بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Ирандын АКШны коркутуусу көбүктөн башка нерсе эмес
«RT» веб-сайты хижрий 1442-жылы 17-жумадулаввал, миладий 2020-жылы 1-январь күнү жарыялаган кабарда мындай делет:
«Жума күнү Иран тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Саид Хатибзада «Фарс» маалымат агенттигине анын мамлекети белгилеген кызыл сызыкка жакындашкандарга Тегерандын жообу катуу болорун баса белгилеп: «Американын ар кандай чарасына жооп берүүгө терең ишенебиз, ар кандай сценарийге даярбыз», – деди. Кийин ал: «(израиль) биздин кызыл сызыгыбызга жакындаша турган болсо, кандай жооп беришибизди түшүнүүдө», – деп кошумчалады. Саид Хатибзада региондо Америка шайтаний аракеттерди жасап жатканын, ар кандай окуянын акыбет жоопкерчилиги Американын желкесине түшүшүн баса белгилеп: «Иран тезинен жооп кайтарууга шашылбайт, бирок, анын жообу чечкиндүү жана катуу болот», – деди».
Роя:
Иран өзүнүн тышкы саясатын Америка саясатынын алкагынан чыгарбаган мамлекет жана 1979-жылдагы Хамейнийдин ыңкылабынан бери бул алкактан бир күн да чыкпаган. Иран ар дайым региондо Американын кызыкчылыгына берилип кызмат кылып келген. Буга бир далай далилдер бар. Мисалы, Ирандын Сириядагы согушкерлери Американын эркеси болгон (израилден) өтө көп аба соккуларына кабылган, бирок, бир жолу да жооп кайтарбаган. Иран ичинде гана курулай раддиялар жана билдирүүлөр айтылган. Эгерде, Америка тарабынан Иранга чабуул кылынган болсо, бул чабуулдар селделер режимин кулатууга эмес, анын баркын көтөрүүгө гана кызмат кылган. Америка менен анын региондогу малайларынын ортосундагы мындай сахна оюндарын көп көргөнбүз.
Роя гезити, №320, 2021-жыл, 6-январь.
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…
Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…
Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…
Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…