Жаңылыктар

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Кыргыз-тажик чек арасында жекшемби күнү чыр чыккан айылда бүгүн абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө жерлигинде катталган чыр күчөп кетпеши үчүн жана кырдаалды турукташтыруу максатында ал жакка Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев барды. Ал күч түзүмдөрүнүн ишин координациялайт.

25-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы Үч-Дөбө айылында тактала элек аймакта тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Кыргызстандын чек арачылары аларга такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзүүгө болбосун айтышкан, тажик жарандары аларды укпай, чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок атышкан.

Сереп:  Кыргызстандагы саясий абал Россияны олуттуу тынчсыздандыра баштады. Өлкөдөгү маалымат тармагын “Азаттык” ээлеп алды. “Азаттык” – бул Батыш баалуулуктарын жаюучу негизги булак экендигин эсепке алсак, Кыргызстандын саясий чөйрөсү батышчыл күчтөр таасирине өтүп бара жатканын түшүнөбүз. Бул абал, өлкөдөгү Россиянын сакафий таасирин алсыратат. Ошондуктан, Россия Кыргызстандын саясий жетекчилиги үчүн ар тараптан проблема жаратууга, ошол аркылуу басым өткөрүүгө аракет кылат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар  ар дайым тышкарыдан уюштурулган провокация болуп, ар дайым Россиянын өлкөбүздөгү бирер талап же кызыкчылыгы талкууланып жаткан учурда басым өткөрүү үчүн уюштурулат. Негизи чек ара аймагында жашаган мусулмандар бири-бирине душман эмес. Мындан тышкары, алар жай мезгилинде ынтымакта болуп, анан күз келгенде бири-бири менен суу талашып калышы акылга туура келбейт.

Эй боордоштор, куфр биздин ортобузду жасалма чек аралар менен бөлүп коюп, ортодо такталбаган, талаштуу аймактарды калтырып, мектептен баштап улутчулдукка тарбиялап, бири-бирибизден алыстатып, ачкөздүк жана улутчулдукка алып баруучу программасы менен окутуп келет. Алар ар дайым саясий жана  экономикалык көзкарандылыгыбызды күчөтүүдө биздеги жана балдарыбыздагы мекенчилдик жана улутчулдук туйгуларыбыздан пайдаланышат.

Биз робитаны (ортобузду байланыштырып туруучу негизди) өзгөртүшүбүз керек. Себеби, робита бизди уруучулдук, улутчулдук сыяктуу сасык негиздер менен бири-бирибизден алытатууну токтотот! Бул робита ар кандай абалда биздин биримдигибизди кепилдөөнүн негизи болсун. Биз мусулманбыз! Ошол эле учурда тажик, кыргыз, өзбек…. улутунун өкүлдөрүбүз. Ар кимибиз башканын улуттук үрп-адаттары менен жашоого көнө албайбыз. Бирок баарыбыздын улуттук үрп-адаттарыбыз Ислам өкүмдөрүнө негизделген.

Демек, ар бирибиз өз улутубузда туруп исламий робитаны негиз кылышыбыз важиб. Ошондо эч ким бизди кандайдыр саясий же башка бузук максаты жолунда бөлүп-жарып, бири-бирибиз менен уруштура албайт! Эй боордоштор, бул проблеманын мындан башка чечими жок, болушу да мүмкүн эмес.

Бийлик бул проблеманы Россиянын же дагы башка колонизатордун бузук талаптарына моюн сунуу менен, бийлигин сактап калуу үчүн гана убактылуу чечкендей болуп жатат. Бирок, бул чечим эмес, бул көзкарандылыкты ого бетер күчөтүү болуп, колонизаторлор ар дайым ушул алсыз жерибизден пайдалана беришет. Бул маселеде да бир гана исламий робитаны күчөтүү проблеманын бирден-бир чечими болуп, башка жолдордун бардыгы ката. О.э. башка чечимдердин бардыгы проблеманы ого бетер тереңдетет!

Абдураззак Муъмин.

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

16 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

2 days ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

2 days ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

4 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

5 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

6 days ago