Жаңылыктар

Казакбаев: Кыргызстан Канттагы авиабазаны кеңейтүүгө даяр

Казакбаев: Кыргызстан Канттагы авиабазаны кеңейтүүгө даяр

Кыргызстан Москва же ЖККУ сунуш кылса, Орусиянын Канттагы авиабазасын кеңейтүүгө даяр. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев РИА Новостиге берген интервьюсунда билдирди.

“Канттагы базаны сактап туруу биздин туруктуу позициябыз. Эч кандай келишимди кайра кароо маселеси жок”, – деди Казакбаев.

Ал арада президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун алгачкы чет элдик визити Орусияга жасала турганы маалым болду.

Жогорудан маалым болгондой, учурда Кыргызстан толук түрдө Орусиянын көзөмөлү астында саясат жүргүзүүгө мажбур абалда. Анткени, буга чейин Жапаров өзү билдиргендей, бийлик башына келген адам келээрде эле көз каранды абалда такка отурат. Буга учурда өлкөнүн экономикалык жактан артка кетүүсү жана миллиондон ашык жарандын Орусияда эмгектенүүсү негизги себептерден болуп калууда. Эгерде кыргыз бийлиги Орусиянын талаптарын аткарууну кечиктире баштаса, дароо эмгек мигранттарына басым күчөйт. Кыргызстанды ЕАЭБге алып кирүүдө да Орусия бийлиги мигранттар проблемасынан пайдаланган. Буга кошумча, каржылык жана соода-сатык мамиледе да кысымга учурашы толук мүмкүн. Бирок, бийлик ээлеринин Орусияга жагалданган мындай кадамдары кайрадан элдин нааразылыгына түрткү болушу мүмкүн. Бул нааразылык Батыш күчтөрү тарабынан колдонулуп, кайрадан баш аламандыктарга себеп болушу ыктымал. Андыктан, ири мамлекеттердин өлкөбүздү өз олжолоруна айлантуу үчүн ар түрдүү колонизаторлук ыкмаларына жол бербейли. Ошондой эле аткаминерлерди кыянаттык кадамдардан эскертип, жакшылыкка чакыруу вазыйпабызды так аткаралы.

Акыйкатта жеңиш Ислам динибизди турмушка алып келүү менен гана болот. Ошондо гана үммөттү державаларга күнкор абалдан алып чыгып, адилеттүү башкаруу менен бакубат жашоого жете алабыз. Бул үчүн Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын тарыйкатынан кыйшайбай пикирий жана саясий күрөштү тынымсыз алып баруу шарт. Бул пикирий-саясий күрөштөр бузук саясий чөйрөнү оңдоого же жаңы калыс мусулмандардан турган саясий чөйрөнү калыптандырууга каратылышы керек. Ошондой эле коомго үстүбүздө колдонулуп жаткан капиталисттик системанын зулумдугу Исламды колдонуу менен гана токтой турган түшүндүрүп баруу шарт.

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Исламдагы сыпааттардын негизи

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Исламдагы сыпааттардын негизи Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…

5 hours ago

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?!

Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…

1 day ago

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы?

Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…

1 day ago

Трамп ок атууну токтотуу туурасында кырсыктуу абстрактуу планды жолго коюуда

﷽  Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…

3 days ago

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу?

Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…

4 days ago

Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…

5 days ago