Жаңылыктар

АКШ Түркияга С-400 зениттик-ракеталык комплекстери үчүн санкция жарыялады

АКШ Түркияга С-400 зениттик-ракеталык комплекстери үчүн санкция жарыялады

Түркия Россиядан С-400 зениттик-ракеталык комплекстерин сатып алганы үчүн АКШ Түркиянын Коргоо тармагында иштеген Исмаил Демирге жана дагы үч түркиялыкка каршы санкция жарыялады. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди.

Помпео: “Кошмо Штаттары Түркиянын жогорку даражадагы расмийлерине бир нече жолу С-400 системасы АКШнын аскердик технология коопсуздугуна коркунуч жаратат деп так айткан. Ошондой эле бул кадам Орусиянын коргоо тармагына чоң каржылык жардам болуп калат жана Москва Түркиянын коргоо тармагын изилдөөгө жол ачылат”, – деген.

Помпеонун айтымында, эми Түркия С-400 проблемасын АКШ менен биргеликте тез арада чечиши керек.

 Комментарий: 2017-жылдын декабрында Түркия менен Россиянын ортосунда жалпы баасы 2,5 миллиард доллар турган төрт ЗРК С-400 дивизионун жеткирип берүү келишимине кол коюлган.

Түркия өкмөтүнүн бул “чечиминен” кийин АКШ сенаты Түркияга ультиматум койду, Пентагон “олуттуу акыбеттер” менен коркутту. Бирок, түрк бийилиги чечиминен “баш тартпастан” Россиядан С-400 комплекстерин сатып алды.

 Маалым болгондой, АКШнын ыраазылыгы болбосо, Түркия бийлиги Россиядан С-400дү сатып ала албайт эле. Мындан тышкары, АКШ жана НАТО С-400 зениттик-ракеталык комплекси аларга коркунуч туудура албашын жакшы билишет. АКШнын С-400 ракета комплекси себептүү Түркияга басым өткөрүп, санкцияларды жарыялашы Сирия, Ирак жана Палестина маселелеринде Түркиядан жеңил пайдалануу жана өз кызыкчылыгына кызмат кылдыруу үчүн болду.

Мындан тышкары, Түркия Россиядан С-400 комплекстерин сатып алып, аны изилдөө үчүн АКШга дээрлик тапшырып койду. 2019-жылдын ноябрында “newsland.com” интернет басылмасы Америкалык ЖМКларга таянып кабарлагандай, 18-ноябрда Түркия менен АКШ Россиянын С-400 ракеталык комплекси Американын F-35 учактарын аныктай алабы же жокпу, эгер аныктай алса андан кантип кутулуу мүмкүн деген нерселерди аныктоо максатында эксперттер тобун түзүшкөн.

  Кабарда келишинче, америкалык аскерлер алдында коргоо системасынан пайдалануу үчүн колго тийген маалыматтар кодун ачуу милдети турат. Эгер АКШ аталган комплекстеги кодду буза алса ал системанын ишине таасир өткөрүшү, радарларды статик менен жабдышы, душмандарына өзү жок болгон учактарды бар сыяктуу кылып көрсөтүшү мүмкүн болот.

Белгилүү болгондой, Россиянын С-400дүн америкалык F-16 бомбалоочу учактарын аныктоо жана сокку берүү мүмкүнчүлүгү бар. Эми АКШ бул комплекстин алсыз тараптарын үйрөнүп чыгып, жаңы муундагы F-35 бомбалоочу учактарынын бул куралга каршы мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүп алат.

 Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

3 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

4 days ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

4 days ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

4 days ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

4 days ago

Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады

Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…

5 days ago