بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Батыш – уурулар хазаратынан башка нерсе эмес
Ал-Ваъй журналынын (хижрий 1442-жыл, рабиуссаний, миладий 2020-жыл, декабрь) 411-санында төмөндөгү кабар жарыяланды: «Америка саясатына терс көз карашы менен белгилүү жана (исраилди) «дүйнөдөгү эң расисттик өлкө» деп эсептеген бельгиялык журналист Коллон Мишелдин билдирүүсү жалындуу оттой тарады. Ал дүйнө элдерине Батыш хазаратынын жийиркеничтүү эксплуатациясынын вакыйын ачып берген. Бул билдирүү массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта кеңири тарады. Себеби, «Батыш – уурулардын гана хазараты» аталышындагы билдирүү адамдардын баары көрүп турган акыйкат менен дал келер эле. Анын билдирүүсүндө мындай деп келет: «XVII кылымда Испания менен Франция байып кеткен. Мунун себеби, алар Латын Америкадагы индеецтерди кырып, эч нерсе төлөбөстөн, алтын-күмүштөрдү уурдап кетишкен. Франция, Англия жана АКШ кул ээлөөчүлүк жана Африкадан акысын төлөбөстөн адамдарды уурдоо аркылуу байышкан. О.э. Белгия жана Нидерландия XIX кылымдан бери өтө бай болуп келет. Мунун себеби, алар Африка менен Азиядан чийки заттарды – акысын төлөбөстөн – уурдоо менен байышкан. Акыркы беш кылым аралыгында биздин Батыш коомчулугу үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин байлыктарын акысыз жана эсепсиз тоношту. Биз Африканын жакыр өлкөлөрүндөгү байлыктарды ким жана кантип тоноп кеткендиги тууралуу таблица түрүндө айтып бере алабыз. Кептин кыскасы, биз же болбосо кээ бирлерибиз анык уурубуз, мына ушул себептен улам биз башкалардын эсебинен бай болуп калдык».
Роя:
Адамзат эч качан капитализм сыяктуу жырткыч жана эки жүздүү хазаратты көрбөгөн. Бул хазарат «динди жашоодон бөлүү» деген куфр акыйдасына о.э. кара түстүү адамдарды кул кылып, индеецтерди жок кылууга негизделген хазарат. Ал өзүнүн кандуу жүрүштөрүн биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштар аркылуу баштаган. Ушул хазараттын ээлери өздөрүнүн жийиркеничтүү идеяларын жана максаттарын «азаттык» урааны астында жайып, адамдарды кулга айлантууда жана байлыктарын талап-тоноодо колонизаторлук жолун тандашты. О.э. алар адамдарды башкаруу оңой болушу үчүн аларды алсыратып, улутчулдук, мазхабчылык жана тайпачылык негизде бөлүштү жана араларына уруш-талаш уругун эгишти. Ушул хазарат дүйнөнүн ар бир тарабына кризис жана каргаша бороондорун алып келди. Мисалы: согуш, эксплуатация, талап-тоноо, жакырчылык, адашуу, жахилият жана көчүрүп жиберүү ж.б.у.с. Ошондуктан, бул хазарат адамзат тарыхындагы эң жаман хазарат болду. Ал дагы эле дүйнө мамлекеттерине жана калктарына карата ырайымсыз кылмыштарын улантууда. Ушул кылмыштарга чекит коюунун убагы келди. Буга чекит коюунун эң жакшы жолу – бул хазаратты кулатуу. Бул хазарат өзүнүн узак саякатынан кийин кулоо алдына келди. Ошондуктан бүткүл дүйнөдө «эл аралык системаны өзгөртүү» жөнүндө айтылууда. Бүгүнкү күндө дүйнө ушундай бир маанилүү баскычта турат, коронавирус пандемиясы себептүү, эл аралык системаны өзгөртүү зарылдыгы айтылуда. Америкадагы шайлоолордо да ушул тема ортого салынып, демократиянын борбору болгон мамлекетте демократиянын кыйраганы жөнүндө айтылууда. Исламга каршы дүйнөлүк согуш алып барып жаткан мамлекеттердин эч кимге сыр болбой калган зулумдары да алардын хазараты кулашына түрткү болууда. Мисалы, Макрон өзүн кулоого аз калган илманийликти жана демократияны коргоп жаткандай кылып көрсөтүүдө. Ал илманийликти жана демократияны жийиркеничтүү таризде коргоого урунду, ал тургай, илманийликти жана демократияны коргой турган бир катар муфаккир жана саясатчылар да Макронго жана анын «сөз эркиндигине» каршы билдирүүлөрдү беришти. Ошентип, ушул хазаратты колдоп-кубаттоочулар да анын абдан бузгунчулугу жөнүдө билдирүү бере башташты. Бул болсо, журналисттин «Батыш – уурулар хазаратынан башка нерсе эмес» деген сөзүн тастыктайт.
Роя гезити, №318, 2020-жыл, 23-декабрь.
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…