Жаңылыктар

Франция Ислам жана мусулмандарга каршы душмандыгын күчөттү

Франция Ислам жана мусулмандарга каршы душмандыгын күчөттү

Франциянын Монполье жана Тулузе шаарларындагы өкмөттүк имараттарда “шарли эбдо” журналы чыгарган карикатуралардын сүрөтү илинди. Мындай ыплас кадамдарын сөз эркиндигин колдоо жана буга чейин Пайгамбарыбыз (с.а.в)ды акаараттаган мугалимдин өлүмүн эскерүү катары актап жатышат.

Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөдөгү мусулмандарды коомдун жашоо образын өзгөртүүгө аракет кылып жатат деп айыптап, республикалык баалуулуктарды сактоо үчүн 9-декабрда атайын мыйзам долбоорун сунуштап жатканын билдирген.

Франциянын жогорудагы аракеттери Батыш дин эркиндиги сыяктуу жасалма ураандар астында жашап келгенин дагы бир жолу ачыкка чыгарды. Анткени, Макрондун сөзүнөн да белгилүү болгондой, Батыш дүйнөсүн адам чыгарган идея жана мыйзамдар бириктире албады. Батыш коому Аллахтын акыркы дини болгон Исламдан таасирленип, тездик менен жашоо образдарын өзгөртө баштады. Буга кошумча, мусулман мигранттардын балдарынын саны Ислам көз карашына ыйлайык тездик менен көбөйүп жатат. Алардын өз баалуулуктарын бекем кармоосу, керек болсо жанын да аябоосу француз бийлигин коркууга салып койду.

Эгерде мусулмандар пикир, туйгулары жана мыйзамдары бир абалда Исламий мамлекет саясында жашаганда алардын коркуулары мындан да катуу болмок. Анткени, тарыхта мындай окуялар алтын тамгалар менен жазылып калган. Маселен, Абдулхамид II Халифалык кулатылышынан жыйырма жыл мурда Франция менен Британияда Вольтердин Расулуллах (с.а.в)ды акаарат кылган «Фанатизм» деген пьесасы көрсөтүлүшүнө каршы турган. Халифа Абдулхамид II пьесанын мазмунунан кабардар болуп, Фаранциядагы өз элчиси аркылуу Франция өкмөтүн эгер пьеса көрсөтүлсө, бул кооптуу саясий акыбетке алып келишинен эскертет. Ошондо Франция пьесаны көрсөтүүнү тезинен токтотот. Кийин ушул пьесаны коймокчу болгон театр Англияга кетет. Халифанын ушул эскертүүсү Англияга да жолдонгондо Англия өкмөтү: «Билеттер сатылып бүттү, эми аны токтотуу жарандарыбыздын эркиндигин тебелөө болуп эсептелет», деп жооп берет. Ошондо султан төмөнкүдөй буйрукту чыгарат: «Мен бүткүл Ислам Үммөтүнө жолдоп жаткан ушул буйругум! Британия Набийибизди акаарат кылууда! Буга каршы жихад жарыя кылмакчымын…». Ушул эскертүүнү алышкан соң, британдыктар пикир эркиндигин да унутуп, тезинен пьеса токтотулат.

Тилекке каршы мусулмандар ушундай кор абалга кептелдик дейсиң, ыйманыбыздын негизги талаптарынын бири болгон пайгамбарыбыздын урматы тебеленишин кайдыгер абалда күзөтө турган болуп калдык. Ал эми жеп-тойбос каапырлар биздин баалуулуктарыбызды биринин артынан экинчисин тебелеп-тепсеп жатышат. Алардын сөз эркиндиги урааны жогорудагыдай мусулмандарга каршы каапырлык ураанына айланып калды.

Эй бийлик ээлери! Аллахтан корккула! Бүгүн болбосо качан кыймылга келесиңер? Аллахтын Элчисин коргобосоңор кимди коргойсуңар?! Бүгүнкү уйкуңар үчүн Аллахтын алдында кантип жооп бересиңер?!
Эй үммөттүн аалымдары! Силер Аллахка эң жакынсыңар жана үммөткө өрнөк болушуңар шарт! Эй жазуучулар жана блогерлер! Аллах үчүн бүгүн акыйкатты айтып чыккыла! Аллахтын элчисин кече болгондой бүгүн да коргоп чыгалы!

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

13 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

4 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

5 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago