Басма сөз баянаты

Макрондун сөзү – демократиянын жүзү

Макрондун сөзү – демократиянын жүзү

Франция президенти Эмануэл Макрондун 2-октябрда Иламга жана мусулмандарга карата айтылган душмандык сөзү бүткүл дүйнө мусулмандарын дагы бир жолу силкинүүгө алып келди. Дүйнөнүн мусулман калкы бул маселеде бир пикир жана бирдей туйгуга ээ экени дагы бир ирет өз тастыгын тапты. Бул окуя жалпы мусулмандардын өз динине умтулуп жатканын жана аны коргоого аттанганын түшүндүрөт.

2-октябрда Франция президенти мындай сөздөрдү айтты: “… Ислам – бүткүл дүйнө бойлоп кризиске кабылган дин. Биз дүйнө боюнча стабилдүүлүккө жана тынчтыкка дал келбеген саясий Исламга ишенбейбиз”. “… Дүйнөбий (светтик) баалуулуктарды радикал Исламдан коргошубуз керек”. О.э. ал “богохульство”ну кабыл албай турган франциялык сеператисттерге каршы күрөшүү зарылдыгын да айтып өттү. (Богохульство – бардык диний баалуулуктарды, ал тургай, Аллахты да акаараттоого жол берүу).

Булар дүйнөгө демократия маскасы менен өкүмдарлык кылып жаткан империалист державалардын бири – Франциянын президенти айткан сөздөр болду.

Негизи, Макрондун Исламга карата ашынган душмандыгы мурунтан эле белгилүү. Ал 2019-жылы эле Франция үчүн Исламга жана мусулмандарга каршы мыйзам долбоорун иштеп чыккан. Анда Францияда “агартылган ислам” б.а. демократияга, анын ичинде француз мыйзамдарына ылайыкташкан ислам болушу керектиги, мечит-медреселерге көзөмөл орнотулушу, ага моюн сунбагандарды өлкөдөн айдап чыгаруу ж.б.у.с. беренелер камтылган. Макрон бул мыйзам долбоорун 9-декабрда сунуштарын айтып жаткан. Бирок, бул мыйзам долбооруна дүйнө мусулмандары каршы чыккан эмес. Анткени, карапайым мусулмандар андан кабарсыз эле.

Макрондун жогорудагы душмандык сөздөрү – Аллах ааламга рахмат кылып жиберген Мухаммад Мустафа соллаллоху алайхи васалламды – акаараттаган “Шарли эбдону” кубаттоо сөздөрү да болуп калды. Бул бүткүл дүйнө мусулмандарын кыжырдантты, анткени, карапайым мусулман калк андан толук кабардар болду. Бул окуя мусулмандардын каарын кайнатары шексиз эле, анткени, алардын өз Пайгамбарына болгон сүйүүлөрү чексиз.

Албетте, Пайгамбардын шаанисин коргоо ар бир мусулманга фарз. О.э. Пайгамбарды коргоо дегени – бул Исламды коргоо дегени. Ушул орунда, бул фарздын өтөлүшүндө – Аллахтын алдында ким эмнеден жооп берет – мына ушуга токтоло кетүү орундуу. Себеби, талаадагы бир дыйкан менен мамлекет башчыдан бирдей амалдар талаб кылынбайт. Ошондуктан, ар бир адамдын, ар бир партиянын, ар бир бийликтин өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша Аллахтын алдында өз жоопкерчиликтери болот. Мисалы, президент Эрдогандан талаб кылынган амалдар инженер Абдуллахтан талаб кылынбайт, Абдуллахтыкы өз мүмкүнчүлүгүнө жараша болот. О.э. Пакистан бийлигинен талаб кылынган амалдар Ливан бийлигинен талаб кылынбайт. Бир гана нерсе, бул фарзды өтөө үчүн алардын ар бири бар мүмкүнчүлүктөрүн ишке салуусу керек. Андан азы актоого өтпөйт.

Учурдагы чечим:

  1. Жеке адамдар өздөрүндөгү бар мүмкүнчүлүктөрүн ишке салып, Франциянын бул саясатына каршы туруулары керек. Мисалы, адамдар арасында талкуу кылуу, социалдык тармактарда каршылык билдирүү, митингдерде катышуу, партиялардан бул окуяга карата саясий иштерди уюштурууну талаб кылуу, товарларды бойкот кылуу, бийликти багыттоо жана тергеп-тескөө ж.б.у.с. амалдарды кылышы керек.
  2. Исламий партиялар бар мүмкүнчүлүгүн ишке салып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, пресс-конференциялар өткөрүү, нааразылык акцияларын уюштуруу, бийликке үммөт үнүн жеткирүү, бийликти багыттоо жана тескөө ж.б.у.с. амалдарды аткарышы зарыл.
  3. Мамлекеттик бийликтер да бар мүмкүнчүлүктөрүн ишке салуулары керек.

Мисалы, Бул окуя каршысында Эрдоган Макронду “псих” деп коюшу жетиштүү эмес. Негизи, проблема Макрондун психикасында эмес, ал көтөрүп жаткан демократиялык “баалуулуктарда”. Макрон биерде “светтик баалуулуктарды”, “сөз эркиндигин”, “богохульствону” колдоду. Ошондуктан да, Германия бийлиги Эрдоганды сындап, Макронду колдоп чыкты.

Эрдоган сыяктуу эле, Саудия, Иран, Пакистан сыяктуу мамлекеттердин бийликтеринин каршылык көрсөтүмүш эткен билдирүүлөрү да алардан талаб кылынган амалдарды актабайт. Ал бийликтер дипломаттарды ишке салуу, санкциялар киргизүү, мамилелерди үзүү сыяктуу амалдарды аткаруулары керек. О.э. ал мамлекеттер аскердик тармакка жылына миллиарддаган каражаттарды сарпташат. Алардын милдети – армияларды аракетке келтирүү менен душманга коркуу салуу болчу. Дагы ушул сыяктуу, ар бир мусулман өлкөлөрдүн бийликтери да бар мүмкүнчүлүктөрүн ишке салып, мүмкүнчүлүгү барлардан биригүүнү талаб кылуулары керек.

Булар учурдагы чечимдер болду. Ал эми түпкү чечимге келсек, бул проблеманын түбү – дүйнөгө бузук демократиялык идеология империалисттик система аркылуу өкүмдарлык кылып жатканында. Ошондуктан, ар бир мусулман – жеке адам да, исламий партиялар да, мамлекет бийликтери да – Пайгамбарлык минхажындагы Исламий Халифалыкты тикелөөгө аракет кылуулары керек. Ал Халифалык бузук демократияны бузуп таштап, Ислам идеологиясын колдонот, империализмди түп-тамырынан омкоруп таштайт.

Тарыхта Халифалык Исламын коргоп, Пайгамбары акаараталышына жол берген эмес. Ал тургай, мамлекет алсырап турганда да жол берген эмес! Маселен, Абдулхамид II Халифалык кулатылышынан жыйырма жыл мурда Франция менен Британияда Вольтердин Расулуллах (с.а.в)ды акаарат кылган «Фанатизм» деген пьесасы көрсөтүлүшүнө каршы турган. Халифа Абдулхамид II пьесанын мазмунунан кабардар болуп, Фаранциядагы өз элчиси аркылуу Франция өкмөтүн эгер пьеса көрсөтүлсө, бул кооптуу саясий акыбетке алып келишинен эскертет. Ошондо Франция пьесаны көрсөтүүнү тезинен токтотот. Кийин ушул пьесаны коймокчу болгон театр Англияга кетет. Халифанын ушул эскертүүсү Англияга да жолдонгондо, Англия өкмөтү: «Билеттер сатылып бүттү, эми аны токтотуу жарандарыбыздын эркиндигин тебелөө болуп эсептелет», – деп жооп берет. Ошондо султан төмөнкүдөй буйрук чыгарат: «Мен бүткүл Ислам Үммөтүнө жолдоп жаткан буйругум ушул! Британия Набийибизди акаарат кылууда! Буга каршы жихад жарыя кылмакчымын…». Таңда Аксарайга келген Британия элчиси халиф жана башка бардык министрлерлерди аскерий кийимчен көрөт жана аларды Британия пьесаны токтотконунан кабардар кылат.

Тарых ибрат-үлгү алуу үчүн окутулат. Ал эми, шарьий өкүмдөр аткаруу үчүн үйрөнүлөт. Пайгамбар алайхисаламды коргоо жана Исламий Халифалыкты тикелөө баарыбызга важиб.

Жарышуучулар мына ушул нерсе үчүн жарышышсын…

Хизбут-Тахрир – Кыргызстан

28. 10. 2020

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

24 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

2 days ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

2 days ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

4 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

5 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

6 days ago