Өзбекстан ЕАЭБде байкоочу макамын алды
11-декабрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Белорустун президенти, Жогорку Евразия экономикалык кеңештин төрагасы Александр Лукашенконун чакыруусу менен ЕАЭБдин видеоконференция форматындагы отурумуна катышты. Бул отурумга ЕАЭБге мүчө мамлекеттер Россия, Белорус, Казакстан, Кыргызстан, Армениянын о.э. байкоочу макамындагы Молдованын жана чакырылган мамлекеттер катары Өзбекстан менен Кубанын жетекчилери катышты.
Иш чарада Өзбекстан жана Куба мамлекеттерине уюмда байкоочу мамлекет макамын берүү боюнча чечим кабыл алынды.
Быйыл май айында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлиси Өзбекстандын ЕАЭБге байкоочу катары катышуусу тууралуу өкмөттүн сунушун макулдаган.
Комментарий: Россия Өзбекстанды ЕАЭБге алып кирүү үчүн түрдүү жолдор менен басымдарды өткөрүп келди. Алгач, Өзбекстандын негизги “алсыз чекити” болгон эмгек мигранттары маселесин көтөрдү. Ал тургай, Өзбекстандын тышкы иштер министри мындай басым өткөрүүлөр болуп жатканына моюнга алды.
Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов: “Жарандарыбыздын тагдырын жеңилдетүүчү бир катар документтерди даярдаган элек. Россия менен бир-эки документтерге кол коймокчу болгон элек, бирок, алар кабыл алышпады. Көптөгөн назик тараптары бар, муну да сенаторлорубуз билиши керек деп ойлоймун. “Алар туура жазылган, жакшы келишим. Келишимди эмне кыласыңар? Мына, Евразия Экономикалык Биримдигине толук кандуу мүчө болуп киргиле. Эч кандай келишимдин кереги болбойт. Мына ошондо бардык проблемалар өз жолу менен чечилип кетет” деп айтып жатышат”, – деген.
Бирок, АКШ Өзбекстанды ЕАЭБге мүчө болуунун акыбетинен “эскертти”. АКШ мамлекеттик катчысынын Борбор Азия иштери боюнча жардамчысынын орунбасары Жонатан Хеник: “Мен бул сүйлөшүүлөр боюнча комментарий бере албаймын, себеби АКШ ЕАЭБдин мүчөсү эмес. Өзбекстандын катышуусунда талкуулар уланып жатат. Менин билишимче, бул маселе Өзбекстан калкын аябай ойлондуруп жатат. Биз Өзбекстан жарандары дүйнөлүк базарлар жана инвестициялардан пайдаланууга умтулушун колдойбуз. Өзбекстан калкы бардык жергиликтүү блок жана соода алакаларын о.э. Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүк маселесин жакшылап үйрөнүп чыгат. Кайсы бири пайдалуу экендигине карап чыгып, анан тандайт деп үмүттөнөбүз”, – деген.
О.э. АКШнын Өзбекстандагы элчиси Дэниел Розенблюм Фейсбуктагы баракчасында Өзбекстандын ЕАЭБге мүчөлүгүнө мамилесин билдирип: “Биз ар дайым Өзбекстандын суверенитети, көзкарандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгүн колдоорубузду баса белгилейм. Суверенитет – бул ар бир мамлекет экономикалык, саясий жана коопсуздук маселелеринде өз алдынча чечим кабыл алат дегени. Ошол себептен да Өзбекстандын Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болуу маселесинде кабыл алган ар кандай чечимин урматтайбыз. Учурда, Өзбекстан мындай чараларды кабыл алууда бардык пайдалуу жана зыяндуу тараптарын эсепке алышына тилектешпиз. Себеби, мындай чечимдер келечекте суверенитет жана көзкарандысыздыкка таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул жаатта ачык талкуу болгону жакшы.
Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) келсек, туура, кээ бир мамлекеттер эки уюмга тең (ЕАЭБ жана ДСУга) мүчө болушкан. А бирок, ЕАЭБге мүчөлүк Өзбекстандын ДСУга кошулуу жараянын татаалдаштырып, мөөнөтүн узартышы анык. Казакстан да – кийинчерээк ДСУга мүчө болгону менен – дал ушундай проблемага дуушар болду. Эң маанилүүсү, Өзбекстан экономикалык өнүгүүнүн келечеги боюнча анык чечим кабыл алышы керек. Башкача айтканда, мамлекет глобалдык дүң өнүмдүн 2 пайызына ээлик кылып жаткан, тышкы тарифтер жогорку өлчөмдө белгиленген биримдиктин курамында болобу, же дүйнөлүк экономиканын 98 пайыз бөлүгү менен бирге болобу, ушул нерсени өзү тандашы керек…”, – деди Дэниел Розенблюм.
Ушул “эскертүүлөрдөн” кийин Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу мамлекет катары катышуу чечимин кабыл алды. А бирок, бул чечим Россияны канааттандырбады. Ошол себептен да кезектеги кадамга т.а. айыл чарба продукцияларына тыюу салуу жолуна өттү.
Өзбекстан ЕАЭБге байкоочу мамлекет катары киришин алдында “Росселхознадзор” 26-ноябрь күнү Фергана облусунан, 4-декабрь күнү Навои облусунан Россияга келүүчү помидор жана калемпирде вирус аныкталганы себептүү аларга тыюу салды. Кийинчерээк кургатылган өрүк партиясында кооптуу зыянкечтер табылганын шылтоолоп, Фергана облусунан келе турган бардык продукцияга тыюу салды. 11-декабрдан баштап Кашкадарыядан помидор жана калемпир алып кирүүгө тыюу салды…
Демек, Өзбекстандын үстүндө эки колонизатордун т.а. Америка жана Россиянын геосаясий күрөшү жүрүп жатат. Себеби, Өзбекстан калкынын көптүгү, табигый байлыктары жана географиялык жайгашуусу жагынан маанилүү орун ээлейт. Өзбекстан Борбор Азиядагы бардык республикалар чектешкендиги себептүү, Өзбекстанда таасирге ээ болгон мамлекет региондогу бардык мамлекеттерге таасир өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Абдурахман Адилов