Кыргызстан 2020-жылы эл аралык донорлордон 346,8 млн доллар алды

361
0

Кыргызстан 2020-жылы эл аралык донорлордон 346,8 млн доллар алды

 Өкмөттүк аппараттын маалыматына таянсак, Кыргызстан 2020-жылы COVID-19 менен күрөшүү жана бюджетти колдоо үчүн эл аралык донорлордон 346,8 млн доллар каражат алган. 2021-жылы кошумча 427 млн доллар келиши күтүлүүдө.

2020-жылы коронавирус пандемиясынын кесепети менен күрөшүүгө жана бюджетти колдоо максатында Кыргызстанга эл аралык донорлордон 774 млн 432,795 доллар берилери айтылган. Мунун ичинен 177 млн 049 миң доллар гранттык негизде, калганы т.а. 597 миллиону кредит катары берилет.

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) ири кредитор катары Кыргызстанга 242 млн доллар насыя берген.

2020-жылы коронавирус пандемиясы жана саясий окуялар себептүү өлкөдө экономикалык кризис башталган. Мунун натыйжасында бюджеттин таңкыстыгы рекорддук деңгээлге т.а. 35,6 млрд сомго жетти.

Кыргызстан бийлиги бир жылдын ичинде кошуна мамлекеттер менен эл аралык донорлордон көп жолу жардам сурады.

 Комментарий: Каржы министрлиги кабарлагандай, 2020-жылдын 31-июлуна карата мамлекеттин тышкы карызы 4 миллиард 169 миллион 600 миң долларга жеткен.

 Министрликтин билдиришинче, “тышкы карызды азайтуу боюнча иштер жүрүп жатат”. 2019-жылдын аягында тышкы карыздын деңгээли ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 45,5 пайызына чейин төмөндөтүлгөн, а бирок, 2020-жылы COVID-19 пандемиясы шартындагы кризис себептүү ИДӨнүн 56,2 пайызына чейин өстү.

 Кыргызстан эмне себептен карызга батып барууда? Бул абал анын ички башкаруу системасына тиешелүүбү? Албетте жок! Эл аралык башкаруу системасы Кыргызстан экономикалык жактан күндөн-күнгө начарлай беришине кызыкдар. Башкача айтканда, эл аралык башкаруу системасы муну атайылап пайда кылат. Кыргызстандагы саясий чөйрөнүн бул жараяндагы ролу анын коррупцияга батып калышында. Ушул коррупциялашкан схеманы тышкы колонизатор мамлекеттер атайылап өнүктүрүшөт. Аларга Кыргызстан 4 миллиард доллардан ашык карызга батып калышы үчүн, ушул карыздардын бир бөлүгүн өздөштүрүп алуу жөнүндө ойлоно турган коррупционер чиновниктер керек. Эл аралык саясаттын өкүлдөрү мына ушундай арам тамак саясий топтон пайдаланышат. Себеби, ал топ мамлекет үчүн карыз алып жатканда “оор өнөржайды өнүктүрүү үчүн, же болбосо буга чейин сатып түгөткөн ири ишканаларды калыбына келтирүү үчүн”  бир жолу да карыз сураган эмес.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here