Жаңылыктар

Фалестин режими колонизаторлордон чечим сурап жалынып, ыйык шариятыбыздын чечиминен баш тартууда!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестин режими колонизаторлордон чечим сурап жалынып, ыйык шариятыбыздын чечиминен баш тартууда!

«Маан» маалымат агенттигинин сайтында хижрий 1442-жылы 23-рабиулаввал, миладий 2020-жылы 9-ноябрь күнү мындай кабар жарыяланды:

«Премьер-министр Мухаммад Штайе АКШнын жаңы президенти Жо Байдендин шайланышы эл аралык мыйзамчылыкка негизделген олуттуу саясий жолдо алга жылуу жана жаңжалды чечүү үчүн үмүт учкуну болоруна үмүттөнөрүн маалым кылды. Ал министрлер жыйынында: «Биз коопсуздукка жана тынчтыкка жетүү үчүн акыйкат, адилет жана тынчтык баалуулуктарына негизделген эки тараптуу мамилелерди күтүүдөбүз», – деп кошумчалады.

Штайе (Израиль) жерлерди конфискация кылууну жана турак-жайларды курууну улантып жатканына өкүнөрүн билдирип мындай деди: «Яхудийлер үчүн турак-жайларды куруу – тынчтыктын душманы, (Израиль) турак-жайларды жайгаштыруу пландарын түзүүнү жана жерлерди конфискация кылууну токтотушу керек. Батыш Жээктеги жана Куддустагы жаңы турак-жайларда жашап жаткан яхудийлердин саны 750 миңге жетти, алар Батыш Жээк калкынын 25%ын түзөт».

«Азыр (Израиль) же «эки мамлекет» чечимин тандашы керек, же демографиялык кескиндикти тандашы керек, биз яхудийлерден 250 миңге көппүз», – деп кошумчалады Штайе».

Роя:

Жо Байден шайлоодо жеңип чыгып, АКШнын жаңы жетекчилигин ээлеген соң Фалестиндеги бул кор режим колонизатор кафир Батыштын Фалестин маселесин жок кылуу үчүн түзө турган ар кандай планын кабыл алууга ар дайым даяр экени туурасында билдирүүлөрдү берүүнү улантууда. Премьер-министр Штайенин «Азыр (Израиль) же «эки мамлекет» чечимин тандашы керек, же демографиялык кескиндикти тандашы керек, биз яхудийлерден 250 миңге көппүз» деген билдирүүсү жогоруда айтылган өңүттө берилген. Ал бул сөздөрү менен яхудийлердин таасири басаңдашы менен долбоору да басаңдап калган Британиянын «бирдиктүү илманий мамлекет» долбоорунан коркутууда. Эгер «бирдиктүү мамлекет» долбоорун тандай турган болсоңор, демографиялык кескиндикке учурашыңар мүмкүн деп бул баскынчы вужудга камкордук көрсөтүүдө. Ошол эле учурда, Фалестин режими жана жетекчилер колонизаторлор сунуштап жаткан ар кандай чечимди жана токтомду кабыл алууга даяр экенин да көрсөтүүдө.

Бу режим Ислам долбоорунан башка ар кандай чечимди жана долбоорду моюндап, кабыл алууга даяр экенин ар дайым баса белгилеп келген. Анткени Ислам долбооруна ылайык Фалестин жери Ислам жери болуп, аны толук азат кылуу, Ислам Умматы жана анын кошууну жардамында баскынчы яхудийлерди тамыры менен жок кылуу шарт.

 

Роя гезити, №313, 2020жыл, 18ноябрь.

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

1 day ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

4 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

6 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

6 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

6 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

6 days ago