Жаңылыктар

Европа Биримдиги да Кыргызстанга кызыгууда

Европа Биримдиги да Кыргызстанга кызыгууда

Европа Биримдиги Кыргызстанга коронавируска каршы көрүп жаткан аракеттери үчүн 36 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабар таркатты.

Маалыматка ылайык, бул каражат грант түрүндө берилет жана жеке секторго жардам берүүгө жумшалат. Каражаттын 30,8 миллион евросу бюджеттин тартыштыгын азайтыш үчүн казынага которулат.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эл аралык финансы институттарынан келген карыздардын көлөмү болжолдуу түрдө 450 миллион АКШ долларын түзөөрүн, бул каражат бюджетти жана бизнести колдоого багытталарын айткан. Финансы министрлигинин алдын ала божомолу боюнча быйыл бюджеттин киреше бөлүгү 30 млрд сомго чейин толбой калышы мүмкүн.

Белгилүү болгондой капиталисттик түзүм пайдага негизделип, ири мамлекеттердин жакыр өлкөлөргө берген жардамы колонизаторлук саясаттын негизинде жүрөт. Мисалы, Евробиримдик буга чейин Чыгыш Европа өлкөлөрүнө, Туниске жана Иорданияга бир жыл ичинде 3 млрд. евро жардам бере турганы айтылган. Анын 1,2 миллиарды Украинага бөлүнөт. Мындан Евробиримдиктин аталган өлкөлөрдө кызыкчылыгы дагы да үстөм экени белгилүү болот. Анткени, аталган аймактарда Европа менен Американын таасир талашуусу кайчылашат.

Ал эми Европанын Кыргызстандагы кызыкчылыгы биримдиктин берген жардамындай эле суз экени белгилүү. Бирок, акыркы учурда Кыргызстанга карата кызыгуусу күч алганын байкоого болот. Түпкүлүгүндө алар жардамдарынын аркасынан өкмөттү бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү талап кылышат. Бул өзгөртүүлөр алардын инвестор беткабы менен өлкөгө кирип келип, мамлекеттин байлыктарын ташып кетүүсүнө шарт жаратат. Буларды ишке ашырууда өздөрү даярдаган кадр жана студенттерден өнүмдүү пайдаланышат.

Мумтаз Маверанахрий

turkistonkg

Recent Posts

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

1 day ago

Газа жалгыз калдыбы?!

Басма сөз баянаты Газа жалгыз калдыбы?! Кыргын, ойрондулук жана курчоо Газада кадыресе көрүнүшкө айланып калды.…

1 day ago

Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок кыла турган жалынды алоолонтушу керек

Басма сөз баянаты Шам тогутунун камактарында ачыкталган үрөй учурган көрүнүштөр Уммат перзенттеринин жүрөгүндө өкүмдарларды жок…

2 days ago

Электрондук соода

Бисмиллаахи рахмаанир рахиим Суроо-жооп Электрондук соода Ассаламу алайкум уа рахматуллоохи уа баркатуху. Аллахым өмүрүңүзгө береке…

2 days ago

Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Бардык мусулмандарга, өзгөчө Шам калкына кайрылуу!!!  Аллахка мактоолор, Расулуллахка жана Ал…

2 days ago

Жаңы жылды майрамдоо – харам

Жаңы жылды майрамдоо – харам! Мусулмандардын коргоочусу, шариятты колдонуучу Ислам мамлекети жок болгон бүгүнкү учурда Ислам…

3 days ago