Коронавирус: Мыйзам бузгандарга 180 миң сомго чейин айыппул салынат
11-майдагы онлайн брифингде Бишкек мэри Азиз Суракматов 11-майдан баштап күчүнө кирген «Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» жана «Жарандык коргонуу жөнүндө» мыйзамдардагы өзгөртүүлөр күчүнө киргенин белгилеп, анда карантиндик эрежелерди бузгандарга ири өлчөмдө айыппул каралганын билдирди.
Анын айтымында, санкциялар катаалдашты. Айыппулдун өлчөмү кылмыштын, жоруктун оордугуна жараша 1 000ден 180 000 сомго чейин жетиши мүмкүн. Өзгөчө беткап тагынуу боюнча көңүл бурулат. Беткап тагынбагандарга 1000ден 5000 сомго чейин айып каралат. Санкцияларды салуу укугу дарыгерлерге, санитардык дарыгерлерге жана ички иштер органдарына ыйгарылды.
Суракматов буга чейин комендатура берген өткөрмө кагаздарынын мөөнөтү бүткөнүн, эми жумушка чыгууга уруксаты барлардын колунда жумушунан берилген, жергиликтүү салык кызматынын же акимчиликтин мөөрү басылган маалымкаты болууга тийиш. Жеке ишкерлер патент алышы зарыл экенин кошумчалады.
Өкмөт элди жумушсуз карантинде камап жатканы аз келгенсип, эми элдин эсебинен жыртылган бюджетти толтуруу камын көрүп жатат. Буга чейин өкмөт эл аралык уюмдардан алган карыздардын эсебинен бюджеттин чыгаша бөлүгүн жабаарын билдирип, бир катар уюмдар каражатты которгону айтылган. А бирок, калктын салыгынан төлөнө турган бул карыздардын кайда иштетилгени тууралуу отчёттор жашыруун калууда. Бийликтин мындай аракеттери калк арасында катуу нааразылыктарга себеп болуп жатат. Ал аз келгенсип пенсия, жөлөкпул жана айлык маселесинде кыйынчылыктар пайда болушун да эскерткен жайы бар.
Түпкүлүгүндө, калкка карата мындай зулумдук үстүбүздө империалисттик саясатка негизделген капиталисттик түзүмдүн колдонулуп жатканы себептүү жетип жатат. Анткени, капитализм капиталисттердин байлыгына таянгандыктан алардын акы-укугуна өзгөчө көңүл буруп, карапайым калк жакырчылык артынан жакырчылыкка батып барышына маани бербейт. Мындай абал дүйнөлүк пандемиянын учурунда өзгөчө көзгө урунуп жатат. Маселен, Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 500 млн доллардын тегерегинде дефицитке учурашы күтүлүп, аны эл аралык уюмдардын пайыздуу карыздары менен жабат. Бирок, аталган каражаттын бир бөлүгү бийлик ээлеринин сол чөнтөгүнө сомолуп кетиши да айдан ачык. Мындай абалга аталган эл аралык уюмдар да кызыктар. Анткени, алар колониядагы мамлекетти карыз кылуудан сырткары, аны кризиске батыруу жана ачарчылык келтирип чыгарууну да максат кылат.
Мумтаз Маверанахрий
Эмне үчүн мусулмандар экономикалык маселелерин чечүү үчүн өз дининин өкүмдөрүн колдонушпайт?! Мусулман болбогон адамдар да…
Кыргызстан саясаты Кытайга таянабы? Кыргызстан президенти Садыр Жапаров 4-февралда Кытай лидери Си Си Цзиньпиндин чакыруусу…
﷽ Мына ошентип, яхудийлер Газада жасаган үрөй учурган массалык кыргындан жана ойрондулуктардан кийин, мусулман акимдери…
Исламда маркумдун органын алмаштырууга болобу? Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештеги жыйын учурунда көз…
Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Газа элинин көчүрүлүшү тууралуу Суроо: “Аль-Жазира” 2025-жылдын 26-январында өзүнүн сайтына төмөнкү…
Бисмиллаахир рахмаанир рахиим Асыл хадис менен Абу Жахилдин өлтүрүлүшү Урматтуу бир туугандар “Асыл хадис менен”…