بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Фалестин администрациясынын шайлоолор тизмеси үстүндө көз боёмочулук жана алдамчылык кылып жатканы туурасындагы кабарлар
«Арабий жадид» веб-сайты хижрий 1442-жылы 5-ражаб, миладий 2021-жылы 17-февраль күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Фалестиндиктер жалпы шайлоолор тизмесинде алдамчылык бар экендиги туурасында ар түрдүү сын-пикирлерди айтышты. Бул абал кече кечинде Фалестин Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолор тизмеси туурасындагы маалыматтарды жаңылоо аякталганын жарыялашы артынан башталды.
Өз кезегинде, Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн шаршемби күнү билдирүү берип, анын бир нускасын «Арабий жадид»ге жөнөттү. Билдирүүдө жарандар тарабынан бир нече даттануулар келип түшкөнү баса белгиленген».
Роя:
Бул кабарда айтылган сын-пикирлерден тышкары, социалдык тармактарда да өтө көптөгөн адамдар шайлоо тизмеси аларга кабарланбай жана тандоо өткөрүлбөй бекитилгенин сындашкан.
Эгер шайлоо жараянында коррупция болуп жатканынын алгачкы белгиси ушул болсо о.э. эң жөнөкөй, күндөй ачык, жаркын көрүнүп турган кылмыш мына ушул болсо, анда, сездирбей парда артында жасалып жаткан кылмыштар кандай болушу мүмкүн, элестете бергиле?! Табигый болгондой, коррупция, алдамчылык жана тил бириктирүүлөрдү ишке ашыруу үчүн күч жана башка бардык нерселер жетиштүү. Эмнеге жетиштүү болбосун, акыры, шайлоонун уюштуруучулары да, байкоочусу да, төрагасы да, аткаруучусу да шайлоону өткөрүүнү каалагандардын колундагы куурчактар го?! Түпкүлүгүндө бул шайлоолор шаръий түрдө батыл болуп, Фалестин калкына каршы уюштурулуп жаткан ыплас фитна болуп эсептелет!
Ооба, бул шайлоолор Фалестин администрациясын жана жараксыз мекемелерин кайра мыйзамдаштырууга багытталган. Андан коопсуздукту жөндөөгө, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого о.э. яхудийлер менен мамилелерди нормалдаштырып, өлкөнү сатууга кайра мыйзамдуулук түсүн берүү көздөлгөн. Фалестин администрациясы жана анын артында тургандар өз максаттарын ишке ашыруу үчүн ар кандай нерсени жасоого даяр, мисалы, тизмеден өткөндөрдүн санын, добуштардын пайызын жана талапкерлерге берилген добуштарды жасалмалаштыруу сыяктуу. Аларды мындан эч ким тосо албайт. Алар муну менен Фалестин маселесин жок кылуу о.э. Ислам жана Фалестин калкына каршы күрөштү улантышы үчүн режимди кайра бекемдөөнү көздөшүүдө.
Демек, Фалестин калкы арасындагы калыс адамдар мындай ыплас шайлоолорду бойкот кылышы, шайлоолорду өткөрмөкчү болуп жаткан жетекчилердин ыплас максаттарын түшүнүшү керек, арзууларга жана чырайлуу сөздөргө алданып калбашы керек. Себеби, бул сөздөрдү жан берүүчүлөргө жана кылмышкерлерге шерик болууну абзел көргөн кимселер айтып жатышат. Кызмат күрсүлөрү жана күкүмдөр акысына Фалестин маселесин жок кылмакчы болуп жаткан бул кимселер албетте бул кылмыштарынын жаман акыбетин Акыреттен мурда бул дүйнөдө эле татышат.
Роя гезити, №327, 2021-жыл, 24-февраль.
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…