Ташкентте “Мазари Шариф – Кабул – Пешавар” темир жол долбоору боюнча алгачкы жыйын болуп өттү

310
0

Ташкентте “Мазари Шариф – Кабул – Пешавартемир жол долбоору боюнча алгачкы жыйын болуп өттү

Үстүбүздөгү жылдын 2-февралында Ташкент шаарында “Мазари Шариф-Кабул-Пешавар” темир жол долбоорун ишке ашыруу боюнча үч тараптуу жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлиги кабарлады.

Жыйында эл аралык каржы институттарынын өкүлдөрү сөзгө чыгып, долбоордун стратегиялык маанисин баса белгилешти. О.э. муну ишке ашыруу жараянына катышууга даяр экендигин билдиришти.

Жыйында эл аралык каржылык уюмдардан Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын вице-президенти Константин Лимитовский, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын вице-президенти Алан Пиллоу, Ислам өнүктүрүү банкынын вице-президенти Мансур Мухтар, Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук, Азия өнүктүрүү банкынын аймактык департаментинин башкы директору Евгений Жуков жана Европа инвестиция банкынын президентинин кеңешчиси Флавия Паланза катышкан.

Буга чейин, Пакистандын премьер-министри Имран Хан Пакистан менен Өзбекстандын ортосундагы транс-афган темир жол курулушу долбоорун тастыктаганы о.э. бул долбоорго эл аралык каржы уюмдарынан карыз сураганы тууралуу кабарлаган.

Пакистан премьер-министринин соода жана инвестиция иштери боюнча кеңешчиси Раззак Давуддун билдиришинче, Имран Хан 2020-жылдын 29-декабрында долбоорду ишке түшүрүү максатында эл аралык уюмдардан карыз сурап, кат жолдогон.

 Комментарий: 2018-жылдын 3-4-декабрь күндөрү Ташкент шаарында болуп өткөн жыйында Өзбекстан, Россия, Казакстан, Афганистан жана Пакистан темир жолдорунун жетекчиликтери “Мазари Шариф-Кабул-Пешавар” жаңы темир жолун куруу боюнча биргелешкен жумушчу топ жана каржылык консорциум түзүү туурасындагы документке кол коюшкан.

Долбоордун жалпы баасы 4 миллиард 800 миллион доллар болуп, бул долбоорго чет элдик инвесторлорду тартуу керектиги айтылган.Темир жол курулушу үчүн Өзбекстан, Афганистан жана Пакистан өкмөтүнө кошумча АКШ эл аралык өнүгүү каржылык корпорациясы жана башка эл аралык каржылык уюмдар катышуусу керек.

Эл аралык темир жолду куруу долбоору АКШга тиешелүү. АКШнын Афганистанды басып алуудан көздөгөн максаттарынын бири – Борбор Азия өлкөлөрүндөгү сырьёну Россияны четтеп өтүп Афганистан аркылуу темир жол жана нефть түтүктөрүн Мазари-Шариф – Кабул – Пешавар багыты менен океанга алып чыгуу болчу. Эгер АКШ муну ишке ашыра алса Россиянын Борбор Азия республикаларына болгон таасирин алсыратат. Ошол себептен да АКШ Афганистанда тынчтык орнотууга о.э. темир жолун мүмкүн болушунча тезирээк курууга умтулууда.

 Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов башында турган делегация 2020-жылдын ноябрь айында, Вашингтон шаарында АКШ Эл аралык өнүгүүнү каржылоо корпорациясынын аткаруучу директору Адам Болер менен жолугушкан. Ал жолугушууда көтөрүлгөн негизги маселелердин бири – инфраструктуралык ири долбоорлорго багыттала турган Борбор Азия инвестициялык фондун түзүү маселеси болду.

2021-жылдын 9-январында Өзбекстандын вице-премьер-министри – Инвестициялар жана тышкы соода миинстри Сардор Умурзаков АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча каржылык корпорациясынын (DFC) аткаруучу директору Адам Болер менен жолугушту. Жолугушууда “Борбор Азия нвестициялык шериктиги” алкагында АКШ Өзбекстанга темир жол долбоору үчүн 1 миллиард доллар берери кабарланды.

 Эл аралык темир жол курулушу Борбор Азия мамлекеттери үчүн пайдалуу. Себеби, ал дүйнөдө суу транспортунан  кийинки орунда турган стратегиялык мааниге ээ жана өздүк баасы арзан багыт болуп эсептелет. А бирок, бул долбоор өз күчүбүз менен курулбастан, колонизатор мамлекеттер жана эл аралык каржылык уюмдардын жардамы менен курула турган болсо, региондо бир баскынчы мамлекеттин таасири алсыраганы менен башка мамлекетке көз каранды болуп кала беребиз.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here