Жаңылыктар

дүйнөнү тозокко айланткан капитализм

дүйнөнү тозокко айланткан капитализм

centralasia.media кабарлашынча, 3-мартта Түркмөнстан тургуну, эки кыздын энеси Ыкбал Эгенбердиева өзүн өрттөп бул дүйнө менен кош айтышты. Ыкбал Эгенбердиева жана анын жолдошунун туруктуу жумушу болбогон. Бул үй-бүлө жер арендалап буудай өстүрүп жан багышчу. Бирок бул иш үй-бүлөнү багууга жетиштүү болбогондуктан, Ыкбал базарда мөмө-жемиш сатып жүргөн. Пандемияга каршы иш-чаралардан улам, бир жылдан бери базарлар жабык турат, ошондуктан бул үй-бүлөдө жан багуу үчүн каражат калбаган. 3-мартта Ыкбал чарба буюмдары турган бөлмөгө кирип, өзүнө бензин чачып, өзүн өрттөгөн. Аял ооруканага бара жатканда жан берген.

Түркмөнстан газ өндүрүү боюнча 11 орунда турат, жылына 80 млрд м3дан ашуун газ өндүрөт. Ошого карабастан эли жакыр жашайт. Өлкөдө адамдын эмес, ит менен аттын кадыры жогору, алардын майрамы белгиленет, алар үчүн эстеликтер тургузулат. Өлкөдөгү ресурстар президент баш болгон бир ууч байлардын колунда. Андан тышкары, Түркмөнстан да башка мусулман өлкөлөрү сыяктуу колонизаторго малай режим болгондуктан, өлкөдөгү ресурстардын чыныгы кожоюну ошол колонизаторлор, башкача айтканда Түркмөнстан режими газды кимге сатат, канчадан сатат – мунун баарын колонизатор чечет.

Бул окуя «араб жазы» козголоңдоруна себепкер болгон Тунистеги окуяны эске салат. Ошондо да бир тунистик киши жан багуу үчүн арабасында биртке товар сатып жүргөн жеринде, полицейлер келип соода кылуусуна тыюу салышкан. Ал киши да аргасыз, жаны кашайгандан улам, каршылык билдирип өзүн өрттөп жиберген. Мындай окуялар дүйнөдө абдан көп, жанын багуу үчүн чыркырап алдастап жүргөн адамдар. Калың эл үчүн жан багуу, биртке киреше табуу тозокко айланды. Капитализм (демократия) системасы адамзатка кам көрүүгө, жумуш менен камсыздоого жараксыздыгын көрсөтүүдө. Себеби капитализм күчтүүлөргө жол ачкан система. БУУнун маалыматы боюнча, дүйнөдө дээрлик 1 миллиардга жакын адам өтө жакырчылыкта жашашат, ал эми дүйнө калкынын 50 пайыздан ашууну күнүнө 2,5 доллардан аз киреше табат. Капитализм (демократия) системасы бир ууч байлардын ашынып байышына, калган калктын өтө жакырланышына шарт жараткан колониялдык система. Ошондуктан капитализм кулап, ресурстарды адилеттүү бөлүштүрүп, адамга адам деген назарда кам көргөн система орнотулмайын адамзат дагы көпкө азап тартышы турган кеп. Андай система бир гана Исламда камтылган.

Аллах Таала Таха сүрөсүнүн 124-аятында айтат:

 «Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот»          [20:124]

Харун Абдулхак

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

15 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

15 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

2 days ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago