Жаңылыктар

АКШда кара түстүүлөргө карата расcалык теңсиздик уланууда

АКШда кара түстүүлөргө карата расcалык теңсиздик уланууда

Америкада расcалык кемсинтүү мамлекет тарабынан үзгүлтүксүз уланууда. Кечээ күнү эки полициячы дагы бир кара терилүү жигитке 14 жолу ок атып өлтүрдү. Мунун артынан башталган нааразылык акциялары учурунда АКШнын Пенсильвания штатындагы Филадельфия шаарында көптөгөн дүкөндөр менен ишканалар таланып-тонолду. Натыйжада Пенсильваниянын губернатору Том Вулф окуяларды көзөмөлдөө үчүн улуттук гвардияны чакырууга мажбур болду жана шаарда коменданттык саат жарыяланды.

27 жаштагы Уолтер Уоллести жырткычтык менен атып өлтүргөн полициячылар анын колунда бычак болгондугун айтышууда. Уоллестин эгиз баласы калгандыгын билдирген атасы: “Эмне үчүн полициячылар электрошокер колдонушпады?” – деп нааразылыгын билдирди.

Комментарий: Америкада кара түстүү адамдарга карата чабуул кадимки эле ээнбаштык же бузуку өкүмдарлардын ката саясатынын натыйжасы эмес, тескерисинче Батыш хазаратынын жараксыздыгынын натыйжасы. Себеби, кара түстүү адамдарды кул катары көрүү алардын зээнине бекем орношуп калган. Ушул түшүнүккө ылайык, Америкада кара түстүүлөрдү кемсинтүү адаттагы көрүнүш болуп эсептелет о.э. ак түстүүлөр аларды айбандарга жакыныраак деп эсептешет. Бул болсо Батыш хазаратынын чыныгы жүзүн ашкерелей турган факторлордун бири.

Адамдын табиятына туура келбей турган бул идеология кулоого жакындап калды жана мунун белгилери көрүнүп калды. Расачылык проблемасынын тамыры идеологияга барып такалышын америкалыктардын өздөрү да моюнга алышууда.

Батыш хазаратында расачылык тесиздик себептүү Америкада ак түстүүлөр жыргал жашоодо жашап жаткан бир учурда, кара түстүүлөрдүн үчүнчү дүйнө мамлкеттеринин жарандарынан да төмөн жашоодо жашашы эч кимди таң калтырбайт. Дүйнө жүзүнө эркиндик, адилеттүүлүк жана тең укуктуулукту жаюуну даба кылып жаткан Америкадагы кара түстүүлөр жашаган кээ бир кварталдар Африканы эске салат. Алар терисинин түсү кара болгону үчүн гана кол салууга дуушар болушат. Бул паскечтикке Батыштын жийиркеничтүү хазаратын реформалоо менен эмес, тескерисинче аны бүтүндөй жок кылып, анын ордуна адамзаттын табиятына туура келе турган хазаратты алып келүү менен гана чек коюлат. Мындай хазарат болсо мусулмандардан башка эч кимде жок.

Исламда адамдын кадыры анын терисинин түсүнө эмес, таквасына карап өлчөнөт. Каъбанын ичинде Расулуллах A менен бирге намаз окуу бактысы бир гана Билалtга насип кылган. Ислам тарыхында мындан башка дагы миңдеген мисалдар бар. Ислам хазараты адамдарды ак түстүү, кара түстүү, сары түстүү жана кызыл түстүү деп ажыратпайт. Ислам мамлекетинин жараны болгон адам терисинин түсү кандай болушуна карабастан, ал тургай мусулман болбосо да, акы-укуктардан толук пайдаланат.

Ооба, Ислам хазараты – мусулмандарды эле эмес,  бүтүндөй адамзатты жыргал жашоо менен камсыздай турган жападан-жалгыз хазарат.

Киямуддин Шариф

turkistonkg

Recent Posts

Электр энергиясынын тарифи 2,60 сомго чейин кымбаттайт

Электр энергиясынын тарифи 2,60 сомго чейин кымбаттайт Электр энергиясынын тарифи 2030-жылга чейин 2,60 сомго чейин…

8 hours ago

Халифалыктын жоктугунан мусулмандар эмнени жоготушту?

Халифалыктын жоктугунан мусулмандар эмнени жоготушту? Саид Ридван Абу Аввад Медина шаарында алгачкы Ислам мамлекети негизделгенде,…

21 hours ago

Америка тышкы жардамды өлкөлөрдү көзөмөлдөө үчүн кантип колдонууда?

Америка тышкы жардамды өлкөлөрдү көзөмөлдөө үчүн кантип колдонууда? Доктор Диван Чоудри Америка президенти Дональд Трамп…

21 hours ago

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

2 days ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

3 days ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

3 days ago