Жаңы конституция долбоору коомдук талкууга чыкты
Жогорку Кеңештин 80ден ашык депутаты демилгечи болуп көрсөтүлгөн Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Документке ылайык, президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.
Белгилүү болгондой, СССР кулагандан кийин жасалма эгемендүүлүк алган республикалардын катарында Кыргызстанда 1993-жылы 5-майда, “легендарлуу парламент” мамлекетти социализмден капитализмге өткөргөн конституция кабыл алды. Бул конституция капиталисттик мыйзамдардын колдонулушуна негиз болуп берди. Конституциянын булагы эл аралык нормаларга жана эл аралык уюмдарга таянды. Ошентип, өлкөдө мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жараяны башталып, өлкөнү капиталисттер талап-тоной баштады. Алардын катарына бийлик башындагылар да кошулуу үчүн жана макамдарын узагыраак убакытка сактап калуу максатында конституцияга өзгөртүүлөр кире баштады.
Кыргызстан конституциясына биринчи жолку өзгөртүү 1994-жылы киргизилди. Ал аркылуу президент Акаев ыйгарым укуктарын кеңейтип, “кол бала” боло турган 105 адамдык кош палаталуу парламентти алып келүүгө жол ачты (буга чейин 350 депуттатан турган “легендарлуу парламент” таркатылды).
Экинчи өзгөртүү 1996-жылы болду. Аны менен президент министрлерди, жергиликтүү администрация жетекчилерин өзү дайындай турган болду жана парламентти таркатып жиберүүгө укук алды.
1998-жылкы өзгөртүүдө, негизгиси, жер жеке менчикке бериле турган болду. Бул социализмден капитализмге баскычма-баскыч өтүү долбоору алкагында ишке ашты.
2001-жылкы өзгөртүүдө, негизинен, орус тили расмий тил болуп киргизилди. Бул Россияны түздөн-түз кожоюн деп таануу жана ага жагынуу алкагында болду.
2003-жылкы өзгөртүү боюнча, жарандардын митинг өткөрүүлөрүнө чектөөлөр киргизилди, экс-президентке карата кол тийгистик кабыл алынды, экс-президенттин жакындары мамлекеттик бюджеттен камсыздала турган болду. Мындан сырткары, президент катарынан эки жолкудан ашык шайланууга мүмкүнчүлүк алды. Бул Акаевдин президенттиги үзгүлтүксүз уланышын түшүндүрөт эле. О.э. парламент 90 депутаттан туруп, бир палатага айландырылды жана партиялык системада шайлана турган болгон. Бул өзгөртүү да Акев үй-бүлөсүнүн бийлигине кызмат кылар эле. Ошондуктан, 2005-жылкы парламенттик шайлоодо Бермет Акаеванын “Алга, Кыргызстан” партиясы көпчүлүк добуш менен келген. Калк буга каршы чыгып, 2005-жылкы төңкөрүштө Акаев өлкөдөн качып, бийликке Бакиев келди.
Бакиев келгенде, анын алгачкы учурлары “конституциялык күрөш” жылдары болуп калды. 2006-жылы эки ай (ноябрь-декабрь) ичинде конституцияга эки жолу өзгөртүүлөр киргизилди. Бул бакиевчилер менен анын оппозициячыларынын тиреши себептүү болду. Бир жылдан кийин, 2007-жылы жаңы конституция кабыл алынып, ал себептүү 2005-жылы шайланып келген парламент таркатып жиберилди. Жаңы парлаламентке шайлоодо Бакиевдин “Акжол” партиясы жеңип келди.
2010-жылы Бакиев кулатылгандан кийин, дагы жаңы конституция кабыл алынды. Бул конституция Россия колонизаторлугу каршысында, Кыргызстанга Батыш колонизаторлорунун кирип келиши алкагында болду. Анткени, Батыш империалисттери Россияга каршы күрөшүндө “демократиялашуу”, “ачык-айкындык”, “сөз эркиндиги”, “адам укугу”, “парламенттик башкаруу” ж.б.у.сыяктууларды ишке салып келет. Булар аркылуу Россиянын колонизаторлук зулумдарын ачып ташташат. Ошентип, Кыргызстанда 2010-жылы бийликке Батышка ыктаган саясатчылар келип, конституцияны ошолор түзүштү. Бул конституцияга ошондогу Россия президенти Медведев каршы чыккан, ал эми, Венеция комиссиясы болсо алкыштаган.
2010-жылкы конституцияда 2020-жылга чейин өзгөртүүлөр киргизилишине тыюу салынган эле. Бирок, ал мораторий 2016-жылга чейин гана тура алды. Атамбаев 2016-жылы дагы өзгөртүү киргизди. Эл аралык жактан алганда, Атамбаев Россиянын көңүлүн алуу үчүн, адам укуктары жаатында эл аралык уюмдардын бүтүмдөрү мамлекеттик мыйзамдардан үстөм болбошун о.э. бир жыныстуулардын үй-бүлө куруусуна тыюу салынышын камтыган өзгөртүүлөрдү киргизди (бул беренелер менен жергиликтүү калктын туйгуларын да кытыгылады). Жергиликтүү саясаттан алганда, премьер-министрдин ыйгарым укуктарын кеңейтти. Муну менен, өзү бийликтен кеткенде, өзү коюп кеткен президент менен премьердин ортосунда тең салмактуулукту сактап, өзү парда артынан бийликти кармап калууну ойлоду.
Учурда да Акаев, Бакиев, Атамбаевдин көчү уланып жогорудагы Башмыйзам коомдук талкууга чыгарылды. Мындан ары да бийлик конституцияга өзгөртүү киргизеби же жокпу, айырмасыз, баары бир бул конституциялар коомдун бакубаттыгын камсыздай албайт. Анткени, анын булагы – демократия куфр акыйдасы, андан келип чыккан мыйзамдар – демократиялык-капиталисттик мыйзамдар. Ошондой эле бул мыйзамдар кабыл алынгандан ушул күнгө чейин чет элдик империалисттердин өлкө байлыгын ташып кетүүсүнө шарт түзүп берүүдө. Мында жергиликтүү бийлик ээлеринин сол чөнтөгү гана толтурулбаса, өлкө үчүн эч бир пайда кепилденбеген.
Мындан тышкары, бул конституциялар адамдын чолок акылына таянгандыктан коом мүчөлөрүнүн өз ара алакасын тартиптөөдө алсыздык кылат. Анткени, адамдын бир нерсеге чечим берүүдө түшүнүгү ар түрдүү, бири-бирине карама-каршы, жана кайчылаш болуп эсептелет. Ошондой эле, мыйзам чыгарууда чөйрөсүнөн таасирленет.
Мисалы, бир инсан табиятынан тукум улоо инстинктине ыктоосу жогору болгондуктан, көп аялдуулук, жарандык нике же сойкуларга уруксат берүү керек сыяктуу мыйзамдарды сунуштайт. Башкасында жашоо үчүн күрөшүү күчтүү болгондуктан, бизнес тармагында өзүнө ыңгайлуу мыйзамдарды иштеп чыгат. Дагы биринде болсо тадаюнга ыктоо күчтүү болот да, адамдарды ибадат кылууга, бул дүйнө иштерине маани бербөөгө чакырган мыйзам жазат. Албетте мындай мыйзамдар коомдо эле эмес парламентте дагы карама-каршылыктарга учурайт. Бири президенттик башкаруу десе башкасы парламенттик дагы бири буга каршы вариантты сунуштайт. Буга кошумча адам чыгарган мыйзам кайчы пикирде болот т.а президенттик башкаруу дегендер да негизги пикирде бирдей болгону менен анын ичиндеги мыйзамдарда кайчы пикирде болот. Башкача айтканда, президенттик башкаруу деген менен бири кен-байлыктарды улутташтыруу керек десе, башкасы инвесторго бериш керек деген сыяктуу кайчы пикирде мыйзам чыгарышат. Муну менен катар адам мыйзам чыгарууда чөйрөдөн таасирленет т.а ошол коомдун каада-салт, үрп адаттарынан таасирленет. Ошондуктан, буга чейин Франциядан көчүрүп алган Башмыйзам, Орусиядан көчүрүлгөн мыйзамдар кыргыз элинин каада-салт, үрп адаттарына жат болгондуктан, кыргыз эли мындай көчүрмө мыйзамдарга каршы чыгып коомдо башаламандыктар тынымсыз кайталанып келүүдө.
Демек, адам туура мыйзам чыгарууга алсыз жаратылгандыктан бакубат жашоого жетүү үчүн Жаратуучунун мыйзамдарына муктаж. Биз бул мыйзамдарды Куран, Сүннөт, Ижма жана Кыястан алганда гана мындай башаламандыктарга чекит коюп, бакубат жашоого жете алабыз. Анткени, бул ааламды жоктон бар кылган, бүткүл дүйнөнү адам үчүн немат кылып берген Жаратуучу биз кандай мыйзам менен жашасак туура жана бейпил жашоого жетерибизди жакшы билет.
Аллах Таала айтат: «Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот жана Биз аны кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз». [20:124]
Жыйынтыктап айтканда, Куранды алып келген периште эң абзел периште болду. Куран түшүрүлгөнү себептүү Расулуллах с.а.в. пайгамбарлардын саййиди болду. Өз доорунда эң артта калган арабдар, Куран түшүрүлгөндөн кийин адамзаттын ичиндеги эң жакшылары болушту. Арабдар Куран негизиндеги аракеттери себептүү ошол кездеги эки жетекчи мамлекетти, башкача айтканда, Перс жана Рим империяларын жеңген. Ошол кездеги транспорт каражаты ат жана төөлөр болушуна карабастан, мусулманмар укмуштай тездик менен өз таасирин – адилеттүүлүк нурун – жайышты. Буга алардын Куран-Сүннө негизинде иш алып барганы себеп болду. Биз, мусулмандар, ушул негизден алыстагандан баштап кор болдук. Ошондуктан, туура негизге кайтып келмейинче, бизде эч нерсе жакшы тарапка өзгөрбөйт.
Мумтаз Маверанахрий
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…
Басма сөз баянаты Таң караңгылыкты жарып Суданда Англия-Америка колонизаторлук күрөшү болуп жатканын ачыктады Британия тарабынан…