Россиянын элчиси Өзбекстанда орус тилине расмий макам берүү маселесине пикирин билдирди

391
0

Россиянын элчиси Өзбекстанда орус тилине расмий макам берүү маселесине пикирин билдирди

Россиянын Ташкенттеги элчиси Владимир Тюрденев Өзбекстанда орус тилине расмий макам берүү маселесине пикирин билдирди. Ал маалымат жыйынында сүйлөп жатып бул маселени чечүү үчүн коом бышып жетилиши керектигин айтты.

Элчи Владимир Тюрденев: “Бул маселе боюнча бир нерсе айтыш кыйын. Мындай маселе кандайдыр бир бөлүнүүчүлүккө алып келбеши керек. Кандай болгон күндө да орус тилине расмий макам берүүгө өзбек коому бышып жетилиши керек ”, – деген.

Ошондой эле Өзбекстанда орус тилин үйрөнүүгө кызыгуу күчөп жатканын айткан. Тюрденевдин айтымында, быйыл орус тилинде билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн “Класс” долбоору ишин баштаганы өз убагында ишке ашырылган маанилүү иш болгон. Аталган долбоор миллиардер Алишер Усмановдун каржылык көмөгү менен Россия жана Өзбекстандын билим берүү министрликтери кызматташтыгында ишке ашырылууда.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери орус тилине улуттар аралык диалог тили деген макам берүү маселеси көтөрүлө баштаган. 2019-жылы Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Өзбекстанга барарда 20га жакын өзбекстандык интеллигент орус тилине расмий тил макамын берүү сунушу менен чыккан.

Быйыл да 14-майда РФ тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Өзбекстандагы орус тилинин макамы боюнча билдирүү менен чыкканы интернеттин өзбек сегментинде кызуу талкууга жем таштаган.

Ошондо РФ тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Өзбекстанда өзбек тилинде иш жүргүзбөгөн мамлекеттик кызматкерге штраф салуу көздөлгөн мыйзам долбоору жөнүндөгү суроого жооп берип: “Биз бул мыйзам долбоору боюнча маалымат каражаттарында башталган талкууга көңүл бурдук. Мында мыйзам долбоорунун тарапкерлери азчылыкты түзөт экен деген ой пайда болду. Көпчүлүк комментарийлерден көрүнүп тургандай орус тили расмий чөйрөдө толук колдонулушун жактагандар көп экен. Бул эки тараптуу алаканын тарыхий жана заманбап рухуна туура келет. Эң маанилүүсү, бул нерсе Өзбекстан жарандарынын кызыкчылыгына да туура келет”, – деген.

 Комментарий: Тил жана алфавит сакафий колония кылуунун негизги куралы болуп эсептелет. Ошол себептен да колонизатор мамлекеттер басып алган жеринде алгач алфавитти өзгөртүп, өз алфавитин киргизет жана баскынчы мамлекеттин тилин расмий тил кылып белгилейт. Алфавит өзгөрүшү менен жергиликтүү калк өз тарыхынан ажырайт. СССР да Борбор Азияны колония кылгандан кийин жергиликтүү калк жүздөгөн жылдар колдонуп келген араб алфавитин жокко чыгарды. 1926-жылы Бакуда өткөн түрк элдери съездинде СССР курамындагы бардык түрк элдерин жаңы латын алфавитине өткөрүү чечими кабыл алынды.1929-жылдын май айында латын алфавити негизиндеги жаңы өзбек алфавити иштелип чыкты. Бирок анын өмүрү кыска болду. 1940-жылы жаңы алфавит катары 35 тамгадан турган кириллица алфавити тастыкталды. Жаңы кириллица алфавитинен окуган мусулмандар өз тарыхынан үзүлүп калышты. Жаңы тамганы жана тилди билбегендер “сабатсыз” деп эсептелишти.

 Өзбекстан “эгемендүү” болгондон кийин 1993-жылдын 2-сентябрында “Латын тамгасына негизделген өзбек алфавитин киргизүү” жөнүндөгү мыйзам кабыл алынды. Каримов бул аркылуу баскынчы коммунисттердин сакафатын жана орустун таасирин жок кылмакчы болду. Себеби, ал табиятындагы коркоктугу себептүү, өз бийлигине коркунуч катары көргөн бардык нерсени жок кылуу менен алек болду.

 Мирзиёев бийликке келген соң Россияга, айрыкча, Путинге жагынуу үчүн Каримов доорунда алынып салынган коммунист жетекчи, интеллигент жана баатырлардын айкелдерин кайрадан тургузду. 9-май жеңиш майрамы катары белгиленип, аскерий параддар өткөрүлө турган болду. Эми болсо орус тилине расмий макам берүү маселеси көтөрүлө баштады…

Россия кулап барууда. Ал сакафий, аскерий, саясий жана экономикалык колонияларын өзү менен бирге тартып кетиши мүмкүн. Колонизаторлуктун бул төрт түрү, алгач сакафий колония орнотуудан кийин кирип барат. О.э. колонизатордуктун бардык түрүнөн кутулууда да колонизатордун сакафий таасиринен чыгып алуу негизги жана маанилүү орунду ээлейт.

 

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here