Жаңылыктар

Мухаммадамин Жадидий (محمد أمين الجديدي): өкмөт жаап койгон мечиттин аянтында намаз окуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хизбут-Тахрир амири аалым, шейх Ато ибн Халил Абу Руштанын Фейсбук тармагындагы жооптору (фикхий)

Мухаммадамин Жадидий (محمد أمين الجديدي): өкмөт жаап койгон мечиттин аянтында намаз окуу

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Тунис өкмөтү мечиттерди жаап койгондон кийин кээ бир жигиттерибиз эл менен бирге мечиттердин жанында жума намазын окушту. Кээ бир имамдар муну батыл, жума намазы мечиттен башка жерде окулбайт, дешүүдө.

Бизге ушунун шаръий өкүмүн о.э. мечиттер жаап коюлса, адамдар эмне кылышы керектигин ачыктап берсеңиз.

Аллах Таала сизге береке берсин, кылган аракеттериңизди татыктуу сыйласын.

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.

Жума намазы мечитте жана умумий мүлккө кирген ачык жайда (т.а. аянттар ж.б.у.с. жайларда) окулушу жаиз. Бул экөөсү тең бар болсо  т.а. мечит ачык болуп, намаз окуучулар тыгын болбосо, намаз мечитте окулат. Эгер орун жетишпесе, ачык жайда окуу мүмкүн. Маанилүүсү, эки абалда тең менчик жай болбошу керек. Башкача айтканда, жума намазын үйлөрдө окуу жаиз эмес. Балким, адамдардын кирүүсүнө тыюу салынбаган мечит же ачык жайларда окулушу керек. Ал эми, мечиттер кулпуланган болсо, ачык жайда окуу дурус, мунун эч кандай жаиз эмес жери жок. Мындан тоскон киши күнөөкөр болот. Бул жөнүндө биз төмөндөгү баракчаларыбызда айтканбыз:

  • Хижрий 1441-жылы 18-шаъбан, миладий 2020-жылы 11-апрелдеги баракчабызда мындай деп айтылган: «Эгер мамлекет жума намазын мечиттерде же умумий болгон аянттарда окууга тыюу салса, күнөөкөр болот. Себеби, нусустар ушуну белгилейт жана Аллах Субханахунун:

﴿يَا أيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا نُودِيَ لِلصَّلَاةِ مِنْ يَوْمِ الْجُمُعَةِ فَاسْعَوْا إِلَى ذِكْرِ اللَّهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ﴾

«Эй момундар, качан Жума күнүндөгү намазга чакырылса, дароо Аллахты зикир кылууга шашып баргыла жана соода-сатыкты токтоткула! Эгер биле турган болсоңор мына ушул өзүңөр үчүн жакшыраак»                                                                                               [62:9]

деген аяты ушул нерсени түшүндүрөт. Ушул себептен улам, мусулман жума намазына эч бир тыюусуз барышы керек.

﴿فَاسْعَوْا إِلَى ذِكْرِ اللَّهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ﴾

«дароо Аллахты зикир кылууга шашып баргыла жана соода-сатыкты токтоткула». Демек, жумага баруу фарз болуп, мунун каринасы – мубахты таштоо… Мечиттерди жапкан мамлекет – жоопто айтканыбыздай – катуу күнөөкөр болот».

  • Хизб жарыялаган «Намаз өкүмдөрү» китебинде да бул нерсе кеңири баян кылынган:

«Жума намазын шаарда, айылда, мечитте, шаардагы имараттарда жана алардын аянтында окуу дурус:

  • Анткени, Расулуллах ﷺ жума намазын Мадинада окуган. Ибн Аббас розияллоху анху бул жөнүндө мындай риваят кылат: «Расулуллах ﷺдын мечитинде окулган намаздан кийинки алгачкы жума намазы Бахрейндин Жувасийиндеги Абдукайс мечитинде окулган». Жувасий – Бахрейндеги айылдардын бири. Абу Хурайра мындай риваят кылат: «Мен Бахрейнде жума намаз окууга уруксат сурап, Умарга кат жаздым. Себеби, мен Бахрейнде аамил элем. Умар: «Өзүңөр турган жайда топтолуп, окуй бергиле», – деп жооп жазды». Ал эми, Расулуллах ﷺдан «Шаардагы мечиттен башка жерде жума намазы да, айт намаздары да окулбайт» деген риваят сахих эмес. Имам Ахмад бул риваятты «хадис эмес» деген.
  • Жума намазын ачык жайда окуу жаиз. Себеби, мечитти шарттаган бир да нусус келбеген. Жума намазы да башка намаздар сыяктуу окулушу талап кылынган. Эгер аткарууну важиб кылган умумий нусустан башка дагы бирер шарт болгондо, бул үчүн нусус болушу зарыл эле.
  • Бир өлкөдө бир нече жайда жума намазын окуу да жаиз. Эгер өлкө чоң болсо жума намазын бир нече мечитте окуу мүмкүн, буга зарылдык бар же жоктугу эсепке алынбайт. Себеби, бир нече жайда жума намазын окуу мүмкүн эместиги туурасында да, ага зарылдык болушу же болбошу туурасында да нусус келбеген. Демек, мутлак келген нусус ушул боюнча калат. Ал эми, Набий ﷺдын жума намазын бир мечитте окуганы бирден ашык мечитте окулбашына далалат кылбайт. Себеби, Расулуллах ﷺдын бир ишти кылбаганы аны кылбоо керектигин түшүндүрбөйт. Расулуллах ﷺдын бир мечити болгондугу жана ошол мечитте намаз окуганы бирден көбүрөөк мечитте намаз окууну каалабаганына далалат кылбайт». Цитата аяктады.
  • Хижрий 1360-жылы көз жумган Абдурахман Жазирийдин «Төрт мазхаб фикхи» китебинде мындай делет:

«Жума намазын ачык жайда окуу дуруспу? Мазхаб имамдарынын үчөөсү жума намазын ачык жайда окуу дурус экендигине келишишкен. Бир гана Маликийлер дурус эмес дешкен:

  • Маликийлер айтат: жума намазы үйлөрдө да, ачык жайларда да дурус болбойт, бир гана мечитте окулушу керек.
  • Ханбалийлер айтат: шаар имараттарына жакын болгон соң, ачык жайда окулган жума намазы сахих боло берет. Канчалык жакын болушу урфка ылайык белгиленет. Эгер жакын болбосо, намаз дурус болбойт. Эгер халифа жума намазды чөлдө окуса, алсыздарга имамдык кылып бериши үчүн шаарда бирер кишини калтырышы лазым.
  • Шафиийлер айтат: шаар имараттарына жакын болгон соң, ачык жайда окулган жума намазы сахих боло берет. Жакындык өлчөмү – алардын назарында – мусафыр жетип келип намазын каср кылышы дурус болбогон жай.
  • Ханафийлер айтат: Жума намазы сахих болушу үчүн мечит шарт кылынбаган. Балким, аны ачык жайда окуу мүмкүн. Ушул шарт менен: шаардан бир фарсахтан алыс аралыкта болбосун о.э. шарттарында айтылгандай, халифа ал жерде жума намазын окууга уруксат берген болсун».
  • Тыянак:

а)   Көрүп турганыңардай, имам Малик жуманы мечитте окуу важибдигин айтып жатат… Ал кишинин ушул райына ылайык, акимдин мечитти жабышы жуманын фарздыгын токтотуп коёт. Эгер аким мечитте намаз окууга тоскоолдук кылса, Уммат акимге каршы турушу керек.

б)   Башка фукахалардын, айрыкча үч мазхаб имамынын райына келсек, алар жуманы мечитте жана ачык жайда окууну жаиз деп эсептешкен.

в)   Ал эми, биздин таржихибизге келсек, биз муну жогоруда баян кылып мындай дедик: «Жума намазы мечитте жана умумий мүлккө кирген ачык жайда (т.а. аянттар ж.б.у.с. жайларда) окулушу жаиз. Бул экөөсү тең бар болсо  т.а. мечит ачык болуп, намаз окуучулар тыгын болбосо, намаз мечитте окулат. Эгер орун жетишпесе, ачык жайда окуу мүмкүн. Маанилүүсү, эки абалда тең менчик жай болбошу керек. Башкача айтканда, жума намазын үйлөрдө окуу жаиз эмес. Балким, адамдардын кирүүсүнө тыюу салынбаган мечит же ачык жайларда окулушу керек. Ал эми, мечиттер кулпуланган болсо, ачык жайда окуу дурус, мунун эч кандай жаиз эмес жери жок. Мындан тоскон киши күнөөкөр болот…».

г)   Кыскасы, сиздердин мечит аянтында окуган намазыңар сахих намаз. Ал эми, мамлекет эки ирет күнөөкөр болду: биринчиси, мечитти жабуу менен, экинчиси, мечиттин сыртында окулушуна тоскоолдук кылуу менен.

Аллах Субханахудан тазарру менен сурайбыз, Халифалыкты тикеленишин тездетсин, мусулмандарды намазды туура аткаруусуна жеткирсин.

﴿وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ حُنَفَاءَ وَيُقِيمُوا الصَّلَاةَ وَيُؤْتُوا الزَّكَاةَ وَذَلِكَ دِينُ الْقَيِّمَةِ﴾

«Акыйкатта болсо, алар жалаң гана жалгыз Аллахка, Ал үчүн динди калыс кылган, туура жолдон кыйшайбаган абалда ибадат кылууга, намазды толук аткарууга  жана зекетти берүүгө буюрулушкан эле. Мына ушул туура жолдогу (Умматтын) дини»                     [98:5]

 

Боордошуңар Ато ибн Халил Абу Рушта                                       22-жумадулаввал, 144-2.х

                                                                                                                    6-январь, 2021-м.

 

turkistonkg

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

5 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

6 days ago