайт. Режимдер да мурдагыдай абалга мажбурлоо жана өз чеңгелдерин бекемдөө убагын кайтара алышпайт.

Жакында, Аллахтын уруксаты менен, Халифалык тикеленсе, бул режимдер жана алардын жугундукорлорунун бир гана амалы качып калуу болот. Алар Умматтын колуна түшүп калуудан жана ага жеткирген ушунча азап-кыйынчылыктары үчүн эсеп берүүдөн кутулууну ойлоп калышат. Ал эми, Халифалык жана Уммат токунуна каршы туруп күрөшүүгө келсек, бул ишке ашкыс кыялга айланды.

 Роя гезити, №329, 2021-жыл, 10-март.

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago