Жаңылыктар

Капиталисттик түзүмгө моюн сунган жаңы өкмөттүн тушунда элибиздин абалы жаман тарапка гана өзгөрөт!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Капиталисттик түзүмгө моюн сунган жаңы өкмөттүн тушунда элибиздин абалы жаман тарапка гана өзгөрөт!

Судан премьер-министри партиялык жана регионалдык квоталар негизинде жаңыдан түзүлгөн министрлерди жарыялады. Буга карата Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү чыгарып, ушуларды баса белгиленди: «Министрлер даражасындагы бул өзгөрүү биринчиси да, албетте акыркысы да эмес. Түпкүлүгүндө, бул белгилүү жүздөрдү башка жүздөргө өзгөртүү болуп, режим өзгөрүүсүз калган. Бул режим – колонизатор англистер Судандан өз армиясын алып чыгып кетип, түзүм, дастур жана мыйзамдарын болсо калтырып кеткенден бери өкүм сүрүп келе жаткан режим».

Билдирүүдө дагы мындай делет: «Министрлердин курамын өзгөртүү Судандагы абалды таптакыр өзгөртпөйт. Себеби, маселе адамдарды башка адамдарды өзгөртүүдө эмес, маселе режимди мыйзамдары жана саясаттары менен бүткүл структурасын өздөртүүдө. Бул жаңы өкмөт да капиталисттик түзүмдөн чыкпаса, абалыбыз таптакыр өзгөрбөйт, тескерисинче, дагы да оорлошот».

Билдирүүнүн соңунда ушулар баса белгиленди: «Судан калкынын акыйдасынан алынган саясий идеологияга негизделген түзүм колдонулбаса о.э. ушул акыйда негизинде мамлекет тикеленип, жашоо ушул акыйда боюнча жүргүзүлбөсө, бул өлкөнүн бардык тармагына тамыр жайган кризистер таптакыр чечилбейт. Хизб-ут-Тахрир исламий жашоону кайрадан баштоонун толук элесине ээ. Анын колунда Аллах Тааланын Китебинен жана Расулу ﷺдын сүннөтүнөн иштелип чыккан дастуру бар. Негизи, ал айтып жаткан исламий жашоо Судан калкына гана эмес, бүткүл Ислам Умматы жана адамзат үчүн белгиленген.

 Роя гезити, №326, 2021-жыл, 17-февраль.

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

16 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

2 days ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

2 days ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

4 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

5 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

6 days ago