Роя гезити

Нормалдаштыруу да, моюнга алуу да – кыянаттык!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Нормалдаштыруу да, моюнга алуу да – кыянаттык!

 Абу Хамза Хутваний

Лисанул араб лугатында «الطبع» сөзүнө мындай аныктама берилген: الطبع» сыпат, адамда болгон табият, طَبّعَه бул «аны табиятына жайгаштырды, табияттандырды» дегени». «التطبيع «нормалдаштыруунун» терминдик мааниси лугавий маанисинен көп айырмаланбайт: бири-бири менен душмандашып жаткан эки тарап ортосунда алакаларды кайрадан табигый абалына кайтаруу т.а. күрөш жана душмандык оту өчө турган абалга келтирүү. Бул шариятта достошуу катары кабыл алынат. Себеби, «التطبيع» сөзүнүн маанилеринин бири – дос тутуу. Аллах Таала айтат:

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَّخِذُوا الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى أَوْلِيَاءَ بَعْضُهُمْ أَوْلِيَاءُ بَعْضٍ وَمَن يَتَوَلَّهُم مِّنكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ﴾

«Эй момундар, яхудийлерди жана насронийлерди дос тутпагыла! Алардын айрымдары айрымдарына дос. Силерден ким аларга дос болсо, анда, ал ошолордон. Албетте, Аллах залим коомду хидаят кылбайт»                                                                                               [5:51]

Ушул аяттын тафсиринде Ибн Касир мындай дейт: «Аллах Таала Өзүнүн момун пенделерин яхудийлерди жана насранийлерди дос тутуудан кайтарууда. Себеби, алар Исламдын жана Ислам калкынын душманы болуп, аларга Аллахтын наалаты болсун. Андан кийин Аллах алар бири-бирине дос экенин кабар берген соң, андай кылган кимселерди эскертүүдө: «وَمَن يَتَوَلَّهُم مِّنكُمْ فَإِنَّهُ مِنْهُمْ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ силерден ким аларга дос болсо, анда, ал ошолордон. Албетте, Аллах залим коумду хидаят кылбайт».

Яхудий вужудун дос тутуунун мааниси ушуларды түшүндүрөт:

  • Яхудий вужудунун Фалестин жеринде болууга мыйзамдуу жана шаръий түрдө акысы бар деп билүү, бул вужуд үчүн Фалестиндин бир бөлүгүнөн же көпчүлүк бөлүгүнөн баш тартуу о.э. кеминде 1948-жылы басып алынган жерлерди (Фалестин жеринин 80%ын) кайтарууну талап кылбоо. Т.а. «Тынчтык акысына жер» деген формулага ылайык эмес, «Тынчтык акысына тынчтык» деген формулага ылайык басып алынган жерлердин бир бөлүгүн да кайтарууну талап кылбоо. Белгилүү болгондой, бул эки формула тең жерден саткындарча баш тартуу маанисин билдирет.
  • Бул вужуд менен туруктуу келишим түзүү. Бул болсо, согуш абалынан чыгып, ар кандай согуш отун өчүрүүнү түшүндүрөт.
  • Яхудий вужуду менен бойкот абалын токтотуп о.э. ага ачыктык көрсөтүү. Ачыктык көрсөтүү дегенде дипломатиялык алакаларды орнотуу, элчиликтерди ачуу, маданий, экономикалык, соода-сатык, илимий, спорт жана башка тармактарда мамилелерди орнотууну түшүндүрөт.
  • Яхудий вужудунун товарлары үчүн араб мамлекеттеринин базарларын ачуу, бул вужудга ири капиталдар кирип келишине жол ачуу.
  • Яхудий вужудуна аба жолдорунан жана порттордон эркин пайдаланышына мүмкүнчүлүк жаратуу.
  • Яхудий вужудуна каршы согушмакчы болгон жана ага каршы чыккан ар кандай адамды, жамаатты же мамлекетти токтотуу.
  • Умматтагы жихад идеясына каршы күрөшүү.
  • «Терроризмге» каршы күрөшүү шылтоосу астында Исламий жаматтарга же уюмдарга каршы яхудий вужуду менен стратегиялык союз түзүү жана биргеликте ар түрдүү уюмдарды түзүү.

Яхудий вужудун дос тутуу мына ушундай маанилерди түшүндүрөт. Буларды дыкат үйрөнүү натыйжасында ушуга күбө болосуң: яхудий вужудун моюнга алуу мамилелерди нормалдаштыруудан мурун болот. Себеби, аларды моюнга алуу – даярдык, нормалдаштыруу – натыйжа. Бул экөөсү кыянат жана жер-укуктардан баш тартуу болуп, бир максатка алып барат.

Яхудий вужудун моюнга алуу жана аны менен мамилелерди нормалдаштыруу башка мамлекетти моюнга алуудан жана аны менен мамилелерди нормалдаштыруудан айырмаланат. Себеби, бул вужуд Уммат үчүн ыйык болгон жерди басып алды жана ал жердеги калктардын акыйдасына чабуул кылды. Негизи, Фалестин Исро жана Мераж жери боолуп, ыйык жер, башка жерлер сыяктуу эмес. Ал жер жүзүндөгү бардык мусулмандардыкы, ар бир мусумандын ал жерде акысы жана үлүшү бар. Анын ыйыктыгы Мекке жана Мединанын ыйыктыгынан айырмаланбайт. Ошондуктан, аны коргоо Мекке жана Мединаны коргоо болуп эсептелет, себеби, алардын баары ыйыктыкта жана коргоодо бирдей.

Башка тараптан, кимдир бирөө мусулмандын бирер нерсесин басып-тартып алса, ага каршы согушуу шаръий түрдө фарз болот. Ушундай болгон соң, мусулмандын мекенин басып-тартып алса эмне болот?!

Аллах Субханаху ва Таала өлкөнү басып алган кимселер менен ар кандай түрдөгү достукту орнотууну өзгөчөлөнтүп арам кылып, мындай деген:

﴿إنّمَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ قَاتَلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَأَخْرَجُوكُم مِّن دِيَارِكُمْ وَظَاهَرُوا عَلَى إِخْرَاجِكُمْ أَن تَوَلَّوْهُمْ وَمَن يَتَوَلَّهُمْ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ﴾

«Аллах силерди жалгыз диниңер туурасында силер менен согушкан, силерди өз журтуңардан кууп чыгарган жана силерди кууп чыгарууда бири-бирине жардамдашкан кимселер менен достошуудан кайтарат. Кимде-ким алар менен достошсо, дал ошолор залим кимселердин өзү»                                                                                                                                       [60:9]

Бул баскынчылар жөнөкөй бир коом эмес, алардын сыпаты жөнүндө Куръани Карим мындай деген:

﴿لَتَجِدَنَّ أَشَدَّ النَّاسِ عَدَاوَةً لِلَّذِينَ آمَنُوا الْيَهُودَ وَالَّذِينَ أَشْرَكُوا﴾

«Ыйман келтиргендерге эң катуу душмандык кылгандар яхудийлер жана мушриктер экенине күбө болосуң»                                                                                                                 [5:82]

Демек, алар менен достошуу Куръаний текстке ачык тескери. Куръани Карим алар жакшылык кылуу эмне экенин билбеген кимселер экенин сыпаттаган:

﴿أَمْ لَهُمْ نَصِيبٌ مِنَ الْمُلْكِ فَإِذاً لَا يُؤْتُونَ النَّاسَ نَقِيراً﴾

«Же алардын мал-мүлктөрү барбы? Ошондой болгон күндө да адамдарга кымындай жакшылык кылышпаган болоор эле!»                                                                            [4:53]

Жогоруда айтылгандар – аларды дос тутуунун арамдыгына о.э. аларды дос туткандар бул дүйнө жана Акыретин колдон чыгаруусуна кошумча далил.

Ушул күндөрдө яхудий вужудун дос тутуп жаткандар өздөрүнө ачык зыяндан башка нерсеге ээ болушпайт, Аллахтын рахматынан куру калганы эле калат деп тыянак кылуу мүмкүн. Буга далил: мына Мисир жана Иорданияда келишимден кийин эмне болду, артта калуу, жакырчылык жана бардык тармакта артка кетүү… дагы да күчөйт.

Яхудий вужудун моюнга алуу балээнин жана илдеттин негизи болуп, мамилелерди нормалдаштырууга кириш сөз болот. Ошондуктан, Мисир, Иордания, Фалестин режими менен Бириккен Араб Амирликтери жана Бахрейн ортосунда эч бир айырма жок, алардын баары саткындыкта бирдей.

 

Роя гезити

turkistonkg

Recent Posts

Көркөм эсептелүүчү хулктар

بسم الله الرحمن الرحيم АДЕП-АХЛАК Көркөм эсептелүүчү хулктар Бордошун өзү менен тең көрүү жана өзүнөн…

15 hours ago

“Коопсуз шаар” долбоору аймактарда да колдонулат

"Коопсуз шаар" долбоору аймактарда да колдонулат Ички иштер министрлиги "Коопсуз шаар" долбоорун өлкөнүн бардык аймактарына…

17 hours ago

Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат

Баскынчы жөөт бийлигинин Ливандагы кол салуулары уланып жатат Ливанда 17-18-сентябрда эки күн катарынан пейжер жана…

19 hours ago

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык?

Германиянын Борбор Азиядагы таасири канчалык? 17-сентябрда Астанада Борбор Азия өлкөлөрү менен Германиянын лидерлери катышкан С5+1…

3 days ago

Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Зыянкеч акимдерди жолдон алып салуу Урматтуу бир туугандар “Асыл…

3 days ago

Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Саткындыктын жана чынчылдыктын байрагы Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

4 days ago