Жаркыраган тарыхыбыздын алгачкы убактарын кайтаргыла
Немис тарыхчысы Зигрид Хунке өзүнүн «Араб күнүнүн нуру Батышка чейин жайылды» деген китебинде Европадагы ооруканалардын абалын Халифалык мамлекетиндеги абалга салыштырып мындай дейт:
«Франктар мамлекетинде алгачкы ирет курулган ооруканалардын эң жакшысы «Hotel Dieu» ооруканасы болгон.
Ал жерде ооругандардын тыгындыгы жана саман салынып, жерлерде жатканы кишини таң калтырат… Чынында эле ошондой болгон.
Азык-түлүк өлчөмүнө келсек, ал өтө аз берилген… Ооругандар дарыланган ушундай имарат зыянкеч курт-кумусркага толуп ташкан. Анын үстүнө, имараттын ичи абдан сасык болуп, жан чыдагыс эле. Ал тургай, ал жерде иштегендер да ооз-мурундарына нымдалган мата жаап киришкен. Ооругандардын каза болгондору ал жерден башка жерге көчүрүлгөнгө чейин жыйырма төрт саат, кээде андан да көбүрөөк калтырылып, башка ооругандар өлүктөр турган жерлерден чыгууга мажбур болушкан».
Мунун тушунда жазуучу Куртубадагы бир француз оорулуунун Франциядагы атасына жазган катынан цитата келтирет: «Сүйүктүү атаке, акча керек болсо менден сурай бергиниң. Айтарым, ооруканадан сакайып чыксам – бул жерден чыгарым менен иштөөгө мажбур болбошум үчүн – мага жаңы кийим менен беш алтын тыйын беришет экен. Андыктан, эми жандыктарыңды сатышыңа зарылдык жок. Бирок, мени көрмөкчү болсоң, батыраак кел, мен азыр сөөк хирургиясы (травматология) бөлүмүндө жатам. Оорукананын чоң дарбазасынан киргениңде тышкы түштүк залдан өтөсүң, ал жер поликлиника борбору экен, мен кулаганымда биринчи ошол жерге алып келишти. Ал жерде ар бир оорулуу дарыгерлердин жана алардын медициналык жардамчыларынын алгачкы кароосунан өтөт. Оорулуунун абалы ооруканада жатып дарыланууну талап кылбаса, алар үйдө дарыланышы үчүн дары-дармек жазып берилип, ошол документке ылайык дарыканадан дары алат.
Мага медициналык жардам көрсөтүшкөндөн кийин ысымым ооруканага жазылып, башкы дарыгердин кароосуна тапшырышты, кийин мени медициналык кызматкерлер көтөрүп, эркектер жаткан бөлмөгө алып келишти. Алгач жылуу мончо кылышты жана оорукананын таза кийимин кийгизишти…
Бул жерге келгениңде сол тарапта чоң имаратты көрөсүң, ал жердеги чоң залда башкы дарыгер медицина студенттерине сөз сүйлөйт. Арткы тарапка карасаң, өтмөк көрөсүң, ал аялдар бөлүмүнө алып барат. Ошондуктан, оң тарапка барышың керек. Ал жерде ички залга жана өтмөккө туш келесиң, өтмөк бойлоп жүрсөң биздин хирургиялык бөлүмүбүз бар. Ал жерде бир залдан музыканын үнүн угасың, ошол залга кирип кара, ичинен мени табасың. Биз музыкаларды угуп жатабыз, убактыбызды пайдалуу китеп окуу менен өткөрөбүз… Бүгүн эрте менен адаттагыдай көптөгөн жардамчыларынын коштоосунда башкы дарыгер келди. Мени текшерүүдөн өткөргөн соң, бөлүмүбүздүн дарыгерине бир нерселерди айтып жаздырды, түшүнө албадым. Ал чыгып кеткен соң, дарыгер мага түшүндүрүп, эрте менен ордумдан турушум мүмкүндүгүн, жакында ооруканадан сак-саламат чыгып кетишимди айтты. Кудай акысы, бул жерден чыгууну каалабайм. Себеби, бул жерде бардык нерсе жакшы жана өтө таза… Мисалы, жумшак керебет, үстүнө аппак жибектей жагымдуу шейшеп жана жамынчылар төшөлгөн, мамык жаздыктар коюлган. Оорукананын ар бир бөлмөсүндө суу агып турат, жыргап ичесиң. Кечинде салкында бөлмөнүн эшиктери жабылат. Тамактарын айтсаң… ар күнү тоок эти, мал эттери берилет, курсагың тойгуча жейсиң… Ошон үчүн, батыраак кел, атаке …».
Роя гезити, №283, 2020-жыл, 22-апрель.