Кыргызстандын ири обьекттери Кытайга өтүп кетиши мүмкүн
Президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун Кыргызстан мамлекеттик карызын төлөбөсө көптөгөн объектилеринен ажырап калуу кооптуулугу бар деген пикири боюнча комментарий берди.
Буга чейин Садыр Жапаров маалымат каражаттарынын бирине берген интервьюсунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон мамлекеттик карыз боюнча келишимдер себептүү Кыргызстан көптөгөн объектилеринен ажырап калышы мүмкүн экендигин айткан.
Мамлекет башчынын маалымат кызматы кайсы объекттер жана кайсы кредиттик келишимдер жөнүндө сөз болуп жатканын ачыктабады.
Президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек “Sputnik” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып: “Атамбаевдин бийлиги тушунда чет мамлекеттен карыздар көп алынган. Эгер анын шарттары аткарылбай, убагында төлөй албасак объектилер насыя берген тарапка өтүп кетет. Бул өтө ири объектилер. Мамлекет башчы кыйынчылыктарга карабай, каражат таап насыяларды кечиктирбей төлөөгө ишендирди. Объектилер эч кимге берилбейт”, – деди.
Комментарий: Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, 2020-жылдын 31-декабрына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 4 млрд. 928,67 млн. долларды түзгөн. Мунун ичинен 4 млрд. 220,31 млн. доллар (85,44%) тышкы карыз, 708,36 млн. доллар (14,4%) ички карыз. Акыркы 12 жылда Кыргызстандын Кытайга карызы 200 эсеге өстү. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын Кытайдан алган карызы 1 миллиард 782 миллион долларга барабар. Кыргыз жетекчилиги Кытайдан карызды төлөө мөөнөтүн жылдырууну сурануу менен бирге, андан дагы карыз сурап келет. Кыргызстан өкмөтү буга чейин карыздардын үстөк пайызын гана төлөп келди. 2021-жылдан баштап үстөк пайызы менен бирге алынган карыздын өзүн да төлөй башташы керек.
Буга чейин айтып өткөнүбүздөй, Кытай өкмөтү карыздын ордуна карыздар мамлекеттердин жерлерин, кен байлыктарын жана деңиз портторун тартып алган. Буга, Тажикстан Тоолуу Бадахшандагы кен байлыктарга мол жерлерин, Кения Мамбос портун, Замбия мамлекети толук бойдон Кытайдын башкаруусуна өткөнүн жана Шри-Ланка Хамбантота ири портунун 70 пайыз акциясын 99 жылга кытайлык компанияга өткөрүп бергенин мисал келтирсек болот…
Кыргызстандын расмийлери Кытай карыздын ордуна эмнени талап кылып жатканын расмий түрдө айтпаганы менен, Садыр Жапаров шайлоонун алдындагы Нарынга сапары учурунда Жетим-Тоо темир кени чет өлкөлөргө берилбестигин айткан эле. Демек, Кытай өкмөтү карыздын акысына Жетим-Тоо кенин берүүнү талап кылууда. Албетте, бийликтегилер кен же башка ири объекттерди берип жатканда “биротоло берип жаткан жокпуз, 50 же 99 жылга ижарага берип жатабыз” деп айтышы мүмкүн. Ал эми, ушунча убакытта кенден бирер нерсе калышы же калбашы аларды кызыктырбайт. Мындан тышкары, түзүлө турган келишимде бул мөөнөттү узартуу беренеси да кошулган болушу мүмкүн. Мисалы, 2017-жылы Россия аскерий базаларынын Кыргызстанда калуу мөөнөтү узартылганы сыяктуу. Ошол кезде Россиянын төрт аскерий объекти – Канттагы авиабаза, Ысык-Көлдөгү сыноо базасы, сейсмостанция жана РФ аскерий деңиз флотунун алыскы байланыш тармагы мурунку ордунда калган. Аталган келишим 15 жылга түзүлүп, ошол эле убакта тараптардын бири аны токтотуу чечимин кабыл алганга чейин автоматтык түрдө 5 жыл мөөнөткө узартылышы белгиленген.
Колонизатор мамлекеттер басып алган жерлерин эч качан өз ыктыяры менен таштап кетишпейт. Аларды андан да күчтүүрөөк болгон башка бир күч гана мажбурлап чыгара алат. Кыргызстан калкы үчүн ошол куткаруучу күч ким болушу мүмкүн? Бир ойлонуп көрүңүз!!!
Абдурахман Адилов