بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын аялдар жааты уюштурган демонстрация
Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын аялдар жааты «Мусулман үй-бүлө бекем коргонго ээ, ал жакшылыкты айтып, бузукулукту жайган келишимдерге муктаж эмес» деген кампаниянын алкагында демонстрация өткөрдү. Ушул демонстрацияны өткөрүүгө төмөндөгүлөр себеп болду: Тунис парламентинин депутаты Мухаммад Аффасий үй-бүлө туурасындагы айрым Ислам өкүмдөрүн баян кылгандан кийин аялдардын маселери боюнча калыстыгы жок уюмдар жана малай партиялар нааразылык билдирип парламент алдында «зомбулукка каршы» деген демонстрация өткөрүштү. Алардын «зомбулукка каршы» деген сөздөрү Исламдын аял жана үй-бүлө жөнүндөгү өкүмдөрүнө каршы чыгууну түшүндүрөт. Негизи, жыйындар жана трибуналар бул шектүү уюмдарга ачылып берилген. Хизб аялдары демонстрацияда муслима аялдарды динди бекем карманууга чакырган ураандарды көтөрүп чыгышты. «Силер Роббиңердин өкүмдөрүндө бейишти көрүп жатасыңар, илманийликке да, адамдардын мыйзамдарына да эч качан ыраазы болбой, бүгүнкү күндөгү бактысыз турмуштун себепчиси алар экенин түшүнүп жатасыңар», – деп айтылды. Демонстрациянын соңунда Хизб-ут-Тахрир–Тунис вилаятынын аялдар жаатынын расмий сүйлөөчүсү устаз Ханнан Хумайрий сөз сүйлөдү. Кийин бардык хизбия аялдар илманий түзүмдү жана илманий мыйзамдарды каралаган сөздөрдү айтышты.
Роя гезити, №320, 2021-жыл, 6-январь.
Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…
Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…
Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…
Басма сөз баянаты ﴿وَلَن تَرۡضَىٰ عَنكَ ٱلۡيَهُودُ وَلَا ٱلنَّصَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمۡ﴾ «Яхудий жана насронийлер…
Басма сөз баянаты Капитализмде саламаттыкты сактоо негизги укук эмес, кандайдыр бир топко берилген артыкчылык болуп…
Бисмилаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Ыймандуу пенде коркуу менен үмүттүн ортосунда Урматтуу бир туугандар…