Өлкөбүз эл аралык тил бириктирүүлөрдүн аянтына, акимдерибиз кафир Батыштын колундагы куурчактарга айланып калганы – уят!

441
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Өлкөбүз эл аралык тил бириктирүүлөрдүн аянтына, акимдерибиз кафир Батыштын колундагы куурчактарга айланып калганы – уят!

БУУ башкы катчысы Антониу Гутерриш германиялык Фолькер Пертести башкы катчынын Судандагы атайын өкүлү жана Судандагы өткөөл өкмөттү колдоо боюнча бириккен миссиянын төрагасы кылып дайындады. Буга чейин Фолькер БУУнун Судандагы атайын өкүлү Стаффан де Мистуранын жардамчысы болуп иштеген.

Өз кезегинде, бул боюнча Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы расмий сүйлөөчүсү устаз Иброхим Усман (Абу Халил) билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи:

«Мурунку талапкерлер четке кагылгандан кийин германиялык Фолькер дайындалды. Бул болсо, өкмөттөгү тараптар БУУ миссиясынын курамында кожоюндарына кызмат кылууга умтулуп жатышканын түшүндүрүүдө. Фолькер европалык болсо да, бирок Американын макулдугусуз келбегени жана Америка ал анын кызыкчылыктарына коркунуч туудурбайт деп эсептеп жатканынын ыктымалы басымдуу. Шек-күмөнсүз, бул кимсенин АКШ менен Британиянын кызыкчылыктарын бириктирген тараптары бар: оболу ал Исламды жек көрөт жана «араб жазы» терминин колдонууну таптакыр каалабайт жана «араб жазы» камтыган өлкөлөрдө Ислам эч качан бийликке келбейт, Батыштын капиталисттик модели жеңип чыгат деп айткан!».

Абу Халил ушуларды кошумчалады:

«Өлкөбүз эл аралык тил бириктирүүлөрдүн аянтына, акимдерибиз кафир Батыштын колундагы куурчактарга айланып калганы – уят! Биз өлкөбүзгө карата мындай ачык-ашкере аралашууга жана өлкөбүз эл аралык көзөмөлгө алынышына каршыбыз. Судандагы бардык мусулман калкынын күчүн Халифалык түзүмүн кайра тикелөөгө сапарбар кылабыз. Мына ошондо бул малай акимдердин колу кесилип, Ислам бийликке келет.

﴿لِمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلْ الْعَامِلُونَ﴾

«Амал кылуучулар мына ушул үчүн амал кылышсын!»                                             [37:61]

 

Роя гезити, №322, 2021-жыл, 20-январь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here