Орусия кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүүгө ортомчу болот
Орусия кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Анын айтымында, Тажикстан менен Кыргызстан ортосунда чек арадагы курч кырдаал биринчи жолу болгон жок.
«Биз союздаштарыбызды диалог жүргүзүүгө, күч колдонуудан алыс болууга чакырабыз. Өзүбүздүн ортомчулук кызматыбызды сунуш кылууга даярбыз. Кырдаал канчалык тез тынчыса, ошончолук жакшы болот», – деди ал.
Эске салсак, саясий кырдаалга байланыштуу кыргыз-тажик чек арасында мезгил-мезгили менен чыр чыгып келет. Айрым учурда башаламандык ок атууга чейин жетип, адам өмүрү кыйылган учурлар да кездешет. Маселен, 24-майда ок атышуу менен коштолгон жаңжал Кыргызстандын Ак-Сай айылы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен Мойнок деген жайлоодо катталган. Андан мурунку жаңжал 8-майда катталып, Кыргызстандын үч жоокери жарадар болгон. Алардын бири оор абалда Бишкекте дарыланууда. Тажик тарап бул окуядан эки жараны жараат алганын билдирген.
Кыргыз-тажик чек арасындагы мындай жаңжалдар СССР кулагандан бери тыйылбай уланууда. Буга СССРдин мураскору Орусия эки өлкөнүн ортосундагы чек араларды тартып жатканда атайылап талаштуу аймактарды калтырганы негизги себеп болууда. Орусия көпчүлүк учурда өлкөдө коомдук маанай бийликке каршы күчөгөндө же өзүнүн басымын өткөрүүдө ушул чек ара көйгөйүнөн пайдаланат. Андан соң ортомчу болумуш этип, эки өлкөгө дос катары көрүнүп, өзүнө карата жакшы маанай пайда кылгысы келет.
Андыктан, биз мусулмандар мындай жаңжалдардан чагымчыл күчтөрдүн оюнуна алданбастан, эки элдин ынтымагын сактоо менен гана аман калабыз. Ошондо гана бизге басым өткөрүп жаткан Орусия менен анын өкүмүн аткарып жаткан биздин бийликтердин ниеттери таш кабат.
Мумтаз Маверанахрий
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…