Жаңылыктар

Жээнбеков парадга катышуу үчүн Москвага учуп кетти

Жээнбеков парадга катышуу үчүн Москвага учуп кетти

 Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 23-июнь күнү Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн Москвага учуп кетти.

 Президенттин сайты кабарлашынча, бул сапар РФ президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен ишке ашырылган.

Президент Жээнбеков сапардын алкагында Москванын Кызыл аянтындагы аскерий парадга катышат.

Комментарий: Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Путин менен боло турган жолугушууга куру кол баргысы келбеген окшойт. Ошол себептен да 22-июнда Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы келишим ратификацияланышын тастыктаган документке кол койду. Аталган протоколдо Россиянын Кыргызстандагы бириккен аскердик базасы турушунун макамы жана шарттары жөнүндөгү макулдашууга кошумчалар киргизилген. Ал протоколго Владимир Путиндин Бишкекке сапары учурунда 2019-жылдын 28-мартында кол коюлган эле. Жогорку Кеңеш 2020-жылдын 11-июнунда аталган документти үч окууда кабыл алып берди.

 Кыргызстандагы президент башчылыгындагы жетекчи топ Россияга көз каранды болбостон өз алдынча саясат жүргүзүү жөнүндө ойлонуп да коюшпайт. Ошол себептен да Россия эмнени талап кылса, анын буйруктарын каяшасыз аткарып келишет. Кыргыз-тажик же кыргыз-өзбек чек арасында бир метр жер үчүн боордош элдерге каршы курал колдонууга чейин жетип бара турган “эгемендүү” мамлекет Россияга гектарлаган жерди кош колдоп тапшырып жиберет. Жерди берип жибергени аз келгенсип, “авиабазанын учуп-конуу тилкеси Россияга өтүп кетти, бирок анын алдындагы жерлер өзүбүздө калды” деген билдирүүлөрдү берүүдөн да уялышпайт. Ооз көбүртүп жар салып жаткан ижара акысын өндүрүүгө келгенде болсо Россиянын каш-кабагына карап турушат. Эми болсо Россия 2012-жылдан бери төлөбөй жаткан ижара акысын жаңы келишимге кошуп өндүрүп алуудан үмүттөнүп жатышат. Эл өзүнүн келечегин ишенип тапшырып койгон жетекчи топтун абалы ушундай.

 Абдурахман Адилов

turkistonkg

Recent Posts

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби?

Ички дүң өндүрүш 1,5 триллион сомго жетти калктын жашоосу жеңилдедиби? Улуттук статистика комитети 2024-жылы Кыргызстандын…

14 hours ago

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү

Борбордук Азиянын Америка үчүн маанилүүлүгү АКШнын Борбордук Азияга болгон көз карашы башка мусулман өлкөлөрүнөн айырмаланып…

15 hours ago

Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Бейиштин эшиктери кылычтардын көлөкөсүндө Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис…

1 day ago

Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент

Басма сөз баянаты Сүкүт кылгыс кооптуу прецедент Козголоң башталгандан бери кооптуу прецедент ушул болду –…

2 days ago

«Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси

Басма сөз баянаты «Халифалык – Исламдын башкаруу түзүмү» деп аталган баян жана Умматтын ага мамилеси…

2 days ago

Таъзия

Таъзия Даъватты көтөрүп чыккандардын бири дүйнөдөн өттү ﴿مِّنَ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ رِجَالٞ صَدَقُواْ مَا عَٰهَدُواْ ٱللَّهَ عَلَيۡهِۖ…

2 days ago