Жаңылыктар

Сауддар үй-бүлөсү – Исламга каршы согуш ачкан үй-бүлө

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Сауддар үй-бүлөсү – Исламга каршы согуш ачкан үй-бүлө

Ал-Ваъй журналынын хижрий 1442-жылы жумадулаввал, миладий 2020-жылы декабрь айындагы 412-санында мындай делет:

«Тарыхчы жана жазуучу Рузи Башир «Архивдер согушу: Сауд Арабиядагы тарыхий саясат» деген китеп жазды. Жазуучу бул китепте 1932-жылы түзүлгөн Сауд Арабия системалуу түрдө колдоп келген ыкма жөнүндө жазат. Анын айтымында, бул мамлекет ушул региондун тарыхындагы ага жакпаган окуялардын окуу программаларына киргизилишине о.э. музейлер жана архивдерден орун алышына жол бербей келген. Сауд Арабия бул жол менен ал каалаган элеске ылайык келбеген бардык нерселерди, айрыкча, Усманий мамлекеттин тарыхий мурасына же теги араб болбогон, Түштүк Азия жана Индонезиядан келген муфаккир жана активисттерге тиешелүү болгон нерселерди четке сүрүүдө. Түштүк Азия жана Индонезиядан келип, турмуштун социалдык, сакафий жактарына таасир өткөргөн муфаккир жана активисттерге Султийя медреси жана башка медреселердин бүтүрүүчүлөрүн мисал кылса болот. Жазуучу Саудия, анын катарында Маккаи Мукаррама жана Хижаз регионунун бай сакафий тарыхын бурмалоолор жөнүндө да айтып өткөн. Китепте жазылгандай, бул мамлекет 1990-1991-жылдарда болуп өткөн Булуң согушунан кийин Сауд үй-бүлөсүнүн тарыхын жазуу, архивдештирүү, түбөлүккө кала турган жана дүйнөлүк кылып жазууга катуу урунган. О.э. мамлекет музейлерди, архивдик борборлорду жана тарыхий жайларды өз ичине алган, мамлекет тарыхынын расмий түшүнүгүнө тескери келген тарыхий жайларды бузууга аракет кылып келүүдө. Бул жолдо миллиарддаган долларлар сарпталууда. Жазуучу баса белгилешинче, ушул миң жылдыктын биринчи он жылдыгында Меккенин борборундагы тарыхий жана ыйык жайлар кыска убакта буздурулган. О.э. мамлекеттин миң жылдык тарыхка ээ жайлары темир жана шишеден турган көп кабаттуу үйлөргө алмаштырылган. Ушул он жылдыктын аягына келип шаар борбору дээрлик курулуш майданына айланып калган.

Мечит айланасында түрдүү максатта иштетиле турган ондогон имараттардын курулушу башталган. Крандар Ислам бешиги болгон ушул жайдын асманын тиреп, түтүн Масжидул Харамды курчап алган. Курулуш аянттары жана казуучу оор техника шаардын жалпы көрүнүшүнө айланды. Ызы-чууларды жана таштандыларды айтпаса да болот. Шаардын түштүк тарабында аянты үч квадрат километрге тең аң казылып, жакында ал жерге Шам долбоору курулат экен. Түпкүлүгүндө, бул жайда Умар тоосу долбоорунун жанындагы Султия медресеси жайгашкан. Бул иштер исламий тарыхты өчүрүү о.э. Сауд үй-бүлөсүнүн Рияз шаарындагы тарыхын жана мурасын сактап калуу үчүн олуттуу көңүл буруу менен ишке ашырылууда».

Роя:

Сауддар үй-бүлөсүнүн акимдери – араб баш кийимин жана «исламий чапанды» кийген илманийлер. Мына, тагдырдын талабы менен, бул дүйнө турмушунда эле Ислам Умматына алардын шерменде жүзү ачылып калды. Али эртең Кыямат күнү алардын баштары үстүндө кыянат байрагы көтөрүлүп, Адам \дан Кыяматка чейинки бүткүл эл алдында шерменде болушат. Расулуллах ﷺ айтат:

«لِكُلِّ غَادِرٍ لِوَاءٌ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، يُقَالُ: هَذِهِ غَدْرَةُ فُلَانٍ»

«Кыямат күнү ар бир кыянатчынын байрагы болот, бул баланчанын кыянаты, деп айтылат». Ибн Батал бул «жазанын оордугу, жаманатты кылуу жана шерменде кылуунун катуулугу» деп түшүндүргөн.

Өз динин сатып кыянатчыл акимдереге моюн сунган уламалар айыптуу болуп кала беришет. Себеби, алар акимдердин кыянаттарын адамдарга кооздоп көрсөтүштү, чындыктан башканы сүйлөбөө туурасында Роббиге берген убадаларынан баш тартып, ошол акимдер менен бирге кыйроого учурашты.

 

Роя гезити, №320, 2021-жыл, 6-январь.

turkistonkg

Recent Posts

Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду

Жапаров дин боюнча мыйзамга кол койду Кыргызстан президенти Садыр Жапаров коомдо катуу каршылыкка учураган Дин…

23 hours ago

Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү

Миллиардерлердин жалпы байлыгы үч эсе тез өстү Дүйнөдө миллиардерлердин жалпы байлыгы 2023-жылкыга салыштырмалуу үч эсе…

2 days ago

Бербок колониалдык миссиянын кызматында

Басма сөз баянаты Бербок колониалдык миссиянын кызматында 2025-жылдын 3-январында Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок…

3 days ago

Дин – жеңилчилик

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Дин - жеңилчилик Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 32 % өстү Кыргызстанда 2024-жылы 17 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул…

5 days ago

Газа боюнча келишим: Ким жеңди?

Газа боюнча келишим: Ким жеңди? Баскынчы жөөт өкмөтү Газадагы согушту токтотуп, туткундарды бошотуу тууралуу ХАМАС…

5 days ago