Камсыздандыруу боюнча мыйзам күчүнө кирет
Ички иштер министрлиги 2021-жылдын 1-январынан тарта автоунаасын милдеттүү камсыздандыруудан өткөргөндүгү боюнча айдоочуларды текшере баштайт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы эскертти. Аталган документ Жогорку Кеңеш тарабынан 25-июнда кабыл алынган.
Маалыматка ылайык, 1-январдан тарта айдоочулар күбөлүк менен техпаспорттон тышкары камсыздандыруу полисин да көрсөтүүгө тийиш. Бул документтерсиз айдоочуга унаа айдоого тыюу салынмакчы.
Буга чейин ОСАГО боюнча мыйзам долбоору толукталып, аны Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алган.
Жарандардын ушундай оор абалын көрүп-билип туруп да, аларды талап-тоноо максатында кабыл алынган камсыздандыруу боюнча мыйзамдарды ишке ашыруу өтө жаман көрүнүш. Калктын бүгүнкү күндөгүдөй оор абалга кептелишине дал ушул сыяктуу ачкөз капиталисттер таңуулаган калктын жонунан кайыш тилген мыйзамдары себеп болуп келет. Ошондой эле, аларга шерик болуп, кызыкчылыктарын кыңк дебей ишке ашырган, коррупцияга белчесинен баткан бийлик ээлери да мындан куру эмес. Анткени, капитализмдин табиятына ылайык, ачкөз капиталисттер ушул сыяктуу мыйзамдар аркылуу өтө чоң экономикалык шылуундуктарга жол ачып алышат. Буга бюджеттеги дефицит жөн гана шылтоо кылып алынган. Анткени, бул тармактардан түшүүчү каражаттарды көзөмөлдөөчү органдардын дээрлик бардыгы коррупцияга батып болушкан. Алар бул акчаларды кантип бөлүштүрүп алуу жөнүндө гана пикирлешет.
Буга кошумча милдеттүү камсыздандыруу шариятта арам иштерден болуп эсептелет. Муну мусулман айдоочуларга милдеттүү түрдө жүктөө менен эки эсе күнөөгө батышууда. Абу Давуд Жабирден риваят кылат:
«Пайгамбар с.а.в мойнунда карызы бар майитке жаназа окубас эле. Бир майит алып келинди. Пайгамбар с.а.в: «Анын мойнунда карызы барбы?» – деди. «Ооба, эки динар» дешти. Ал киши: «Досуңарга өзүңөр жаназа окугула», – деди. Ошондо Абу Катада Ансарий: «Я Расулулла, ошол эки динар менин мойнума», – деди. Ошондон кийин Пайгамбар с.а.в жаназаны окуду. Алла ал кишиге фатх-жеңиш берген соң: «Ар бир момунга өзүнөн көрө мен акылууракмын. Ким карыз калтырып кеткен болсо, аны үзүп коюу менин мойнума, ким мал калтырып кеткен болсо, ал мураскоруна», – деди». Бул хадисте Абу Катада карыз берген кишиге төлөнүшү керек болгон каржылык акыны өтөөдөгү (милдеттенмени аткаруудагы) майиттин жоопкерчилигине өз жоопкерчилигин кошуп жатат. Анда кепилдикке алуучу, кепилдик берилүүчү, кепилдикке алынуучунун бардыгы ачык көрүнүп турат. Ал кепилдикке алуу моюндагы милдеттенмени эвазсыз аткаруу экенин да көрсөтүп жатат. Демек, хадис кепилдикке алуу дурус болушунун жана түзүлүшүнүн шарттарын өз ичине алып жатат.
Ал эми милдеттүү камсыздандырууда абал мунун текериси болуп, өмүрдү болобу, товарды болобу, мүлктү болобу, камсыздандыруунун бардык түрү арам. Анткени, анын бүтүмү батыл. Камсыздандыруу компаниясынын бүтүм талабы менен бере турган ахды да батыл. Ушуга караганда, ушул бүтүм жана ушул ахд аркылуу алынган мүлк нашаръий жол менен табылган киреше эсептелип, аны жеш арам…”
Мумтаз Маверанахрий
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…