Коомдо экономикалык тең салмактуулукту сактоо

429
0

Исламдагы экономикалык түзүм:

Коомдо экономикалык тең салмактуулукту сактоо

Ырызкы берүүчү Аллах. Аллах Таала ырызкыны адамдарга Өзү каалагандай берет. Ошондуктан, бул сыноо дүйнөдө ырызкысы кеңдер жана аларга салыштырмалуу ырызкысы кемдер болот. Бул ырызкы жаатында биз ыйман келтиришибиз важиб болгон акыйдага тиешелүү жак. Ал эми, пенделердин амалдарына тиешелүү жагына келсек, пенделер “ырызкы ушундай бөлүштүрүлгөн экен” деп, байлыкты өздөрү каалагандай байлыкты сапырбашы же суздашып жатып албашы керек. Балким, бул жааттагы өкүмдөргө амал кылуулары важиб.

 Мындай шаръий өкүмдөр Исламий экономикалык түзүмдө камтылган жана анда коомдук  тең салмактуулукка өзгөчө этибар берилген. Бул дегени байыганга тыюу салынат дегени эмес о.э. бардык адамдардын байлыгы теппе-тең болот дегени да эмес.

Ар бир адам жашоо укугуна ээ. Демек, жашоого кимдир бирөөнүн белеги жана ырайымы деп эмес, балким, Аллах Таала тарабынан берилген бир укук деп кароо керек. Ушул укук алкагында, адамдар адал жолдор менен байыганга шыктандырылат жана натыйжада байыганга жөндөмдүүлөр байыйт. Бирок, ушул эле учурда, ар кандай себептер менен жакыр адамдардын болушу да табийгый. Бирок, алар байлардын алдында өздөрүн милдеткор сезип жашабашы керек. Бул жаатта Ислам көптөгөн шаръий өкүмдөрдү жолго койду. Жана алардын колдонулушу менен коомдо экономикалык тең салмактуулуктун сакталышы да жүзөгө чыгат.

Кандайдыр бир себептер менен коомдо экономикалык тең салмактуулук пайда болсо, мамлекет дароо тең салмактуулукту жүзөгө келтириши важиб. Ал төмөнкүдөй көрүнүштөрдө ишке ашат.

– Коомдо байлыктын бир ууч адамдар колунда топтолуп калышынын алды алынат. Эгер байлык бир ууч адамдардын колуна топтолуп калса, анда мамлекет алардын байлыгы адамдар арасында ылайыктуу шартта айланышына мажбурлоочу иш-чараларды кылат. Мисалы, ун өндүрүшү тармагында бир адамдын иши илгерилеп, ага атаандаш жок болуп калса жана адамдар анын ырайымына тигиле турган болуп калышса, мамлекет дароо өзү мамлекеттик ун өндүрүүчү ишкана куруп, адамдарды ылайыктуу баада ун менен камсыздоого киришет. Ушул эле учурда адамдар жумуш менен да камсыздалып, башкаларга көз карандылыктан чыгат.

Капитализмде болсо мунун тескериси. Азыр көрүп турганыбыздай, “короновирустан жабыркаган компанияларга жардам берүү керек, анткени, өндүрүш ушуну менен тикеленет” деген шылтоо менен, бийликтеги адамдар өз компанияларына мамлекеттин эсебинен жардам берүүлөрдү баштады жана ушуну менен эми аларды монополист кылып коюшат.

Ушул сыяктуу дагы бир мисал. Азыр Бишкекте тест-анализ алууну жалгыз Бонецкий лабораториясына тапшырып коюшту. Адамдар анализ тапшырыш үчүн ага 2000 сом акча төлөйт. Демек, карантинден кийин ачыла турган ишканалардын бардык кызматкерлери ага акча төлөп, текшерилип, анан иштөөгө урухсат алат. Негизи, ырас мамлекет тарабынан ушундай талаб болгон соң, анда мамлекеттик лабораториялар муну акысыз ишке ашыруулары керек эле. Ансыз деле байып келген лабораторияны адамдар чөнтөгүнөн дагы да байытпай.

– Жана да мамлекет мухтаж жарандарга өзүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүнөн бөлүп берет. Мисалы, турак жай менен камсыздоодо мамлекет мухтаждарга жер ажыратып берип, алардын шаръий курулуш ширкаттарын түзүп алышына, муну менен үйлөр куруп алышына жардам берет ж.б.у.с.

– Дыйканчылык үчүн мамлекет өз мүлкүнөн мухтаждарга жерлер ажыратып берип, аларды иштетүүгө каражаттар бөлөт.

– Мамлекет байлар акчаны казына (канз) кылып топтоп алышына тыюу салат. Эгер байлардын казына кылып басып жатканы аныкталса – ал тургай зекети берилген болсо да – конфискация кылып таштайт. Ошондуктан, байлык базардан чыгып кетпестен, адамдар арасында экономикалык артерияда айланып турат.

Мына ушул шаръий өкүмдөрдүн аткарылышы менен, ушундай көрүнүштө коомдо экономикалык тең салмактуулук сакталып турат.

Абдулхакийм Караханий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here