Жаңылыктар

HRW Өзбекстанды кылмыш кодексинен гомосексуализм боюнча беренени алып салууга чакырды

HRW Өзбекстанды кылмыш кодексинен гомосексуализм боюнча беренени алып салууга чакырды

 “Өзбекстанда кумсалар камакка алуу жана куугунтуктоолор менен бир катарда гомофобдордун чабуулуна дуушар болушууда. Өкмөт кумсаларга тең укук жана эркиндик бериши, СССРден калган гомосексуализмди кылмыш катары көрүүчү мыйзамды жокко чыгарышы керек!” Мындай чакырык жазылган билдирүүнү “Human Rights Watch” эл аралык уюму 23-мартта жарыялады.

Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн арасынан Өзбекстан менен Түркмөнстанда гана гомосексуализм үчүн кылмыш жазасы белгиленген.​

Түркмөнстан бул мыйзамды кайрадан карап чыгарын билдирген. Өзбекстанда болсо быйыл 22-февралда талкууга чыгарылган жаңы Кылмыш кодекси долбоорунун 154-беренесинде гомосексуализм үчүн кылмыш жазасы өзгөрбөстөн, мурунку бойдон калган.

HRW билдирүүсү АКШ президенти Жо Байден дүйнө жүзүндөгү лесбиянка, гей, бисексуал, трансгендер, квир жана интерсекс (LGBTQI) адамдардын укуктарын коргоо иштерин кеңейтүү каралган буйрукка кол койгон учурга туш келди.

Адам укугун коргоочу эл аралык “Human Rights Watch” уюму 23-марттагы билдирүүсүндө “Өзбекстан эркектер ортосунда өз ара келишип алган жыныстык аракеттерди декриминалдаштыруусу жана ушул аркылуу алардын жеке кол тийбестигин, коопсуздугун о.э. кемсинтүүгө дуушар болбошун кеилдеши керек”, – деп айтылган.

Бул жерде Өзбекстан Кылмыш кодексиндеги бир жыныстагылардын сексуалдык алакасы үчүн 3 жылга чейинки камак жазасы белгиленген 120-берене жөнүндө сөз болуп жатат.

 “120-берене Өзбекстандагы гомосексуал жана бисексуал эркектерди коргоосуз калтырып, аларды коомдон четтетип койгон. Өзбекстан гомосексуализм кылмыш болуп эсептеле турган эскинин калдыгынан баш тартып, Кылмыш кодексинен кумсалардын укугун бузган беренелерди алып салышы керек”, – дейт аталган уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Хью Уильямсон.

Комментарий: Адам укуктарын коргоону бетине жамынып келген “Human Rights Watch”уюму буга чейин да өзбек бийлигине, анын ичинде, Мирзиёевге кайрылып, жыныстык азчылыктардын укуктарын коргоого чакырган эле. Аталган уюм жарыялаган билдирүүдө: “Президент Мирзиёев Адам укуктары боюнча кеңеште сөзгө чыкканда “адам укуктары көйгөйү реформалар борборунда болушу керек” деп убада берген соң, бүгүнкү күндө бардык этибар Өзбекстанга каратылган”, – деп айтуу менен өнөктөштөрүн өзбек бийлигине басым өткөрүүгө чакырган.

Белгилүү болгондой, адам укуктары АКШ башчылыгындагы Батыш мамлекеттеринин өз кызыкчылыгына кызмат кылдырмакчы болуп жаткан алсыз мамлекеттерге басым өткөрүү куралы болуп эсептелет. Алар бул курал аркылуу мамлекеттерге басым өткөрүшөт о.э. дүйнөлүк саясатта , атаандаш мамлекеттердин  аброюн түшүрүү үчүн да ушул куралдан пайдаланышат. Мисалы, мушрик Кытай өкмөтү ондогон жылдардан бери мусулман уйгурларга зулум кылып, аларды улут катары жок кылууга аракет кылып жатканына карабастан, АКШ менен Европа мамлекеттери муну көрмөксөн болуп келишти. А бирок, Кытай өнүгүп, дүйнөдө Америкадан кийин экинчи орунда турган кубаттуу мамлекетке айланып, АКШ кызыкчылыктарына коркунуч туудура баштаган соң Батыш мамлекеттери үчүн Чыгыш Түркстандагы мусулмандардын укугун коргоо “негизги маселеге” айланып калды.

Демек жогорудагы билдирүүдөн көрүнүп тургандай, өзбек режимине басым өткөрүү үчүн “адам укуктарын”  ишке сала башташты. Бул уюмдун мурунку билдирүүсүндө “бардык этибар Өзбекстанга каратылганына” басым жасалышы, өзбек бийлиги АКШ кызыкчылыктары жолунда жетиштүү кызмат кылбай жатканын түшүндүрөт.

Ислам жана мусулмандар маселесине болсо адамзаттын эң төмөнкү абалы болгон гомосексуалисттердей да көңүл бурулган жок. Башкача айтканда, мусулмандарга атайылап кайдыгер мамиле кылышат. Батыш өзүнүн көп стандарттуулук көз карашынан келип чыгып, Ислам жана мусулмандарга ар кайсы өлкөдө ар түрдүү көңүл бурушат. Өз кезегинде, гомосексуализм жана бир жыныстуу нике маселесинде эч кандай кош стандарттуулукка жол берилбешин демократиялык акы-укуктар деген шылтоо менен акташат.

 Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет

Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…

1 day ago

Адам досунун динине ээрчийт

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам  досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

5 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

1 week ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago