Кыргызстан Сириядагы жарандарын алып келет
Кыргызстан Сирияга кетип, мекенине кайта албай жаткан жарандарынын алгачкы тобун учак менен алып келет. Бул тууралуу 10-мартта парламенттин жалпы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов билдирди.
Анын айтымында, бул боюнча Өкмөттүн буйругу чыккан. Атайын делегация барып алып келишет.
Министрдин орун басары белгилегендей, Сирия, Ирак мамлекеттери менен Кыргызстандын ортосунда эркинен ажыратылган жарандарды өткөрүп берүү тууралуу макулдашуу жок, андыктан мындай жазасын мекенинде өтөө үчүн шарт түзүү азырынча мүмкүн эмес.
Белгилей кетсек, Шамда согуш башталганда эл аралык күчтөр Түркия аркылуу Сирияга корридор ачып берген эле. Акимдер болсо өз өлкөсүнөн чыгып бара жаткан мусулмандар агымына көз жумуп, аларды эл аралык саясаттын ыктыярына тапшырып коюшту.
Бүгүнкү күндө Сириядагы кырдаал өзгөрүп т.а. бул мухажирлер Америка кызыкчылыктарына кызмат кылып бүткөндүктөн, АКШ эми ал жердеги мужахиддердин кармалгандарын өз мекенине кайтарууга аракет кылышууда. Муну менен, кайрадан өз кызыкчылыктарына кызмат кылып бере турган “ячейкалар” түзүүгө кызыкдар. Ал эми Россия болсо, Сириядан кайткан мухажирлерди жасалма уюштурула турган теракттарга айыптап, өз кызыкчылыктарына пайдалануу менен, Исламга жалаа жабууну көздөп калды көрүнөт.
Буга чейин Кыргызстандын Сириядагы жарандарын алып келүүгө АКШ үндөгөнү менен Орусия тоскоолдук кылып келген. Анткени, бийлик алсыздыгы себептүү АКШ жаратышы мүмкүн болгон башаламандыктарды көзөмөлдөй алмак эмес. Учурда Орусиянын жашыл жарыгы өлкөдө бийликке карата нааразылыкты мусулмандарга карата чабуулдарга буруп жиберүү үчүн күйүп жаткандай. Демек, Кыргызстан мусулмандары акыркы учурдагы бийликтин мусулмандарга карата аракетине дыкаттык менен көз салып, аларды колонизаторлордун тузагына түшпөөгө чакырышыбыз шарт! Анткени, бир мусулмандын каны Каабадан да ыйык экени риваят кылынат! Каапыр колонизаторлор үчүн мусулмандар каны эч кандай баага эмес! Алар үчүн согуш-башаламандыктардын артынан өздөрүнүн таасирин сактап калуу, мусулман калктарынын байлыктарына ээлик кылуу маанилүү!
Мумтаз Маверанахрий