بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Суроо-жооп
Мьянмадагы аскерий төңкөрүш акыбеттери
Суроо:
«БУУнун Мьянмадагы атайын өкүлү Кристин Шранер Бургенер видеоконференцияда билдиришинче, мамлекетте 1-февралда жүз берген аскерий төңкөрүштөн бери аптанын ушул шаршембиси «эң кандуу күн» болду жана «28 демонстрант өлтүрүлдү», Мьянма коопсуздук күчтөрү аскерий бийликке нааразылык билдирип чыккан демонстранттарга карата ок атты…». (Ал-Жазира нет, 2021-жыл, 3-март). Белгилүү болгондой, Мьянма (Бирма) армиясы 2021-жылы 1-февралда мамлекетте аскерий төңкөрүш жасады. Ошол күнү жаңы парламент өзүнүн биринчи жыйынын өткөрүшү керек эле. Төңкөрүштүн артынан республика президенти, премьер-министр, көптөгөн министрлер жана саясатчылар камакка алынды. Аскерий төңкөрүшкө АКШ кескин позициясын билдирди жана бийликтин тезинен кайра тикеленишин талап кылды. Ушул төңкөрүштүн артында эмне турат? Эмнеге АКШ мынчалык ачууланды? Төңкөрүш Мьянмадагы мазлум мусулмандарга кандай таасир кылат?
Жооп: жооп ачык-айкын болушу үчүн ушуларды айтып өтөбүз:
1 – Шайлоого бир апта калганда армия менен өкмөттүн ортосунда кайым айтышуу башталган. Армия башкы командачысы генерал Мин Аун Хлайн жеке маалымат каражаттарынын бирине берген интервьюсунда шайлоо комиссиясынын (UEC) ишенимдүүлүгү жана калыстыгы шектүү экенин баса белгилеген. Ал шайлоо комиссиясын добуш берүүдөн мурунку тартип-эрежелерди жана мыйзамдарды үлкөн масштабда бузду деп айыптады. Буга жооп иретинде өкмөттүн пресс катчысы армия командачысынын билдирүүлөрүн сындап, аларды негизсиз айыптоолор деди жана бул билдирүүлөр конституциядагы «Мамлекет кызматчылары, аскерийлер жана полиция кызматкерлери партиялык саясаттан сыртта болушу керек» деген көрсөтмөгө карама-каршы келип жатканын эскертти. О.э. армиянын «Эгер, Демократия үчүн Улуттук Лига бул жолку шайлоолордо дагы жеңип чыкса, армия кол куушуруп отурбайт…» деп ачык айтылган сөздөрү да сынга алынды. (Хадаф маалымат агенттиги, 2021-жыл, 11-январ). Бул нерселерден армия, эгер Улуттук Лига шайлоолордо утуп чыкса, алдын ала төңкөрүшкө даярдык көргөндүгү айкын болууда.
2 – Аун Сан Су Чжинин «Демократия үчүн Улуттук Лига» партиясы 2020-жылдын ноябрындагы шайлоолордо 83% добуш менен экинчи жолу жеңип чыкты. Бул жыйынтык 2015-жылдагы шайлоолордон кыйла көп, ал шайлоолордо 75% добуш менен жеңген эле. Ошондо армия түзгөн «Биримдик партиясы» парламенттеги жалпы 476 орундун болгону 33 орунун гана ээлеген. Ошондуктан, армия бул жолу кол куушуруп отурбайбыз деп опузалап, 2008-жылы конституцияга киргизилген, Су Чжи жана анын мурунку өкмөтү тарабынан кабыл алынган беренеден пайдаланды. Белгилүү болгондой, бул берене парламенттеги орундардын 25%ын армия ээлеши жана коргоо, ички иштер, чегара кошуундары министрликтери түздөн-түз армияга моюн сунары айтылган. О.э. армия аралашууну зарыл деп билген учурда аралашуу укугуна ээ экени да белгиленген. Кече армия жаңы парламенттин жыйынына бир нече саат калганда конституциядагы ушул беренеден пайдаланды. Т.а. армия парламент жыйынынан жана шайлоо натыйжалары конституциялык тастыктан өтүшүнөн мурун аскерий төңкөрүш жасады. Андан кийин аскерий төңкөрүшкө каршы массалык нааразылыктар башталып, 2021-жылы 3-март шаршемби күнкү демонстрация демонстрациялардын эң айыгышканы болду: «БУУнун Мьянмадагы атайын өкүлү Кристин Шранер Бургенер видеоконференцияда билдиришинче, мамлекетте 1-февралда жүз берген аскерий төңкөрүштөн бери аптанын ушул шаршембиси «эң кандуу күн» болду жана «28 демонстрант өлтүрүлдү», Мьянма коопсуздук күчтөрү аскерий бийликке нааразылык билдирип чыккан демонстранттарга карата ок атты…». (Ал-Жазира нет, 2021-жыл, 3-март). Ага карабастан, нааразылык демонстрациялар бир аз басаңдаган болсо да, бирок токтободу.
3 – Армия башкы командачысы генерал Мин Аун Хлайн, Мьянма армиясынын дагы үч командачысы менен бирге 2019-жылдын декабрынан тарта АКШнын санкцияларынын тизмесине киргизилген. Аларга «адам укуктарын олуттуу түрдө бузуу» айыптоосу коюлган. Бул болсо, генерал өзүнүн келечеги жана тагдыры үчүн кабатырлануусуна себеп болду. Анткени, эгер ал пенсияга чыга турган болсо, өзүн коргой албай калат. Ал 2016-жылы армия башкы командачысы кызматынан бошотулушу керек эле. Бирок, ал өзүнүн жаңы мөөнөтүн узартууга жетишип, 2021-жылдын жайында пенсияга чыгууга убада берди. Ал пенсияга чыккандан кийин да англистердин малайы катары саясий роль ойноону каалап жатканы көрүнүп турат. Аны президенттикке талапкер кылып көрсөткөндөр да чыкты. Өкүмдар аскерий кеңештин жыйынынан соң, 2021-жылы 1-февралда армиянын расмий веб-сайтында жарыяланган төмөнкү сөздөр ушуга ишара кылынган: «Армия командачысы генерал Мин Аун Хлайн чыныгы плюралисттик демократиялык системаны ишке ашыруу менен шугулданууга убада берди». Бул болсо, анын президенттикке шилтеген кадамы болуп эсептелет.
4 – Ошентип, армия шайлоонун натыйжаларын моюнга албады. Анткени, шайлоонун натыйжалары армиянын 1962-жылдан бери келе жаткан бийликтеги өкүмдарлыгына коркунуч туудурат. Ошондуктан, армия шайлоодо он миллион бурмалоо болгондугун баса белгилеп, Сан Су Чжи дайындаган шайлоо комиссиясын тил бириктирүүдө айыптады. Бирок, Сан Су Чжи бул айыптоолорго маани бербестен, жаңы парламенттин биринчи жыйынын өткөрүүгө аракет кылды. Натыйжада, армия командачысы өзгөчө кырдаал жарыя кылууга жана бийликти ээлөөгө уруксат берген конституциядагы беренени аткаруу менен коркутту. Жаңы парламенттин биринчи жыйынына бир нече саат калганда армия командачысы жыйынды кечиктирүүнү талап кылды. Бирок, ноябрда болуп өткөн, Сан Су Чжи партиясы жеңип чыккан шайлоолордон соң Сан Су Чжи жана анын партиясынын жетекчилери армиянын талабын аткаруудан баш тартышты. Ошондо армия алардын баш тартуусунан пайдаланып, бийликти ээлеп алды, кийин өзгөчө кырдаал жарыялады. Армия өкмөт кеңешчиси Аун Сан Су Чжи менен президент Вин Мьиндерди камакка алды. Аларды үй камагына алып, аларга кылмыш ишин козгоду.
5 – Маселе, түпкүлүгүндө шайлоолорду бурмалоо да, алардын ачык-айкын эместиги да эмес. Анткени, эки тарап тең өз партияларынын пайдасына шайлоо оюндарына баруудан кайра тартышпайт. Маселе саясий күрөштө. Бул күрөштү бир тарапта АКШ жана анын малайы Сан Су Чжи, экинчи тарапта Британия жана анын малайы болгон армия командачысы алып барууда. Америка Сан Су Чжини колдоп-кубаттап, бул аркылуу Мьянманы Кытайды басаңдатуу чекитине айлантууну көздөп жатат. Британияга келсек, ал Индия жарым аралын өзүнүн таасирине алып, Мьянма армиясын түзгөндөн бери Мьянманы өз колунда кармап келген. Ошондон бери Мьянмада армия түздөн-түз же кыйыр түрдө өкүмдарлык кылып келет. Бул абал Америка Су Чжи партиясын колдоп-кубаттап, анын партиясы 2015-жылы шайлоолордо чоң жеңишке жетишип, бийликти колго алганга чейин уланды. Бирок, армиянын 2008-жылдагы конституцияда көрсөтүлгөн укутары себептүү Су Чжи партиясынын бардык иш-аракеттери дээрлик армиянын көзөмөлүндө калды. 2020-жылдагы шайлоолордо бул партия 83% добуш менен жеңген, Британия мамлекетте Американын таасири орношуп калышынан кабатырланып, армияны төңкөрүш жасоого аракеттендирди жана ошондой да болду. Бул нерсе ушуну түшүндүрөт: Мьянмадагы окуялар АКШ-Британия ортосундагы саясий күрөштүн натыйжасында келип чыкты. Ал эми, шайлоолор үстүртөн көрүнгөн көрүнүштөн башка нерсе эмес. Түпкүлүгүндө, бул жерде күрөш болуп жатканы ар кандай акыл калчаган киши үчүн мурунтадан белгилүү эле. 2012-жылы 26-июнда жарыяланган суроо-жоопто мындай дегенбиз: «Мьянмадагы режим аскерий формадагы генералдар тарабынан түздөн-түз көзөмөл кылынат. Учурда аны жарандык кийимдеги отставкага чыккан генералдар башкарышууда. Режим болсо дагы эле англистерге берилген бойдон калууда. Англистер бул режимди жашыруун жана ашкере, түздөн-түз жана кыйыр түрдө малайлары аркылуу колдоп-кубаттап келишти. Мусулмандарды кыргын кылуу, кыйноого салып өч алууда бутпарастарды колдоп-кубаттаган да ушул Англия болот. Бул кылмыштар бүгүн эле эмес, бул өлкөдө Ислам башкаруусу бүткөн күндөн бери уланып келүүдө. Америкага келсек, ал Аун Сан Су Чжи жетектеген «Демократия үчүн Улуттук Лига» партиясын колдоп-кубаттайт. Американын көмөгү менен 1991-жылы Тынчтык үчүн Нобель сыйлыгын алган бул аял Аун Сандын кызы болот. Ал эми, Аун Сан англистерге каршы болчу жана ал 1947-жылы өлтүрүлгөн. Ошентип, Америка Мьянмадагы кырдаалга ыраазы эмес…». (цитата бүттү).
6 – Ушундай таризде Американын реакциясы күчтүү болду. Ак үйдүн пресс катчысы Жен Псаки бул тууралуу мындай билдирүү берди: «Кошмо Штаттар Мьянмадагы акыркы шайлоолордун натыйжаларын өзгөртүүгө да, демократиялык өзгөрүүлөргө тоскоолдук кылган ар кандай аракеттерге да каршы. Эгер, ушул кадамдар бекер кылынбаса, АКШ жооптуу тараптарга чара көрөт». (Би-Би-Си жана Франс-Пресс, 2021-жыл, 1-январь). АКШ Мамлекет катчысы Энтони Блинкен «Мьянмадагы бардык мамлекеттик расмийлерди жана жарандык коомдун лидерлерин азат кылууга чакырып, аскерийлер мындай чараларды тезинен токтотушу керек деп баса белгиледи». (Би-Би-Си, 2021-жыл, 1-январ). Обама доорунда Чыгыш Азия маселелери боюнча мамлекеттик катчынын жардамчысы болгон жана Аун Сан Су Чжи менен жакшы мамилеге ээ Дэниел Рассел кезектеги бийликти басып алуу аракетин «региондогу демократияга каршы сокку» деп атады. (Франс-Пресс, 2021-жыл, 1-январь). Рейтер маалымат агенттиги 2021-жылы 2-февралда америкалык бир расмийдин сөздөрүн жарыялады. Ага ылайык, АКШнын Бириккен Аскерий штабыдын башчыларынын жетекчиси генерал Марк Милли Ак үйдүн талабы негизинде Мьянма армиясы менен алака орнотууга урунган, бирок, оңунан чыкпаган. Рейтер маалымат агенттигинин кабарында «Мьянма аскерий күчтөрү Кытай менен бекем алакага ээ. Бирок, АКШ аскерийлери менен болсо, анчалык алакага ээ эмес» делет. Мындан ачык-айкын маалым болгондой, Аун Сан Су Чжинин артында Америка турат. Американын Мьянмага мынчалык маани берип жатканынын себеби бул мамлекет Кытай менен чектешкендигинде. Ушул шарттардан улам, Америка Кытайды ар тараптуу курчап алмакчы. Ал Кытайдын жада калса регионго кеңейишин алдын алып, өз жеринде камалып калышын көздөөдө. Ал эми, Америка Мьянмада Британия таасирине чекит коюуга, аны бардык региондордон, өзгөчө, Индия жарым аралынан жоготууга аракет кылууда.
7 – Ага карабастан, Британия өзүнүн саясий айла-амалдуулугун ишке салып, 1962-жылдагы биринчи аскерий төңкөрүштөн бери Мьянма армиясындагы малайларынын чыныгы жүзүн т.а. алар британиячыл экенин пардалоо үчүн аларга Кытайга достук билдирүүнү, ал жердеги коммунисттер жана Россия менен жакындашууну буйруду. Андан кийин Россия менен Кытай Мьянма режимин АКШга каршы колдоп-кубаттоого киришишти. Ошондуктан, жакында Су Чжи өкмөтүнө каршы аскерий төңкөрүш жасалганда Британия каршы реакцияларды азайтуу үчүн Коопсуздук Кеңешине аскерий төңкөрүштү каралоо жана бийликти кайра тикелөө жөнүндө резолюция долбоорун сунуштады. Британия армия жетектеген режимди ачык-айкын колдоп-кубаттап жаткан Кытайдын бул резолюцияга каршы чыгышын билген. Бул жөнүндө Британиянын Коопсуздук Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Барбара Вудвород Кеңешке Британиянын резолюция долбоорун сунуштап, дипломатиялык жумшактык менен мындай деди: «Биз мүмкүн болушунча конструктивдүү талкуу алып баруунун жана бир катар иш-аракеттерди карап чыгуунун тарапкерибиз… О.э. элдин демократиялык умтулууларын урматтоого кайтууну каалайбыз…». (Арабий 21, 2021-жыл, 2-февраль). Чынында эле Британия 2021-жылы 2-февралда Коопсуздук Кеңешине резолюция долбоорун сунуштаганда Кытай каршылык кылды. Төңкөрүшчүлөрдү колдоп-кубаттаган позицияда турганын башынан эле ачык билдирип келе жаткан Кытай тышкы иштер министрлигинин пресс катчысы Ван Вэньбин аркылуу мындай деди: «Кытай – Мьянманын дос кошунасы. Биз Мьянмадагы бардык тараптар өз ара келишпестиктерин конституциялык жана мыйзамдуу негизде чечип алышат жана социалдык туруктуулукту сактап калышат деген үмүттөбүз. О.э. Мьянмада эмнелер болуп жатканын күзөтүп, кырдаалды дагы да терең түшүнүүгө аракет кылып жатабыз…». (Синьхуа маалымат агенттиги, 2021-жыл, 1-февраль). Россия аскерий төңкөрүштү каралабады. Россия тышкы иштер министрлиги мындай билдирүү берди: «Биз саясий сүйлөшүү кайра жолго коюлушу жана өлкөнүн туруктуу социалдык жана экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо аркылуу кырдаалды учурдагы мыйзамга ылайык тынч жол менен чечүүнүн тарапкерибиз». (Новости, 2021-жыл, 1-февраль). Демек, Россия менен Кытай Мьянма армиясынын тарабында турушат. Британия өзүнүн айла-амалдуу оюнун ийгиликтүү ишке ашырды!
8 – Эми, Мьянмадагы мусулмандарга келсек, бүгүнкү аскерий төңкөрүштүн жетекчиси 2017-жылы мусулмандардын кыргын болушуна жана өлкөдөн көчүрүлүшүнө биринчи кезекте жоопкер кимсе, буга шек-күмөн жок. БУУ пресс катчысы Стефан Дюжаррик 2021-жылы 1-февралда мындай билдирүү берди: «Учурда Рахин (Аракан) вилаятында 600 миң тегерегинде рохинжа бар. Алардын 120 миңи лагерлерде «камакта» кармалгандай абалда калып, эркин аракеттене алышпайт. Саламаттыкты сактоо, таалим сыяктуу негизги кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү абдан чектелген. Ошондуктан бул кырдаалдагы окуялар аларга абдан жаман таасир кылышынан кабатырланып жатабыз». (Рейтер, 2021-жыл, 1-февраль). Ушуну баса белгилөө зарыл, мусулмандардын репрессия кылынышына бул эки мамлекет (АКШ, Британия) тең шерик, болгону услубдарында айырма бар. Биз 2012-жылы 26-июнда жарыялаган суроо-жоопто мындай дегенбиз: «Мьянмадагы Британия менен АКШнын ортосундагы күрөш саясий болсо да, бирок мусулмандарды репрессия кылууда бутпарастарды колдоп-кубаттоого эки тарап терең ыраазы. Буга карата Батыштын айткан инсанийлик туйгусу да козголбой жатат, жалаң гана курулай сөздөргө чектелүүдө». (цитата бүттү). Реалдуулукта да дал ушундай болду… Мьянма армиясы жана мусулмандарды жек көргөн бутпарастар 2017-жылы мусулмандарды жапырт репрессия кылып жатканда буга каршы АКШ айтарлык эч нерсе кылбады! Анын малайы Тынчтык үчүн Нобель сыйлыгынын ээси Су Чжи болсо, армиянын жүз миңдеген мусулманды бастырып, өлкөдөн кууп чыгуусун колдоп-кубаттады! Аракан вилаятынан көчүрүлгөн рохинжа мусулмандарынын саны 700 миңден ашты. Алардын жерлери жана мүлктөрү ээлеп алынды. Армия башкы командачысы генерал Мин Аун Хлайн Фейсбуктагы баракчасында 2017-жылы 19-сентябрда мусулмандарга карата өтө кыжырдантчу сөздөрдү жазып, алардын бул өлкөдө болушун жана акы-укуктарын бүтүндөй четке какты. Ал Британия менен Европанын колдоп-кубаттоосуна ишенгени үчүн, эл аралык реакциядан коркпогону үчүн ушундай сөздөрдү айтты. Ал өз баракчасында мындай деген: «Алар бизден аларды рохинжалар катары моюнга алуубузду талап кылышууда. Негизи, алар Мьянмада бир жамаат гана, бир күн да этникалык топ болушкан эмес». Ал рохинжаларды бенгалдар деп эсептеп, «Бенгалдар маселеси – өздөрүнүн улуттук маселеси. Бизге бул жаатта чындыкты ачып берүү үчүн биримдик керек», – деди. Армия баса белгилешинче, «Рахиндин түндүгүндө алып барылган амалияттар 25-августта полиция борборлоруна чабуул кылышкан рохинжа козголоңчуларын жок кылууга багытталган». (Би-Би-Си радиосу, 2017-жыл, 17-сентябрь). Би-Би-Си кошумчалашынча, «Армия башкы командачысы Хлайн өткөн жылы, 2016-жылы ноябрда Европага сапар кылган. Европа армиясынын командачылыгы Хлайнды конференцияга чакырып, аны алкыштоо менен күтүп алган. Италияда да, Белгияда да анын келишине каршы эч бир нааразылык демонстрация болбогон». Батыш жана анын Мьянмада күрөшүп жаткан эки мамлекети тең мусулмандарга каршы иш-аракеттерге таптакыр кабатырланбайт. Өзүнүн колониялык доорунда башка региондордо мусулмандарды кыргын кылган да, Босня сыяктуу мамлекеттерде геноцид кылынышына көз жумуп турган да Батыш болот. О.э. Фалестинди басып алып, ал жерде абдан көп мусулмандарды өлтүрүп жаткан жана кууп чыгарып жаткан яхудий вужудун колдоп-кубаттоочу да Батыш болот. Яхудийлердин бул кылмыштары Батыштын көз жана кулактары алдында жасалууда. Бирок, Британия жана Америка, экөөсү тең Мьянмадагы мусулмандардын азап-кыйынчылыктарынан керек болгон учурда саясий максаттар үчүн пайдаланышат.
Эми, Американын айрым мьянмалык аскерийлерге, аскерий төңкөрүштүн жетекчилерине санкцияларды колдонуусуна келсек, алар англистерге малай болгону үчүн гана санкцияларды колдонууда, мусулмандарды репрессия кылышканы жана өлкөдөн кууп чыгышканы үчүн эмес. Андай болбосо, анда Америка санкцияларды Мьянма премьер-министри Аун Сан Су Чжиге да колдонушу керек эле. Анткени, бул аял ушул репрессияны колдоп-кубаттап, аны каралоодон же армияны жана бутпарастарды айыптоодон баш тартты. Ошондой болсо да, ал санкциялар тизмесине киргизилген жок.
9 – Ислам дүйнөсүндөгү режимдерге келсек, аларды мусулмандардын маселеси кабатырлантпайт. Ошондуктан, алар Мьянмадагы режимге эч кандай басым кылышпады. Азыр да бул режимдердин ал жердеги мусулмандарга жардам беришине үмүт жок. Алардын баары демократияга каршы болгон төңкөрүштү каралоо менен АКШ жана Батыштын саясатына ойноп беришүүдө, мусулмандардын маселеси алардын оюна да келген жок. Себеби, мусулмандардын калканы – халифа тикеленген жок! Расулуллах ﷺ мындай деген:
«الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
«Имам – калкан, анын артында туруп согуш кылынат, аны менен корголот». Эгер, мусулмандардын халифасы болгондо, ал «Оо Муътасим» деп жардамга чакырган бир рохинжа муслимасына да сүкүт кылбайт эле!
Бирок, бир аял эмес, дүйнөдө миңдеген мусулмандар өлтүрүлүүдө, журттарынан кууп чыгарылууда. Ушул себептен улам, Халифалык түзүмүн тикелөөгө олуттуу аракет кылуу фарздардын фарзына айланды. Аллахтын уруксаты менен, Халифалык тикеленген күндө жер планетасынын чар тарабындагы Мухаммаддын Умматын жардамсыз калтырбайт. Ал – Расулуллах ﷺ:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот», деп башарат кылган түзүм ушул биз даъват кылып жаткан Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык.
﴿وَيَقُولُونَ مَتَى هُوَ قُلْ عَسَى أَن يَكُونَ قَرِيباً﴾
«Алар: «Ал качан болот?» деп сурашат. Айткын: «Балким жакында болоор!» [17:51]
21–ражаб, 1442-х.
6–март, 2021–м.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Мужтахиддин сообу Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү Бул түндө Ислам жана мусулмандардын эр кишилеринин бири…
Басма сөз баянаты Яхудий вужудунун ээн баштыгын жана Шам жерин бутага алган чабуулдарын исламий башкаруу…
Басма сөз баянаты Судан коопсуздук кызматкерлери Хизб-ут-Тахрирдин мүчөсү устаз Фатих Абдуллахты камакка алды Үч күн…
Басма сөз баянаты Эки жыл Исламсыз башкаруу: илахий аманатка кыянаттык Малайзия премьер-министри Анвар Ибрахим 2024-жылы…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…
View Comments
lasuna buy online - buy generic himcolin over the counter himcolin pill
buy probenecid 500mg pills - buy monograph medication tegretol 400mg pills
buy generic celebrex online - brand celebrex 100mg buy indocin pill
cheap metronidazole 400mg - order flagyl 400mg generic buy cenforce online cheap
augmentin generic - brand levoxyl levothyroxine pills
alendronate canada - oral fosamax 70mg buy provera sale
aygestin 5mg over the counter - buy yasmin pills yasmin for sale online
гѓ—гѓ¬гѓ‰гѓ‹гѓі еЂ‹дєєијёе…Ґ гЃЉгЃ™гЃ™г‚Ѓ - гѓ—гѓ¬гѓ‰гѓ‹гѓі е‰ЇдЅњз”Ё г‚ёг‚№гѓгѓћгѓѓг‚Ї - 500mg