Кыргызстан Кытайдан карызды төлөөдө жеңилдик берүүнү суранды
Кыргызстандын тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков кытайлык кесиптеши Ван И менен 26-майда телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда карызды төлөө маселесин талкуулады.
Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Чыңгыз Айдарбеков коронавирустун Кыргызстандын экономикасына тийгизген таасирин эске алып, кызматташы Ван Ини Кытайга карата мамлекеттик карызды төлөөдө жеңилдик берүү жагына көңүл бурууга чакырган.
Апрель айында президент Сооронбай Жээнбеков да Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кытайдан алынган карыздарды төлөөдө жеңилдик берүүнү суранган.
Комментарий: Расмий кабарларда айтылышынча, Кыргызстандын тышкы карызы 4 миллиард 700 миллион доллар. Бул карыздын 1 миллиард 700 миллион доллары Кытайдан алынган. Каржы министрлигинин кабарына таянсак, Кыргызстан үстүбүздөгү жылы тышкы карыздарды төлөө үчүн 28 миллиард сом (350 миллион доллар) бөлүшү керек. Алгач Жээнбеков, эми болсо тышкы иштер министри Кытайдан карызды төлөөдө жеңилдик беришин суранышына караганда, төлөнө турган тышкы карыздын чоң бөлүгү Кытайга берилиши керек. А бирок, Кытай өкмөтү азырынча Жээнбековдун суранычына эч кандай мамиле билдире элек. Кытай берген карызынан баш тартпастыгы анык, болгону карызды кайтаруу мөөнөтүн узартышы мүмкүн. Ошондо да Кытай мунун акысына Кыргызстандан бирер нерсе талап кылат. Мисалы, өз кезегинде Кыргызстан БУУда Кытайдын Шинжаңдагы саясатын колдоп чыгып, ушул аркылуу Кытайдын алдында “тили кысык” экендигин ачыктаган.
Белгилүү болгондой, Кытай сыяктуу ири мамлекеттер эч качан Кыргызстан сыяктуу “үчүнчү дүйнө” өлкөлөрүнө өнөржайды өнүктүрүү үчүн карыз беришпейт. Себеби, алар карыз берүүдөн мурда бул каражатты маданият, инфраструктура же спорттук комплекстер сыяктуу мамлекетке киреше алып келбей турган тармактарга сарптоо шарты менен беришет. Ошентип карызды төлөө убагы келгенде, алынган карыз тургай, анын үстөк пайызын төлөөгө да алсыздык кылып калган мамлекет колонизатор мамлекетке көзкаранды болуп калат.
Абдурахман Адилов
18 жашка чыга электерге никеге турууга толук тыюу салуу сунушталды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция…
Кыргызстан күч түзүмдөрү Хизб жигиттерин адамгерчиликсиз кыйноолорго алууда Кыргызстан күч түзүмдөрү УКМК башчылыгында 26-ноябрь күнү…
Доктор Кунайбинин Сириядагы акыркы кырдаал тууралуу билдирүүсү Доктор Ияд Кунайби Сирияда жүз берген окуялар жана…
Мамлекеттик карыз жети миллиард долларга жакындады 2024-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 6 млрд 617…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Амирлик (экинчи бөлүк) Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен” берүүбүздүн жаңы чыгарылышын…