Роя гезити

Ливан эки от ортосунда: бир тарапта Макрондун демилгесин тыгыштыруу, экинчи тарапта аны бузуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Ливан эки от ортосунда: бир тарапта Макрондун демилгесин тыгыштыруу, экинчи тарапта аны бузуу

 Мухандис Муждий Али

2020-жылы 16-сентябрь күнү «Хурра» телеканалы мындай кабар таратты: «Хизбуллах жана Амал кыймылынан турган «шиа экилиги» Франция президенти Эммануэль Макрондун Бейрут жардыруулары артынан сунуштаган негизги саясий демилгесин четке сүрүүгө урунуп жатканы таң калычтуу эмес».

Бул маселени т.а. Франция демилгесин бузуу аракетин түшүнүү үчүн алгач регион жана Ливандагы айрым маселелерди карап чыгуубуз керек:

  • Ливанда Америка менен Европа тарапкерлери шүмшүңдөп жүрүшөт. Өлкөдө Американы Мишел Аун, Набий Бари сыяктуу түздөн-түз же Ирандын Ливандагы Хизби сыяктуу кыйыр түрдөгү тарапкерлери бар. Булар материалдык жактан күчтүү болуп эсептелет. Ал эми, Европа, айрыкча, Британия менен Франция тарапкерлери алсыз болуп, алар Самир Жаъжа, Валид Жанбулат. Алар кескин токтом кабыл ала алышпайт, экинчи тараптын аракетине тоскоолдук кылган иштер менен алектенишет.
  • Иран жана анын региондогу канаттарынын ролу – Американын кылдат иштелип чыккан саясатын аткаруу. Бул роль Америка саясатынын талаптарына ылайык жана абалга карап кеңейип-кыскарып турат.
  • Европа Иран менен болгон соода жолдорун ачуу жана Ирандын АКШдагы соода мамилелерин азайтууда ядролук келишимден пайдаланууда.
  • Америка Иран менен бир тараптуу жана Европа пайдалана албай турган келишимге катуу аракет кылууда. Буга эң күчтүү далил: АКШ-Иран ортосунда парда артында сүйлөшүүлөр жүрүүдө жана муну Трамп азыркы шайлоо кампаниясында ачыктаган билдирүүлөр тастыктап турат. Мисалы, 2020-жылы 13-августта «Спутник» сайты Трамптын: «Эгер, шайлоодо жеңип чыксам, Иран менен 30 күн ичинде эле келишим түзөм», – деген билдирүүсүн жарыялады. 22-августта «Мудун» электрондук сайты Трамптын: «Алар келишим түзүшмөкчү, айтып коёюн, алар бир айда кол коюуга урунуп жаткан болушса, мен бир аптада эле кол коём жана албетте бул ишти мыкты аткарам», – деген билдирүүсүн ачыктады.
  • Америка Иранга карата душмандыгын башка мамлекеттерге, айрыкча, Саудияга көбүртүп көрсөтүүдө. Максат – Иранга карата душмандык яхудий вужудуна карата душмандыктын ордун ээлеши керек.

Эми, Ливанда болуп жаткан окуяларды түшүнө алабыз:

  • Франция өзүнүн айрым жоготкон же күчсүздөнгөн ролдорун кайра тикелеп алуу максатында Ливан кризисине аралашууга урунуп жатат жана мында дүйнөлүк мүнөзгө ээ үрөй учурган Бейрут жардырууларынан пайдаланмакчы.
  • Франциянын бул аракеттерине Иран менен болгон алакасы жардам берди. 2020-жылы 6-августта Макрон Ливанга жасаган биринчи сапарынан кийин эле Руханий менен жолугушту. Макрон ачыктагандай, ал Руханийге Франция Иранды колдоп-кубаттайт жана Коопсуздук Кеңеши Иранга каршы санкцияларды узартышына каршы Иранга жардам берет деген о.э. Ирандан өз Хизбине көрсөтмө берүүнү талап кылган. Бул Макрондун Ливандагы миссиясына о.э. Франциянын демилгесине жардам берүү көрсөтмөсү.
  • Мына ушундай көрүнүштө Франция Иран Хизби туурасында баарынын көңүлүн тарткан билдирүү берди. «Ал-Жазира» сайтынын 2020-жылдын 1-сентябрдагы кабарына ылайык, Макрон ойрон болгон портко барганда: «Иран Хизби Ливан саясий режиминин бир бөлүгү жана шайланган партиясы», – деди. Мындай күтүлбөгөн билдирүү айрым массалык маалымат каражаттарынын жана нааразылык аракеттеринин Франциянын демилгесине болгон ишенимдерин жокко чыгарды, алар муну режимдин тарабына өтүү деп аташты. Табигый болгондой, Макрондун 2020-жылы 6-августтагы биринчи сапарында этибарды тарткан нерсе: Иран Хизбинин Ливан парламентиндеги мүчөсү жана анын парламенттеги өкүлдүгүнүн төрагасы Мухаммад Раъд менен эки ирет жолугушканы болду. Негизинен, Иран Хизби менен француздардын жолугушуулары тынымсыз уланып жатат. Мисалы, жакында Франциянын Ливандагы элчиси Бруно Фуше Иран Хизбинин тышкы алакалар боюнча өкүлү Аммар Мусавий менен жолукту. Жолугушуу Франциянын күтүлүп жаткан өкмөт түзүү иштерин чечүү аракеттеринин алкагында болду. О.э. жолугушууга Иран Хизби менен «Амал» кыймылы Финансы министрлигине умтулуп жатканы себеп болду!
  • Ушундай окуялардын тушунда Франция менен Европа БУУ Иранга каршы санкцияларды жаңылашына тоскоолдук кылууда. Өз кезегинде, ушул санкцияларды Коопсуздук Кеңешинен талап кылып жаткан АКШ 2020-жылы 20-сентябрда БУУ Иранга каршы бардык санкцияларды кайра жандантууну бир тараптуу жарыя кылды. Ошол күнү АКШ мамлекет катчысы мындай билдирүү берди: «Биз БУУга мүчө мамлекеттерден Иранга каршы санкциялардын колдонуу жөнүндөгү убадаларын аткарышат деген үмүттөбүз». Трамп ал тургай: «Эгер, бул мамлекеттер Иранга каршы БУУ санкцияларын колдонбосо, акыбети жакшы болбойт», – деп коркутууга барды. Ошол эле убакта, Франциянын билдирүүлөрү карама-каршы болду. Мисалы, Франциянын БУУдагы өкүлү 2020-жылы 20-сентябрда мындай билдирүүлөр берди: «Иранга карата БУУ санкцияларын бекер кылуу аракети уланат, Тегеран өз милдеттенмелерин аткармайынча жоопкер болуп кала берет», «Франция, Германия жана Британия Иран менен болгон ядролук келишимди толук ишке ашырууга бекем аракет кылышат», «Ядролук келишим – Ирандын ядролук программасын көзөмөлдө кармап туруунун жалгыз жолу».

Американын Ливандагы билдирүүлөрү жана иш-аракеттери Франция демилгесин кыйратууга багытталганына күбө болуп жатабыз:

  • Капыстан Ливан сахнасында Мустафа Адиб деген жаңы ысым пайда болду. Ал жаңы өкмөт түзө турган адам катары оозго алынып жатат. Бул кимсе парламент спикери Набих Биррийдин канаты астында о.э. мурунку премьер-министр Нажиб Микатийдин коргоосунда келген көрүнөт. Себеби, Адиб Германияда элчи болуп иштеген убакта Баррий менен жакын алакада болгон адам катары о.э. Нажиб Микатийдин кеңешчиси жана өкүлү катары таанылган. Баррий менен Микатий болсо Америкага берилген кишилер.
  • Америкалык саясатчылар Иран Хизбине каршы кескин билдирүүлөрдү берүүдө. Бул билдирүүлөр Американын Иран жана анын канаттарын кыркуу аракеттеринин алкагында болуп жатат. АКШ Мамлекет департаментинин басма сөз катчысы Морган Ортагус 2020-жылы 2-сентябрда мындай деди: «Иран тарабынан колдоп-кубатталган Хизбуллах – террористтик уюм. Ал дагы эле Кошмо Штаттар жана анын эл аралык шериктештери үчүн чоң коркунуч туудуруп жатат». Мындан тышкары, Помпео жана Шенкер сыяктуу башка саясатчылар ушул мазмунда билдирүүлөрдү беришти.
  • Иран Хизбин колдоп-кубаттайт деп айтылган адамдарга жана уюмдарга да Америка тарабынан санкциялар колдонулушу тездешип кетти. Бул учурда Иранга басым кылып, анын ролун кайра иштеп чыгуу деп каралса да, бирок, Американын Ливандагы адамдары өкмөт түзүү оюнунда Ирандан пайдаланышууда. Мисалы, Баррий менен Иран Хизби түзүлө турган өкмөттө салмакка ээ болууга катуу урунуп жатышат. Белгилүү болгондой, мындай абал өкмөттү түзүүнү кыйратат о.э. премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Мустафа Адибди отставка чыгууга мажбур кылат. Бирок, айтылышынча, Франциянын аралашуусу Адибден отставкага чыгууну кечеңдетүүнү талап кылууда. Ушул нерсе этибарлуу, «MTV» телеканалы сайты 2020-жылы 19-сентябрда ушул кабарды таратты: «Франция Ирандан «шиа экилигин» (Хизбуллах жана Амал кыймылын) финансылык портфелден баш тартууга көндүрүүнү талап кылды, эгер андан баш тартса, Франция дүйшөмбү күнү АКШнын Коопсуздук Кеңешинде Тегеранга санкцияларды колдонуу сунушуна добуш бербейт деди. Бирок, Иран Европанын башка мамлекеттеринин позициясын күтүп жатат».

Ушул Франция-АКШ күрөшү ушул нерселерди баса белгилөөгө үндөп жатат: Европа, өзгөчө Франция менен АКШ ортосундагы ушул татаал абал Ливанды эки оттун ортосуна салды. Бирок, бул нерсе Америка менен Франциянын Иран Хизбине карата түпкү талаштуу көз караштарын түшүндүрбөйт. Жок, бул Иран ядролук келишимин АКШ бекер кылышы себептүү Европанын экономикалык зыяндарына байланыштуу карама-каршылык. Бүткүл Европа, өзгөчө Франция ушул зыянды кайра тикелөөгө урунду. Франция-АКШ келишпестигинде өз тастыгын тапкан сахналардын бири – бул Ливан сахнасы. Ошондуктан, «шиа экилигинин» Франция демилгесин бекер кылуу аракеттери Американын түздөн-түз Набих Баррий, кыйыр түрдө Иран Хизби аркылуу аракеттерине барып такалат деп айтуу мүмкүн. Мунун кыйыр түрдөлүгү Иран өз Хизбине буюрушунда көрүнөт.

 

Роя гезити

turkistonkg

View Comments

Recent Posts

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды

18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…

3 days ago

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда

Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…

6 days ago

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү

Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…

1 week ago

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады

Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…

1 week ago

Амирлик (экинчи бөлүк)

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

1 week ago

Асыл хадис менен

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…

1 week ago