Баалуулуктар күрөшүндө ар бир жеңиш маанилүү
Учурда дүйнө жүзүндө куфр менен Ислам ортосунда баалуулуктар күрөшү жүрүп жатат. Исламий мабдаий ынкылап ишке ашып, ошол аркылуу куфр башкаруу системасы жок кылынып, Ислам мабдаъ катары жашоого (башкарууга) кайтышы үчүн бул күрөш өтө маанилүү.
Куфр дүйнөсү коомдун ар бир тармагындагы бирер баалуулугуна кайдыгер карабайт. Эл аралык саясат дүйнөдөгү болгон таасирин колдонуу менен региондор жана мамлекеттердеги болгон мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, адамдар арасында өз баалуулуктарын таратып, бекемдеп барууда.
Баалуулуктар – бул белгилүү бир региондо калыптанып жаткан ырасымдар, майрамдар, саясий жана социалдык жашоонун ар бир тармагында калыптанган менталитет жана үрп-адаттарга айланып бара жаткан урф-амма. Алар бирер динге, мабдаъга, улуттук үрп-адаттарга же ата-бабалардан калган салтка негизделген болушу мүмкүн.
Ислам коомдо калыптанып калган же жаңы калыптанып келе жаткан үрп-адаттарга мафкура чекитинен карап, мабдаъий Исламга тескери келгенин четке кагат, ал эми тескери келбегенине көңүл бурбайт!
Шарият – даъватты, амру маъруф жана нахий мункарды дал ушул баалуулуктарды исламдаштыруу негизине курууну фарз кылды! Ар кандай коомго баа берилип жатканда, анын баалуулуктарына карай куфр же Ислам коому деген баа берилет. Мыйзам да өзү таянган мабдаънын акыйдасынан балкып чыккан баалуулуктарды коргойт.
Учурда бала-бакча жана мектептердин, андан кийинки окуу жайлардын бардыгы куфр негизине курулган. Ушундан келип чыгып, бардык ишкана-мекемелердеги социалдык абал да куфр негизинде иш алып барат. Бирер тармакта кайдыгерлик кылышыбыз Ислам менен коом ортосунда ябай чоң жарака пайда кылат. Т.а. биз колдон чыгарып жаткан бардык тармакта куфр баалуулугу орноп жатат. Үммөт да табигый түрдө бул баалуулуктар менен азыктанып, аны менен жашап, ага көнүгүп барууда.
Андан соң биз “бул мыйзам биздин мына бул кызыкчылыгыбызга каршы иштелип чыкты, бул майрам динибизге тескери келет, куфр башкаруусуна ыраазы болуу жана ага көмөктөшүү арам” деп кайрылганда, үммөт биздин сөздөрүбүздү жакшы түшүнбөй калат. Себеби, биз мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберген болобуз. Ири саясий иштерге көңүл бурабыз деп жүрүп, фундаменталдык баалуулуктарды куфрга берип жиберген болобуз.
Ушул күндөрдө мектеп программасына киргизилиши күтүлүп жаткан жыныстык тарбия программасы да, эркек балдар менен кыздарыбыз бир класста сабак алышына көнүп калышыбыздын (урф-аммага айланышынын) артынан кирип келе жаткан жаңы баалуулук. Т.а. куфр баалуулуктары удаама-удаа т.а. үммөт мурункусуна көнүп калгандан кийин кийинкиси кирип келет.
Куфр “мээлүүн Ислам” долбоорун алып кирди. Үммөт ага да көнүп, имамдар ал тарапка өтүп алып, куфр баалуулуктарын урф-аммага айландырууга колунан келишинче аракет кылып жатышат. Куфр башкаруусу “мээлүүн Ислам” коомду өз таасири менен ээлеп алышы үчүн саясий даъватчылар менен күрөшүү механизмин өзгөрттү. Алар биз менен күрөшүү механизмин өзгөртүп, күрөштү ишенимибиз, мабдаий аракетибиз тарапка буруп, бизди жашоого, дүйнөнү жакшы көрүүгө байлап коюшу мүмкүн болгон жаңы долбоорду иштеп чыгышты. Биз буга көнүгүп, саясий, мабдаъий аракеттерибизде алсыздык кылышыбыз куфрга пайдалуу болушун унутпашыбыз керек!
Күрөшүү үчүн тема аябай көп. Куфр кекиртегибизге чейин нажаска батырып койду. Биз күрөш үчүн тема, вакиъ таба албай, айран болуп калышыбыз мүмкүн эмес! Бул нерсе биз даъватчылар да куфр сунуштап жаткан мээлүүн урфтардан таасирленип бара жатканыбызды түшүндүрөт, мындан Аллах сактасын.
Негизи мектеп же бала-качадагы бул абалдарга каршы аракет кылуунун өзү аябай чоң натыйжаларга алып барат. Никени чектөө жөнүндөгү мыйзамга каршы чыгуу, жана 17 жаштагы кызын турмушка узатканы үчүн камалган мусулманды коргоп чыгуу сыяктуу иштер даъватыбыздын негизи болушу керек.
Ушундай көрүнүштө туура тарыйкаттагы исламий даъватты жолго коюп, аны урф-аммага айландыруу үчүн олуттуу аракет кылбасак, куфр жузьий (экинчи даражалуу) талкууларды, ваъз-иршад жана диний илимий талкууларды даъват деп, коомдо бузукулукту күчөтүү менен мусулмандарды чалгытып жатат!
Эй боордоштор, коомубузда адамдардын бузулушуна себеп болуп жаткан куфр баалуулуктары урф-аммага айланып барышын токтотууга олуттуу аракет кылалы. Даъватты туура негизге багыттап, бири-бирибиз менен керексиз талкуулардан тыйылалы. Даъват өз тарыйкаты менен, талкуулар өз жолу менен болушун камсыздап, куфрга – өз кызыкчылыгы жолунда бизден пайдаланышына – мүмкүнчүлүк бербейли!
Абдураззак Муъмин.
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…