Жаңылыктар

БАЙЛАР БАЙЫП, ЖАКЫРЛАР ДАГЫ ДА ЖАКЫРЛАШУУДА

Байлар байып, жакырлар дагы да жакырлашууда

Капиталисттик система адамдарды эксплуатация кылып, байлардын гана капчыктарын толтурган система экени дагы бир ирет тастыкталууда. Жакында Оксфам (Oxfam) уюму өткөргөн изилдөөдө көрсөтүлүшүнчө, коронавирус пандемиясынан эң көп киреше тапкандар технологиялык компаниялар болгон. 2020-жылдын март айынан тарта дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын байлыгы 540 млрд долларга көбөйгөн. Бул сумма дүйнөдөгү бардык адамдардын вакцинациясына кетчү суммадан кыйла көп, Оксфамдын эсеби боюнча, вакцинаны иштеп чыгуу, бөлүштүрүү, вакцинациялоо үчүн 141,2 млрд доллар кетет. Демек, техногиялык компаниялар менен кошо фарм компаниялар да пандемиядан үлкөн кирешелерди алуу кезегинде. Оксфамдын маалыматына ылайык, пандемияга карабастан, дүйнөдөгү эң бай 10 адамдын жалпы байлыгы 1,12 трлн долларга жеткен.

Ошол эле маалда, катардагы адамдардын абалы өтө кейиштүү. Ушул эле изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, пандемия башталган учурда жакырчылыктын чегинде жашаган миллиарддаган адамдар кирешеден кур жалак калышкан, алардын кризистен чыгуусуна үмүт жок. Ошондой эле, жумушунда иштеп жаткан калктын кирешеси 40%га төмөндөгөн жана коронакризистен аялдар көбүрөөк зыян тартышкан. Калктын жакыр катмары пандемиянын акыбетин жеңип өтүшү үчүн ондогон жылдар талап кылынышы мүмкүн.

Капитализм адамзатка жалаң гана кырсыктарды, кризистерди, адилетсиздикти алып келди. Бул чындык жаш-кары, эркек-аял баарына белгилүү. Капитализмде эмнеге суроо-талап болсо, ошол нерсе дароо бизнеске айланат, бул учурда адамдардын шартына, азап тартышына маани берилбейт. Байлар адамдардын азаб-кыйынчылыгынан акча табышат. Бул проблемалар капитализмдин, капиталисттик экономиканын колдонулуп жатканына байланыштуу. Капитализмде башка эркиндиктер менен кошо мүлк эркиндиги камтылган, башкача айтканда, каалаган адам каалагандай мүлккө ээ болууга укуктуу. Ушул себептүү байлар ресурстарды ээлеп алууда, бийликтер болсо аларга колдоо көрсөтүүдө. Ал эми, ресурстарын тарттырып койгон калың эл бардык нерседен кол жууп, байлардын ишканасына, компаниясына жалданып өлбөстүн күнүн көрүүгө мажбур. Ошондуктан капитализм жоюлмайын ресурстардын адилетсиз бөлүштүрүлүшү токтобойт, тескерисинче күчөйт. Жогорудагы изилдөөдө да ушул нерсе айтылды: «Кирешелердеги адилетсиздик көбөйөт, а түгүл, коронакризис учурунда дагы да күчөйт». Демек проблема капитализмде.

Ислам мунун тескериси. Ислам мамлекетти элди дабалоо жолун өз мойнуна алып, вакцина жана дары-дармектерди өндүрүүнү милдеттендирет. Андан тышкары, Исламдын экономикалык системасында мүлккө ээ болууга капитализмдегидей бүтүндөй эркиндик берилбеген. Исламда мүлк үч түрдө болот: жалпы, мамлекеттик жана жеке мүлк. Жер асты жана үстүндөгү кен байлыктар, электромагниттик толкундар жана башкалар жалпы мүлккө кирет. Бул мүлктүн түрүнө жеке адам да, мамлекет да ээлик кылбайт. Мамлекет бул ресурстарды адамдарга бөлүштүрүп берет, коомдун кызыкчылыгы үчүн иштетет. Ушул себептен улам, коомдо бир ууч байлар гана абдан байып, калктын чоң бөлүгү жакыр болгон абал болбойт.

Харун Абдулхак

turkistonkg

Recent Posts

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

18 hours ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

18 hours ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

18 hours ago

«Яхудий жана насронийлер – алардын динине кирмейинче – эч качан сенден ыраазы болушпайт»

Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…

19 hours ago

Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп эсептелет

Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…

20 hours ago

Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда

Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…

2 days ago