Жаңылыктар

Эгер силерге Аллах жар болсо, силерди эч ким жеңе албайт

 Эгер силерге Аллах жар болсо, силерди эч ким жеңе албайт

Халифалык мамлекетин тикелөө жөнүндө сөз болуп жатканда айрым адамдар: “Азыркы глобалдашуу заманында, дүйнөлүк саясатты башкарып жаткан мамлекеттер болуп көрбөгөндөй аскерий кубатка ээ болуп турган учурда муну ишке ашыруу мүмкүн эмес. Ири мамлекеттер өзүнө атаандаш мамлекет пайда болушуна, бутка туруп, жетекчиликти тартып алышына эч качан жол беришпейт…” – деген маанидеги сөздөрдү айтышат. Алардын мындай баа беришине Үммөттүн учурдагы алсыз абалын, чачырандылыгын, ал тургай Үммөт өзүнүн диний баалуулуктарын коргоого да алсыздык кылып жатканын себеп кылып көрсөтүшөт. Чындап эле ушундайбы?

 Эгер тышынан караганда, бардык иштерге жалаң гана вакиъ жана акыл о.э. мусулмандардын өзүндөгү кубат жана мүмкүнчүлүккө назар салган абалда баа бериле турган болсо, алардын сөздөрү акыйкатка жакын болуп көрүнөт. А бирок, ушул орунда биз мусулмандар үчүн этикадий маселе  болгон Аллахтын нусраты, Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.)дын башаратына болгон ишеним, өз мүмкүнчүлүгүбүздөгү иштерди толук аткарган абалда, натыйжаны Аллахка тобокел кылуу этибарсыз калып жатат. Сийратка көңүл бурган болсок, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Мадинада Ислам мамлекетин тикелеген кезде өз заманынын кубаттуу мамлекеттери Рум жана Перс империялары бар эле. Ошондой болсо да, мусулмандар өз мойнундагы аманатты өтөө жолунда жан үрөп аракет кыла башташты. Мамлекетти бекемдөө менен бир катарда, Ислам рисолатын дүйнөгө даъват жана жихад жолу менен алып чыгышты. Алар мүмкүнчүлүгүндөгү ишти аткарган абалда, Аллахка чындап тобокел кылышты. Натыйжада кыска убакыттын ичинде ошол кубаттуу мамлекеттерди жеңип, дүйнөдөгү жетекчи күчкө айланышты жана дүйнөгө кылымдар бою адилеттүүлүк жана кадыржамдык тартуулап келишти…

Азыр үстүбүздө өкүм жүргүзүп жаткан капиталисттик түзүм жана анын демөөрчүлөрү болгон кубаттуу мамлекеттердин да – тарыхта болгондой эле – Ислам мамлекети жарыяланган убакта ага каршы чыгары жана бул жолдо колундагы бардык каражаттарды ишке салары анык. А бирок, алардын бул аракети мууздалган малдын жан берип жаткандагы тыбырчылашына окшош болуп, ал тез арада жан берет. Мындай деп айтышыбыздын себеби, азыр тышкы көрүнүшү кубаттуу болгон куфр мамлекеттери алда качан эле ичинен чирип, жардын кырына келип калган. Бул түзүм саясий (башкаруу), экономикалык, социалдык… тармактарда кризиске дуушар болгонуна бир топ убакыт болду. Башкарууда жараксыздыгынын себеби, бул түзүм карапайым жарандардын эмес, ири капиталисттердин кызыкчылыгына кызмат кылышы, бардык нерсеге жеке кызыкчылык көз карашынан назар салышы, камкор башкаруучулук жөндөмүнө ээ эместиги себептүү, ал тургай өз жарандарынын ишениминен ажырап калууда. Себеби, камкордук менен башкаруучу адам дүйнөнү амандык жээгине алып чыгуу үчүн өзүндөгү кээ бир нерселерди курмандыкка чалат, өзү муктаж болуп турса да жана адамзатты башкаруу жаатында кыйынчылыктарга туш болсо да, өзүн коюп өзгө адамдардын муктаждыгын жогору коёт…

Капитализм табиятында болгон экономикалык, каржылык кризистер себептүү бул мамлекеттердин экономикасы кризиске жүздөндү. Үлкөн карыздар баткагына батып калды. Азыр бул мамлекеттер жалаң гана кредиттер жана эч нерсеге негизделбеген кагаз акчаларды басып чыгаруу менен гана “тирүү” болуп турат. Социалдык тармакта болсо гендердик тең укуктуулук  урааны менен аялдар зомбулук курмандыгына айланып, эксплуатация кылынып жатышат. Жакырчылык жана рухий кризистер себептүү өз өмүрүнө кол салуу көрүнүштөрү көбөйүп бара жатат. О.э.бир жыныстуу никеге уруксат берилиши себептүү төрөлүү көрсөткүчү төмөндөп, тез карып бара жаткан коомго айланып калды. Батыш мамлекеттериндеги калктарда өздөрүндөгү проблемаларды чечүү жана рухий кадыржамдык табуу үмүтүндө Исламга кайрылуу, бул динди канааттануу жана кадыржамдык менен кабыл алуу көрүнүштөрү күн өткөн сайын көбөйүп барууда. Коомдордо Исламдын кадыр-баркы өсүп, мусулмандардын саны  көбөйүп барууда. Ошол себептен да алар коом исламдашып бара жатышын алдын алуу үчүн Исламды жаманатты кылууга, бузуп көрсөтүүгө о.э. бул динди террорчулар дини кылып көрсөтүүгө аракет кылып жатышат.

 Бүгүнкү күндө капиталисттик мамлекеттер таянып жаткан негизги күч – алардын аскерий кубаты гана. А бирок, алардын бул кубаты да алдамчы көрүнүш болуп, бир күчтүү соккуга туруштук бере албашы анык. Бүгүнкү күндө бирикпеген, бир башчыга моюн сунбаган жихадий кыймылдар алардын аскерий кубаты канчалык экендигин ачыктап койду. Буга АКШ жана НАТО күчтөрү Афганистанда баткакка батып калганын, жеңилгенин жашырып, жеңгендей түр көрсөтүп чыгып кетүү үчүн ар түрдүү айла-амалдарды ишке салып жатканын мисал келтирсек болот. Мындан тышкары, аскерий кубаты менен ар дайым сыймыктанып келген Россия Чеченстандагы согушту жырткычтык кыргындар аркылуу гана токтото алды, мусулман жана мусулман эмес мамлекеттердин күчтөрүнөн турган аскерий коалиция Сирия ынкылабын токтото албай жатат. Ыйманына бекем турган жихадий кыймылдар коалицияга мүчө мамлекеттер үчүн “баш оору” болуп турган бир учурда, Халифалык мамлекети тикеленип, бир командачы башчылыгында азиздик үчүн жанын курман кылууга даяр болгон миллиондогон аскер, жүз миңдеген танк жана аскерий учактар, буга кошумча, атом бомбасына ээ болгон кошуун каршысында алар кандай абалга түшкөнүн элестетүү кыйын эмес. Албетте, ал үчүн азиз нерселерибизди курмандыкка чалууга даяр болушубуз, колубуздан келген бардык иштерди толук аткарып, натыйжаны Аллахка тобокел кылып, Анын убадасына ишенүүбүз шарт. Аллах Таала айтат:

إِنْ يَنْصُرْكُمُ اللَّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُم

 “Эгер, силерге Аллах нусрат берсе, эч ким силерден үстөм болбойт (3:160).

Колонизатор кафирлер Ислам жана мусулмандар каршысында алсыз экендигин түшүнүп турушат. О.э. өздөрүнүн түзүмү адамзатты бактысыздык жана азап-кыйынчылыктардан куткара албастыгын түшүнүп жатышат. Исламдан коркуп, кайрадан биригишибизден кооптонушууда. Ошондуктан да жүз жыл мурда бизди бөлүп таштагандан кийин кайрадан биригишибизге жол бербестик үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жатышат. Муну биз алардын кутуруп чабуул кылып жатышынан, “терроризм” шылтоосу менен жасалма согуштарды чыгарып жатышынан, малай акимдерибизден бизге каршы пайдаланып жатышынан түшүнүп алсак болот. Демек ушундай болгон соң, Аллахтын арканын бекем кармагыла, эч качан алардан коркпогула, Аллах Субханахунун убадасынан шек санабагыла. Себеби, бизди жана ааламды жараткан Зат – Расулуллах (с.а.в.)га жана аны менен бирге болгондорго нусрат бергендей эле – бизге да нусрат берүүгө кудуреттүү. Биз Халифалык кулатылышын эскерип жатып, сизди да ушул улуу фарзды биргеликте өтөөгө, исламий жашоону кайрадан баштоого чакырабыз. Биз Расулуллах (с.а.в.)дын:

ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ

Кийин пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот”, – деген башараты жүзөгө чыгышына шек-күмөнсүз ишенебиз.

Хизб ут Тахрир – Кыргызстан маалымат бөлүмү

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 day ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

2 days ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

2 days ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

4 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

5 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

6 days ago