Камчыбек Ташиев Ташкентке кетти
УКМКнын төрагасы КамчыбекТашиев эки өлкө ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү максатында Өзбекстанга кетти. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
“Кыргыз Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациянын башчысы – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев 22-мартта Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) кыргыз-өзбек чек арасы маселеси боюнча биргелешкен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн учуп кетти”, – деп айтылат кабарда.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен кеңешмеси өтөт.
О.э. кабарда кеңешме Ташкент шаарында 24-25-март күндөрү болору, анда кыргыз делегациясын –УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми өзбек делегациясын Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеши айтылган.
Белгилүү болгондой, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 11-12-март күндөрү Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда эки өлкө башчысы өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүү тууралуу макулдашкан.
Комментарий: Шаръий жактан алганда исламий өлкөлөр ортосунда чек ара болушу жаиз эмес. Колонизаторлордун “бөлүп таштап, өкүмдарлык кыл” ураанына ылайык СССР да эзелтеден дини, кыбыласы, базары жана мазары бир болгон Орто Азия мусулмандары ортосуна жасалма чек араларды белгиледи. Ошону менен эле чектелбестен, биздин биригип кетишибизге жол бербестик үчүн о.э. керек болгон убакта өз кызыкчылыктары жолунда пайдалануу үчүн мусулмандардын аң-сезимин улутчулдук жана мекенчилдик пикирлери менен уулады. Анын бул жийиркеничтүү планы бүгүнкү күнгө чейин “жемишин” берип, кошуна мусулмандар ортосунда чек ара жаңжалдары токтобой келет. Албетте, бул жаңжалдар карапайым калктын ортосунда табигый түрдө пайда болбойт. Эгер расмий бийлик өз ыктыярына таштап койсо, адамдар ортодо чек ара бар экенин сезбестен өз ара карым-катнашын улантышат. А бирок, Россия бирер республикага басым өткөрүп ушул аркылуу өз каалоосуна моюн сундурууну каалаган убакта анын малайлары тарабынан чек ара жаңжалдары уюштурулат. Мында табигый түрдө улутчулдук жана мекенчилдик пикирлерине таянышат.
Өткөн жылдын октябрь айында жүз берген кезектеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликке келген жаңы өкмөт иштеп жаткандай түр көрсөтүү о.э. өзүнүн ката-кемчиликтерин жабуу үчүн мына ушул чек ара маселесинен пайдаланууда. Өзбекстандан мурда Тажикстанга сапар кылган УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сапардын алдында чек ара маселесин чечүү үчүн “Тажикстанга катуу талаптар коюлушу, Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан күйүүчү май контрабандасына о.э. Кыргызстанга өтүп жаткан Кытай товарларына тыюу салынышы” жөнүндө билдирүү берди. Чек ара көйгөйлөрү кыргыз элинин кызыкчылыгы негизинде чечиле турган болду. Бул аркылуу ал карапайым жарандар алдында “упай” иштеп алууга умтулду. Өзбекстанга сапарында да негизги маселе чек аранын тактала элек 15 пайызын тактоо маселеси болот.
Жаңы бийлик Кыргызстан калкынын кызыкчылыктарын коргоп жаткандай о.э. кошуна мусулман мамлекеттер менен ушул кезге чейин чечилбеген чек ара маселелерин чечүүгө жан-үрөп киришип жаткандай болуп көрүнүүдө. А бирок, бийлик ушул аркылуу элдин көзүн жазгырып, кен байлыктарды колонизаторлорго кош-колдоп тапшырып жиберүүдө. Мурунку президенттер кол койгон деген шылтоо менен “Жерүй” алтын кенин россиялык компанияга өткөрүп берди. Кызыл -Омпол уран кенин иштетүү укугу Канадада каттоодон өткөн “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын колуна өткөнү менен, анын 60 пайыз үлүшү россиялык компанияга, 40 пайызы Кыргызстанга тийиштүү. Ооба, азырынча бул кенди иштетүү токтоп турганы менен жакынкы келечекте “мурунку президенттер кол койгон” деген шылтоо менен ала да Россияга өтүп кетиши мүмкүн. Мындан тышкары, Кытай өкмөтү карыздын ордуна Кыргызстандагы маанилүү обьектилерди берүүнү талап кылып жатканы баарыбызга белгилүү. Кыскасы, жаңы бийлик Кыргызстан калкын чек ара маселеси менен алаксытып, элдин мүлкү болгон кен-байлыктарды колонизаторлорго өткөрүп берүүдө.
Абдурахман Адилов
Трамптын жаңы аймактарды кошуп алуу тууралуу билдирүүсү токой мыйзамынан кабар берет 20-январда ант берип, кайрадан…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Адам досунун динине ээрчийт Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…